Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:54

АПТА ЖАҢЫРЫГЫ: ПРЕЗИДЕНТ КАЙТЫП КЕЛДИ, БОРБОРДУ ОШКО КӨЧҮРҮҮ ДЕМИЛГЕСИ КАЙРА КӨТӨРҮЛДҮ


Өтүп бараткан жумада Кыргызстанда бир топ олуттуу саясий окуялар болду. Жума башында өлкө биринчи жолу Элдик ыңкылап күнүн улуттук майрам катары белгиледи. Ага Германияда эмгек өргүүсүндө жүргөн президент Курманбек Бакиев катышкан жок. Бул президенттин ден соолугуна байланыштуу ушак-айыңды ого бетер күчөттү. Мурунку өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин президенттин саламаттыгы мыкты экени тууралуу билдирүүсү гана ушак-айыңды токтотуп, ал 28-мартта кечинде президенттин Бишкекке келиши менен тастыкталды. Өткөн жумада борборду Ошко көчүрүү демилгесин депутат Мурат Жураев кайрадан көтөрүп чыкты.

Жуманын башында, дүйшөмбү күнү Кыргызстан 24-март Элдик ыңкылап күнүн белгиледи. Буга байланыштуу салтанаттуу жыйын Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда болуп, анда март ыңкылабынын негизги талаптары аткарылганы айтылды. Ыңкылаптын алдыңкы саптарында болгон азыркы коргоо министри Исмаил Исаков ыңкылаптын негизги үч талабы аткарылганын “Азаттыкка” билдирген:

-Биринчи, Акаев кеттиби? Кетмек тургай элин таштап качып кетти. Экинчи, Акаев алып чыккан Жогорку Кеңеш кеттиби? Кетти. Үчүнчү, эл үчүн иштей турган реформа болду. Болгондо да 100% партиялык тизме менен шайлана турган Жогорку Кеңеш түзүлдү. Муну эл колдоп, ишке ашты. Демек ыңкылаптын үч талабы ишке ашты. Эми негизги маселе болгон экономиканы көтөрүүгө шарт түзүлүүдө.

Оппозициячыл саясатчыларда болсо март окуясы боюнча бир жактуу пикир болгон жок. Кезинде Акаевдин эң жакын адамдары болгон, азыркы кезде оппозицияда жүргөн Болот Жанузаков, Осмонакун Ибраимов, Кеңешбек Дүйшөбаев 24-мартты бир жактуу түрдө төңкөрүш катары баалашат. Маселен, Кеңешбек Дүйшөбаев мындай дейт:

-Албетте, конституцияга жатпаган иш болгон. Мамлекеттик төңкөрүш болгон. Мындай бааны мен ошол кезде эле бергенмин. Андан кайта элекмин. Азыр ошондо ынкылап кылдык деп кыйкыргандар өздөрү төңкөрүш болуптур, биз билбей калыппыз деп айтып жатышпайбы. Биз бааны ошондо эле бергенбиз.

Ал эми “Акыйкат үчүн” кыймылга кирген оппозициялык саясатчылар 24-мартка бир жактуу баа берүү эртелик кылат деген позицияда болушууда. Бийлик менен жакыныраак болгон, өздөрүн конструктивдүү оппозиция деп жарыялаган Социал-демократиялык партия болсо 24-мартта ыңкылап болгон, бирок анын жеңиши уурдалып кетти, ал эми ыңкылап уланууда деген пикирде турууда.



Бул арада президенттин 21-мартта Ноорузда, 24-мартта Элдик ыңкылап күнүндө өлкөдө болбой калышы мамлекет башчысынын ден соолугуна байланыштуу ушак-айыңды ого бетер күчөттү. Президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов маалымат каражаттарына интервью берип, Курманбек Бакиев 28-мартта келерин жарыялады. Бирок ал ушак-айыңдын токтоосуна алып келген жок.



Андан кийин Социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаев президенттин ден соолугу мыкты экенин жана аны менен Германияда көрүшүп келгенин жарыялады:

-Түркияга, Германияга иш сапар менен барганмын. Германияга барганга жараша президент менен жолуга келейин дедим. Андай максат коюшума президентке байланыштуу ушактар көбөйүп, тынчым кеткени да себеп болду. Президенттин ден соолугу тууралуу айтаарым, саламаттыгы жакшынакай. Ноорузду дасторкондо чогуу отуруп тостук. Бир бутунун муунунда проблема чыгыптыр. Ошону айыктырышыптыр. Азыр болсо реабилитациялык мезгилде экен. Бассейинге түшүп, машыгууларды өткөрүп жатыптыр. Жакшынакай отурдук, кобураштык, ары-бери бастык.

Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсү коомчулукка таасирин тийгизип, ушак-айыңдардын сээлдешине алып келди.



Жума башында “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов маалымат жыйынын өткөрүп, президенттик администрациянын президент тууралуу жетиштүү маалымат бербеши, эл ичинде ар кандай ушактарды жаралышына алып келгенин белгилей кетти.

Феликс Кулов маалымат жыйынында негизинен азыркы саясий-экономикалык кырдаалдан чыгуунун жолу боюнча пикирин сунуштады. Андан сырткары Кулов ал кезде 29-мартка белгиленип жаткан элдик курултайга катыша албасын билдирди.

Оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймыл 29-мартка белгиленген курултай 12-апрелге которулганын 26-мартта жарыялады. Которуунун себеби катары президенттин мамлекетте жоктугу, буга байланыштуу саясий күчтөрдүн ортосунда маанилүү сүйлөшүүлөрдүн жүрүп жатышы айтылды. Кыймылдын лидерлеринин бири Абдыганы Эркебаевдин айтымында, Курманбек Бакиев өлкөгө кайрылып келгенден кийин ага кайрылуу жасалып, 12-апрелде курултайды өткөрүүгө имарат суралат.

Айрым талдоочулар опозициянын курултайдын мөөнөтүн которуусун 28-мартта президенттин келиши менен байланыштырды. Анткени 28-мартта президенттин келиши менен маалымат каражаттарынын, коомчулуктун көңүлү ага бурулуп, 29-марттагы оппозициянын курултайы көңүл борборунан четтеп калмак.

Саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков оппозициянын өз иш чарасын которуусунун себебин мындайча боолголойт:

-Эми оппозициянын иштери деле оюнчук бир нерсе болуп жатат да сөздүн чынында. Президент жок, президент болбогондон кийин тигиндей болот-мындай болот деген шылтоолорду айтышты. Же болбосо өз ара кандайдыр бир келишпистиктери бар. Андан кийин эми калайык курултай жана башка саясий иштерден жадап бүткөн кез.

Президент болсо айтылгандай 28-мартта кечинде Бишкекке келди. “Манас” аба майданында аны Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр, президенттик администрациянын жетекчиси жана күч министрлери тосуп алды. Президенттин ден соолугуна байланыштуу ушак-айыңдардын күчтүү болгонунун далили катары “Манас” аба майданына 70тен ашуун журналист барды.

Президент учактан түшөөрү менен ден соолугу мыкты экенин билдирип, мындай каалоосун айтты:

-Анан эми мени бир буту тыякта экен деген саясатчыларга меникиндей ден-соолук каалаймын. Өмүрлөрү узун болсун. Мын ушуну чын дилимден айтат элем.

Мамлекет башчысы дүйшөмбү күнү өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусу менен кеңешме өткөрүп, анда алдыга койгон милдеттердин, тапшырмалардын аткарылышын угаарын кошумчалады.



Өтүп бараткан жумада мамлекеттин коопсуздугу жана келечегине байланыштуу олуттуу теманы Жогорку Кеңештеги Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Мурат Жураев көтөрүп чыкты. Ал коңшу мамлекеттерден келип жаткан жылмышкан миграция, оор социалдык-экономикалык абалдан түпкү калктын көчүп кетип жатуусу түштүктү жоготуп алуу коркунучун пайда кылууда, мындай шартта борборду Ошко көчүрүү максатка ылайыктуу деген ойду айтып чыкты.

“Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов да өзүнүн маалымат жыйынында бул маселеге токтолуп, аны чечүү үчүн түштүк региону менен тыгыз иштөөчү атайын вице-премьер-министр кызматын киргизүүнү, Өзгөчө кырдаалдар, Экономика жана соода министрликтерин, Чек ара кызматын, Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигин, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин суу чарба департаментин, Ички иштер министрлигинин паспорт-виза кызматын Ош шаарына көчүрүүнү, Бишкек-Ош аба каттамын жеңилдетүүнү, ишкерлик үчүн региондо өзгөчө шарт түзүүнү сунуштады.

Кыргыз саясатчылары түштүк региондун проблемаларын мына ушинтип көтөрүп жаткан чакта Баткен облусунда тажик кошуналар менен чектен чыккан окуя орун алды. Кыргызстан чек ара кызматынын билдирүүсүнө караганда, 26-мартта Тажикстандын Исфара районунун акими баш болгон 150дөй тажик атуулу Кыргызстан жерине кирип келип, дамбаны бузуу менен суу буруп кетүүгө аракет жасаган. Кыргыз чек арачыларынын курал колдонуу мүмкүнчүлүгү гана кошуна мамлекеттин акимин жана атуулдарын токтотуп калган. Бул окуя боюнча Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги Бишкектеги тажик элчилигинин ишенимдүү өкүлүн 28-мартта министрликке чакырып, тынчсыздануусун билдирди.
Бирок түштүктө чек аралардын аныктала электиги, жумушсуздуктан жергиликтүү калктын Россия, Казакстан жана түндүк региондорго көчүп кетүүсү кырдаалды оорлотууда. Бул абал мындан ары татаалдануу жолунда болот деп эсептейт белгилүү талдоочу Валентин Богатырев:

-Мен ойлоймун кырдаал өтө татаал. Ал эмес, убакыттын өтүшү менен ал жакшырбай, тескерисинче начарлайт. СССРдин убагында калыптанган түштүктүн түндүктөн артта калуусу кыскарбай, кайрадан ого бетер көбөйүп баратат. Андан сырткары түштүк региондон кыргыздардын эмгек миграциясы күчөп, алардын ордуна коңшу өлкөлөрдөн мигранттар келип жатат. Бул түштүктө өтө көп проблемаларды жаратууда.

Богатырев маселени чечүүнүн жолун түштүк региондун экономикалык өнүгүүсүнө атайын жеңилдетилген шарт түзүү, атайын программаларды иштеп чыгуудан көрөт.

Ошентип өтүп бараткан жума президенттин мекенине келиши жана түштүк региондогу кырдаал боюнча талкуулардын жаңы күч менен жандануусу менен жыйынтыкталды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG