Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:12

ТАҢШЫГАН ЫРЧЫНЫН ТАГДЫРЫ


Белгилүү ырчы Сабира Суранчиева “күлүк күнүндө, тулпар тушунда” дегендей, өз учурунда кыргыз эле эмес, азыркы КМШ, кала берсе чет өлкөлүк угуучуларга дагы аргендей мукамдуу үнү, жадырап жайнаган жүзү, аткаруучулук чеберчилиги менен таанылган болчу.

1956-жыл. Август айы. Сабира орто мектептин 9-классын ийгиликтүү бүтүрүп, 10-класска көчтү. Мектеп босогосун аттаган күндөн басса-турса да, жатса да радиодон уккан ырларды шак илип алып оозунан түшүрбөй созолонто ырдайт. Келечекте атагы таш жарган Сайра Кийизбаева эжедей ырчы болсом деген ак эткенден так этип жүргөндө республикалык газетанын биринен “Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын алдына эки жылдык аваздык (вокалдык) жана хор студиясы ачылат. Ага талантуу улан-кыздар кабыл алынат” деген жарыяны окуйт. Өзүнчө эле кубанычтын кучагына батат. Анан Сайра эне-атасына айтпай, эч ким менен акылдашпай эле документтерин студияга өткөрөт. Тандоо сынагы үч күнгө созулат. Экзаменди Сайра Кийизбаева, Майрам Махутова баштаган эл артисттери алат.

Сабира менен бирге студияга кийинки эл артистери Болот Миңжылкыев, Хусейин Мухтаров, Токтонаалы Сейталиев ж.б. кабыл алынышат. Алар эки жылдык студияны бүткөндөн кийин Маданият министрлиги жолдомо менен бирин Москва, экинчисин Ташкент, үчүнчүсүн Алматы консерваторияларына окууга жиберет. Ал эми Сабираны болсо Маданият министрлиги 1958-жылкы Москвада өтө турган кыргыз адабияты менен искусствонун он күндүгүнө карата алып баруучу болуп иштөө үчүн кыргыз филармониясына жолдомо берет. Ал Москвада өткөн өкмөттүк ж.б. концерттерди орус, кыргыз тилдеринде жогорку деңгээлде алып барат. Бир эле мезгилде филармониянын хорунда ырчы болуп иштейт. Иш дегенде ичкен ашын таштай коюп чуркаган, илбериңки, тунук үндүү Сабира К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде оркестрдин коштоосунда белгилүү обончу Рыспай Абдыкадыровдун “Алмашымын” угуучулардын алдына алгачкылардан болуп ырдап чыгат. Рыспайдын ыры Сабиранын үнүнө, жүзүнө куюп койгондой куп жарашат.

1962-жыл. Декабрь айы. Айтылуу дирижер Асанкан Жумакматов Токтогул Сатылганов атындагы филармониясынын К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру жана көркөм жетекчиси болуп иштей баштайт. Тажрыйбага бай таланттуу дирижер Асанкан Жумакматов Сабира Суранчиева жөнүндө мындайча эскерет:

- Мен 1962-жылдын декабрь айынан баштап филармониянын К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру, көркөм жетекчиси болуп иштеп калдым. Сабира Суранчиева концерт алып баруучу экен. Мен кыргыздын элдик ырларынан ырдатып көрсөм үнү коңур мукамдуу, кебете-кешпири келишимдүү, татынакай экен. Кыргыз ырларын жакшы ырдайт экен. Аны менен көп жыл иштедим. Ал убакта Гүлмайрам Момушевалар жок эле. Концертке жалгыз гана Сабира чыкчу. Сабира жөнөкөй, адамкерчиликтүү. Ал оркестрде иштеген флейтист Сатыкулга турмушка чыкты. Жакшы жашап жүрүштү. Кийин мен филармониядан кеткенден кийин Сабиранын дайынын таппай калдым.

-Сабира айым, ырчылык атагың жумурай журтка белгилүү болуп, өнөрүң өркүндөп турган курагыңда күтүүсүздөн К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин ырчылыкты таштап кетишиңе эмне себеп болду эле?

- Август айынын аягы. К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестри 15 күнгө Ошко гастролго чыкмак болуп калдык. Кызымдын жашы жетип мектепке бармак. Жолдошум болсо мени менен иштөөчү. Оркестрдин башкы дирижеру, көркөм жетекчиси Эсенгул Жумабаевге барып, - кызым окууга барат, бир жолу калтырып койгулачы – дедим. Директорубуз Смар Шимеев эле. Ал макул болду. Ал эми дирижерубуз Эсенгул таптакыр эле көгөрүп: - барасың эле барасың – деп болбой койду. Балдарымды карай турган ата-энем, башка кишим болбогондуктан мен да көгөрүп иштен бошоткула деп арызымды жаздым. Менин иштен кетип жатканымды уккан, билген кесиптештерим кубанып эле калышты. Себеби менин репертуарым артат дегендей башка ырчыларга жол бербей концерттерим дайыма ийгиликтүү өтүп атса кубанышат да. Директорубуз Смар Шимеев чакырып алып: - Сабира бекер кылып атасың. Этти бышырып чыгаарында таштап кеткениң болбойт. Жогору жака наамга көрсөткөн элек. Жок дегенде эмгегиңди алып кетчи – деди. Мен да көгөрүп: - кетем дегенден кийин кетишим керек – деп иштен бошоп кеттим.

- Филармониядан кеткенден кийин кайда иштеп жүрдүң?

- Үйдө бир айдай отуруп калдым. Анан кыргыз телерадио комитетинин төрагасы Асанбек Токомбаевге бардым. А киши жакшы кабыл алып, диктор кызматын сунуштады. Макул болдум. Радиодо 8 жыл иштедим. Жамааты да жакшы кабыл алышты. Кызматкерлери өтө жөнөкөй, директору деле, жумушчусу деле бирдей адамкерчиликтүү экен. Бир гана кызыгы кыргыздын эң белгилүү ырчысы бизге келди, көрөбүз дешип, ашканага барышпай аңдып мени карашат. Мен болсом аябай ыйлап түшкү тамактанууга барбай кабинеттен чыкпайм. Бир айча кыйналдым. Директорубуз Федоров деген аябагандай жакшы киши эле. Баш-аягы радиодо 8 жыл иштедим.

-Сабира айым кыргыздын музыкалык өнөрүндө баш-аягы 20 жылдан ашык иштепсиң. Филармониянын, маданият министрликтин жетекчилери тарабынан кандай турасың, кандай жүрөсүң деп сураган адамдар болдубу?

- Жок. Бир дагы адам сураган жок. Өзүң билесиң “Алымканды” эл аспаптар оркестринин коштоосунда биринчи жолу эфирге ырдап чыккан мен элем. Менин аткаруумдагы ырлардын баары орду-түбү менен жок болду. Мен филармониядан кеткенден кийин элдердин “Сабира кайда кетти. Эмне болду” деген суроолорун газеталардан окуп жүрдүм. Аларга ким жооп берип жүргөнүн билбейм. Мага эч ким келген жок. Бассам-турсам Шимеевдин сөзүн көп ойлойм. “Эл эмгегин жер жебейт” деген сөзгө көп деле ишенбей калдым.
XS
SM
MD
LG