Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:07

ОРУСИЯДА КОРГОО МИНИСТРИ МЕНЕН ГЕНШТАБ БАШЧЫСЫ ТИРЕШҮҮДӨ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиялык Коргоо министрлигинин жетекчилигинде орун алган олуттуу жаңжал туурасында агенттиктер билдирип жатышат. «Известия» жазганга караганда коргоо министри Анатолий Сердюков жүргүзгөнү аткан реформага каршы чыккан офицерлердин оппозициясы пайда болгон.Жаңы жетекчинин реформалоо планына ылайык коргоо министрине таандык өлүү мүлктөрдү менчик ээлерине убактылуу берип, андан түшкөн кирешеге аскер кызматындагылар үй жай менен камсыз кылынмак. Андан тышкары тылда иштеген аскерий журналисттер, юристтер, врачтар жана башка адисттер атуулдук шартка которулмак. Мындай өзгөрүүлөрдү кабыл алгысы келбегендердин ичинде Генштаб жетекчиси генерал Юрий Балуевский да бар. Ал ошол себептүү кызматынан кетүү арызын Владимир Путинге киргизген. Агенттиктер божомолунда жаңы шайланган президенттин инаугурациясы өткөнгө дейре анын арызына кол коюу болгон эмес.



Генштаб жетекчиси генерал Юрий Балуевский

Орусиялык басылмалар жазганга караганда армиянын генералы Юрий Балуевский менен коргоо министри ортосунда пайда болгон пикир келишпөөчүлүк ырбоонун үстүндө. Ошол себептүү ал Орусиянын куралдуу күчүнүн жетекчиси Путиндин атына кызматынан чегинүү тууралуу арызын жөнөткөн.
Ээлеп турган кызматы боюнча алганда генерал Балуевский өлкөнүн армиясынын эң чокусунда олтурган жетекчи. Жакынкы жылдардан тарта Кремль бийлиги куралдуу күчтөрдү тейлеген министрди атуулдук кишилерден дайындаганга өткөн. Мындай жагдайдын аскер башчыларына жага бербеши араздашууну жаратып атат дешет. Аскерий эксперт Александр Гольц айтканга караганда, Орусиянын аскерий башкаруу системасы мурдагы советтик доордогудай. Генералдык штаб стратегиялык пландоону да, аны кийин иш жүзүнө аткаруучу аскердик күчтөрдү да өзү башкарат. Ошону менен катар мындай ык менен куралдуу күчтү башкаруунун коркунучтуу да жагы бар. Эмне дегенде ал түбү жүрүп өлкөнүн саясатын милитаризациялоого алып барат.

Бийликке Путин келгени аскерий жаат алып аткан каражат өлкө бүйжетинин ар бир төртүнчү рублине жеткен. Акчалай ала келгенде ал каражат триллион рубль көлөмгө чукулдап барат. 2000-жылы, маселен, аскерий чыгымдарга ортодон 146 млрд руб бөлүнгөн эле. Ошол эбегейсиз каражаттын кийинки учурда кумга сиңген суудай болуп жоголуп атышы бийликти тынчсыздандыра баштаган эле дешет.

Коргоо министри Сердюковдун реформасы ишке ашса анда аскерий жаатта иштеп жүрүшкөн журналисттер, доктурлар, юристтер жана башка адисттердин 70 пайызына чейинкиси атуулдук, бирок ал министрликте иштеп аткан адистер болушуп калмакчы. Экинчиден, министр буйругу менен армиялык өлүү мүлктөр аукциондордон сатылмакчы. Алардын арасында Рублевдук шоссе боюндагы генералдар шаарчасы да бар экен.

«Новая газета» басылмасынын талдоочусу Павел Фельгенгауэр айтканга караганда, генералдар арасындагы кармаштын артында «Кремль жүргүзүп аткан саясатка ич оору болуу да бар». Ошого карабай паракорчулуктан аскерий жаатты куткарат деп Путин койгон жаңы министрдин аракетин дурус деп баа берет:

i>«Сердюковдун аракет кылып аткан реформасынан натыйжа чыгабы жокпу билбейм, бирок анын эч убакта өзгөрүлүү дегенди биле элек аскерий системага өзгөртүү киргизем деген аракетти жасап атышы дурус».
XS
SM
MD
LG