Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

14:38 Быйыл окуучулар жети эл аралык олимпиадага катышышат


Бул туурасында билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын курама командалары эл аралык сынактарда өзүн татыктуу көрсөтөөрүнө ишенич чоң. “Алгачкы жыйынтыктар ийгиликтүү болууда. Жакында Алматыда өткөн физика-математикалык олимпиадада кыргыз окуучулары эки күмүш жана бир коло медаль алышты”, - деди министр. Быйылкы жылы математика боюнча эл аралык сынак Мдаридде, физика боюнча олимпиада Уланбатор менен Ханойдо, химия боюнча – Будапешт менен Ташкентте, информатика боюнча – Каирде, ал эми орус тили жана адбияты боюнча олимпиада Москвада өтөт. Кыргызстандын курама командалары республикалык олимпиаданын 145 жеңүүчүсүнөн түзүлмөкчү. (JTo)

XS
SM
MD
LG