Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

Апрелдин он экисине белгиленген Элдик курултайда --> http://www.azattyk.kg/rubrics/politics/ky/2008/03/3A614E60-C942-4007-9A71-D5BD43AD1222.asp Кыргызстандагы соңку саясий-экономикалык жагдайлар талкууланмакчы. “Азаттыктын” “Бетме-бет” талкуусунда мына ушул маселе - бийлик менен оппозициянын мамиле-катышы, өлкөнүн саясий-экономикалык проблемалары козголду.



Парламент депутаты, “Ак Жол” фракциясынын мүчөсү Зайнидин Курманов.



Кыргызстан социал-демократтар фракциясынын мүчөсү, парламент депутаты Муратбек Жураев.



Талкууну алып барган Бекташ Шамшиев.

Б.Шамшиев:- Бийлик менен оппозициянын мамиле-катышы тууралуу кеп кылсакпы деп турабыз. Бизде курултайды саясий максатка пайдаланып келатышат. Кезектеги курултайды өткөрүүнүн зарылдыгы тууралуy айта кетсек. Муратбек мырза, сөздү сиз баштасаңыз.

М.Жураев: - Бул өзү сөзсүз керек. Көп проблемалар азыркы парламентте айтылбай калды. Үч фракция бар. Алгач анда фракция жетекчилери гана сүйлөш керек деп чыгышкан. Бир же эки гана сүйлөйсүң дешкен. Бул биринчиси. Экинчиси, бизде Конституцияда пикирлерди айтуу, сөз эркиндиги жазылган. Бул керек. Оппозиция, айрым саясатчылар айткандай, казандын капкагы. Боркулдап казан кайнаганда капкагы ачылып турушу керек. Анын ишине тоскоол кылыш туура эмес. Бийлик керек болсо оппозицияга жардам көрсөтүп, пикирин угуп турyшу керек.

Б.Шамшиев: -Зайнидин мырза, курултай өтө электе эле андан чочулагандар көп болуп жатат. Ага жай бербей коюшу мүмкүн экендиги айтылууда. Сиздин оюңузча, курyлтайды ушу азыр өткөрүүнүн зарылдыгы бар беле? Же бул кезектеги саясий оюнбу?

З.Курманов: - Бизде мурдагы замандан калган институттар аз-аздан киргизилүүдө. Мурда бийлердин соту болсо эми элдик сот, парламент жанына коомдук парламент түзүштү. Мунун кандай кереги бар? Бирдеме болсо эле курултай? Антип баары эле курултай болсо парламенттин кереги барбы? Дегеле өкмөттүн, президенттин, конституциялык соттун кереги барбы?

Илгери курултай жылына бир эле жолу болчу. Ага ар бир уруунун башчысы катышчу. Ошон үчүн ал өкүлчүлүк орган эле. Бүткүл элдик бийлик болчу. Эми азыр ал кандай тандалары белгисиз. Досубу, тууганыбы, таанышыбы, ким келгени белгисиз. Ошондон өкүлчүлүк жагы белгисиз. Өтчү курултайдын кемчилиги ошол. Анын мыйзамдуулугу жок болуп жатат. Анын кандай эрежелер менен өтөрү да белгисиз, мыйзам негизинде да бул маселе чечиле элек.

Курултай кээ бир саясатчылардын колундагы оюнчук болуп калды. Чогулуп алышып эле баарын талкуулап жатышпайбы. Туура, антишке алардын укуктары бар. Бирок мамлекетке каршы чыккан, конституциялык түзүлүшкө, элдин коопсуздугуна каршы чыккан маселелерди талкуулоого болбойт. Баары бизде карама-каршы, биз укуктуу мамлекет боло албай жатпайбызбы. Ар кандай суроолорду талкуулап жатышат. Андан бийликтегилер чочулап, тоскоолдук жасап жатышат.



Б.Шамшиев: -Мyрaтбек мырза, азыркы бийлик институттарына атаандаш элдик курултай, элдик сот, коомдук парламент түзүлүүдө. Бул азыркы бийликтин жасап аткан иштери коом талабына жооп бере албагандан чыгып жатабы же болбосо оппозициянын мындан башка бийликке таасир этчү арга-амалы калбай калдыбы?

М.Жураев: - 2007-жылдын апрелинен кийин оппозиция беш-алтыга бөлүнүп кетти. Азыр оппозициянын мурдагыдай күчү жок. Мына кечээ Ф.Кулов пикирин билдирди. Мурдагы позициясынан ал киши 180 градус бурулуп кетиптир. Көп саястачылар пикирлерин өзгөртүп ийишти. Мунун жакшы да, жаман да жагы бар.

Былтыркы көчө жыйындарда көп сөздөр болгон. Мына бизде сот бийлиги. Элдин 80% ага ишенбейт. Элдик курултайда мына ошолор тууралуу сөзсүз кеп болот. Көчөдө жыйын өткөргөнчө курултай өткөргөн жакшы деп ойлойм. Мына кыргыз-казк чек арасы, менчиктештирүү, Аксы окуясы, булардын баарына баа берилиши керек. Маселелер көп, аларды аянтта чечпей курултайда чечиш керек деп ойлойм.



Б.Шамшиев: -Зайнидин мырза, ошол суроону эле берейин. Сиздин пикир кандай?

З.Курманов: - Курултайдын 24-мартты даярдоого кошкон салымын жакшы билебиз. Оппозиция ушул азыр курултай институтун пайдаланууга аракеттенип жатат. Бийлик алдында маселелерди көтөрүп, аны чечүүнүн аракетин көрүп жатат.

Революция жаңыдан башталып аткан чакта курултай институту абдан натыйжалуу болгон. Азыр башка жагдай, революциялык толкун азайып баратат. 2005-жылы 3,5 миңдей жыйындар болгон. 2006-жылы алардын саны 800 түшкөн. 2007-жылы болсо 20 чамалуу. Революция толкуну бүтүп баратат.

Азыркы элдик курултай, элдик сот, элдик парламенттин натыйжасы аз болуп жатат. Булар максатына жетпей калышы мүмкүн. Эгер курултайда стратегиялык милдет чечиле турган болсо ал өз максатына жетер эле.

Мына 17 жылдан бери жарандык коом, бийлик, саясий партиялар карама-каршы келатышат. Социализм заманында Кыргызстан союздук республикалардын 10-орунда болчу. Азыр болсо арткы орунду Тажикстан менен талашып отурган кезибиз. Азыр Кыргызстанда демократиялык институттар дурус өнүгүп жатат. Эгер оппозиция жаман иштесе диктатурага жол ачылып кетиш коркунучу бар. Муну көп өлкөлөрдүн тарыхы далилдеп турат.

Б.Шамшиев: -Муратбек мырза, бийлик оппозициянын жасаган иштерин кинелеп, апыл-тапыл шашылыш жасап жатат деп күнөө тагып келатат. Андай кинеге кабылбаш үчүн курултай даярдыгы кандай жүрүп жатат?


М.Жураев: - Курултайда сөзсүз Аксы маселеси козголот. Мына мен жаңы парламентте иштегениме үч ай болду. Биз туура эмес мыйзамдарды кабыл алып койдук. Бул ошол курлтайда козголот болуш керек.

Мына миграция тууралуу мыйзамды кабыл алдык. Биздин фракция менен коммунисттер фракциясы аздык кылып, “акжолчулар” көптүккө салып коюшту. Биз көп айтып жатабыз. Мына азыр бизде кытайлар көбөйүп кетти. Азыркы кезде 60 000 – 70 000 кытайлар жүрөт. Жөн кытайлар азыркыдай 2000 сом эмес, 40 миң сом, бизнесчилери 25 миң эмес, 250 миң сом төлөсүн, ошондо бюджетке 1 миллиардка жакын акча түшүшү керек.

Бул мыйзам спикер баш болуп, талкуyсуз эле өтүп кетти. Экинчиси, мына суу режими. Аны жаңы келген депутаттар жакшы түшүнбөй жатышат. Ал дагы өтүп кетти. Үчүнчүсүн айтайын, коррупцияга каршы комитет түзөлү дегенбиз. Бул да өтпөй калды. Өтсө экономикабыздын өнүгүшүнө пайдасы тиер эле. Айта берсе мындай маселелер көп. Курултайда ушул маселелер, айрыкча коррупция боюнча сөз болот.

Б.Шамшиев: -Зайнидин мырза, кесиптешиңиздин парламентте туура эмес чечилип калган маселелер элдик курултайда козголот, деген оюна сиздин пикириңиз кандай?

З.Курманов: - Миграция тууралуу мыйзамды качан талкуулаганыбыз азыр эсимде жок. Мен деле колдойт элем. 40 миң эмес 100 миң болсо да колдойм. 2000 сом бул коррупция да. Аны мамлекетке, калган 100 миңди чиновниктин чөнтөгүнө салып коюп жатпайбы. Ал эми суу режимин талкуулашты мен эп көрбөй турам. Бизде Суу кодекси бар. Ал башка мыйзамдардан бийик.

М.Жураев: - Суy режимин мен эмне үчүн козгоп жатам? “Камбарата – 1” ГЭСин сатып алган адам сууну мен каалагандай пайдаланам деп коюшу мүмкүн. Ошон үчүн суу режими мамлекеттин колунда калышын туура деп жатам.

З.Курманов: - Азыр реформа тууралуу көп сөз болoт. Абдан көп сөз. Антип сүйлөп отурбай, ишти алдыга жылдырсак жакшы болор эле. 17 жылда баарын талкалап бүтүрдүк. Эми иштебейлиби? Парламентте кооз сүйлөп, шайлоочулардын көзүнө түшүштү эле ойлобой жакшылап иштесин деген ойдобуз.

М.Жураев: - Антип жакшы көрүнүү бизде, мисалы, менде жок. Болуп жаткан туура эмес иштерди элге жеткирип, бийликти кулакдар кылып койсок деген эле сөз. Бизде, Кыргызстанда мыйзамдар абдан жакшы жазылган. Бирок алар аткарылбай жатпайбы. Мына, “Камбарата – 1” боюнча биз суу режимине мамлекеттен башка эч ким ээлик кылбашына чекит коюу аракетин кылганбыз.

Б.Шамшиев: -Маегиңиздер үчүн чоң ырахмат! Ушуну менен кепти жыйынтыктасак.
XS
SM
MD
LG