Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:07

Республикалык партиянын атынан президенттикке талапкер болгону жаткан сенатор Жон Маккейн президент Буштун тышкы саясатын активдүү колдогондордун бири катары белгилүү болгон. Бирок ал жакында Лос-Анжелесте сүйлөгөн сөзүндө бир катар маселелерде азыркы администрациянын позициясынан кыйла айрымаланган көз караштарын билдирди. Демократиялык партиянын өкүлдөрү сенатордун сөздөрүн ортодо олку-солку абалда турган шайлоочуларды өз тарабына тартуунун аракети катары баалашты.

Сенатор Жон Маккейн,атап айтканда, АКШнын Киото протоколуна кошулушу керектигин, Гуантанамодогу аскери базаны жабуу зарылдыгын белгиледи. Россияны ал “реваншисттик мамлекет” деп атады жана аны “чоң сегиздин” тобунан чыгарууга чакырды. Жакынкы Чыгыштагы авторитардык режимдерге азыркыдан кыйла катаң мамиле жасоо керектигин эскертти. Буга кошо АКШ өзү жалгыз дүйнөдө эркиндикке негизденген тынчтык орното албай турганын да моюнга алды. “Биздин улуу державалык абалыбыз баарын эле дамамат өзүбүз каалагандай жасай алабыз дегенди, буга акылыбыз да, билимибиз да толук жетет дегенди билдирбейт. Демократиялык союздаштардын көз караштарын урматтап, аларды уга билишибиз зарыл”, - деп айтты Маккейн.
Ушул ойго улай “Демократиялар лигасын” түзүүнү, ага жүздөй өлкөнү, алардын ичинде Евросоюздун мүчөлөрүн, Индияны,Японияны,Австралияны,Бразиялияны,Түштүк Корея менен Түштүк Африканы,Түркияны жана Израилди кошууну сунуш кылды. Мындай лига, Маккейндин эсебинде, Иран өңдүү чогоол өлкөлөрдү жазалоодо Кытай менен Россияны вето салуу укугунан ажыратмак. Сенатор ошондой эле Евросоюз менен АКШ ортосунда эркин соода келишимин түзүү идеясын колдоду.
Деген менен сенатордун ушул жана башка идеялары баарын эле ийитип,баарын эле муютуп салган жок. Эл аралык саясат боюнча таанымал илимпоздордун бири Анатол Ливен, мисалы, The Financial Timesтагы макаласында “Маккейндин президент болушу дүйнөнү коопко саларын" эскертти. Ливен жакында жарык көргөн китебинде Маккейнди “демократияны дүйнөгө күчкө салып таркатууну көздөгөн” неоконсерватизмдин реалдуу кейипкери деп атаган эле.
Маккейндин сөзүнө быйыл күздө анын башкы атаандашы болуп калчулар да илгиртпей тил кайрышты. Демократ-сенатор Барак Обама, маселен, Буштан Маккейндин айрымасы жоктугун айтып, кокус ал Ак үйгө келип калса, анда “бул Буштун үчүнчү мөөнөткө шайланганы болот” деп какшыктады. Демократиялык партиянын улуттук комитетинин башчысы Ховард Дин болсо “Маккейн мурда президент Буш менен бирге Иракка аскерлерди киргизүүнү колдоп, эми аларды аерде дагы жүз жылга калтыруу керектигин айта баштаганы” үчүн сынга алды.
Жаңы Америка фондусу деп аталган саясий аналитикалык борбордун президенти Стив Колл эмдиги жылы бийликке ким келбесин, анын азыркыдай тышкы саясат жүргүзгөнгө резерви чектелүү болорун эске салды. Дарфур же Ооганстан болобу, Иракпы же Иранбы, айтор, чет жакта активдүү саясат жүргүзгөнгө огожо боло турган аскери жана улуттук көрөңгө, Коллдун болжолунда, 2009-жылга барып чукак тарта баштайт. Күзгү жалпы шайлоо өнөктүгүндө да эки партиянын талапкери өздөрүнүн идеяларын чактап айтканга аргасыз болот. Маккейндин көп тараптуу мамилелер тууралуу айта баштаганы, Коллдун баамында, ушунун жышааны.
XS
SM
MD
LG