Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:51

БАГДАДДА КОМЕНДАНТТЫК СААТ УЗАРТЫЛДЫ


Багдаддагы аскер башчылар бейшембиде шийи согушкерлери менен коопсуздук күчтөрү ортосундагы салгылаштардан улам киргизген коменданттык саатты белгисиз мөөнөткө узартышты. Алгач коменданттык саат 72 саатка киргизилген жана анын мөөнөтү жекшембиде таңга маал аяктамак, бирок ал дагы узартылганы жарыяланды. Анткени радикал шийилердин лидери Моктада Ас-Садрдын “Мехди” армиясы Ирак бийликтеринин талабына баш ийип, куралын өткөрүп берүүдөн баш тартты.

Бейшембиде кечинде Басрада жана Багдаддын түштүк ыптасында Мехди армиясынын согушкерлери жана Ирак менен АКШнын аскерлери ортосунда башталган салгылаштар дале уланууда. Ал күнү Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарында өкмөттүк аскерлер шийи согушкерлерине каршы кеңири чабуул койгондо, Багдаддын чыгыш тарабын байырлаган Моктада Ас-Садрдын куралчан тарапкерлери да салгылаш ачышкан. Андан берки куралдуу эрегиштен Ирак өкмөтүнүн эсебинде, кеминде 120дай согушкер набыт болсо, жергиликтүү маалымат каражаттары өлгөндөрдүн саны 300гө чукулдап калганын кабарлоодо.

Шийи согушкерлери башка жерлерде да жортуулга чыгып, Кут, Насирия, Кербала жана Хилла шаарларындагы майда кагылышуулардан дагы ондогон киши мерт болгону маалымдалды. Багдаддын башкы догдуру Али Бустан шейшембиден бери башкалаанын чыгыш тарабындагы ооруканаларга 130 өлүк келип түшкөнүн билдирди.

Ал тапта Моктада Ас-Садрдын радикал шийилер кыймылынын мүчөсү Фатах Ал-Шейх Ирак армиясы менен АКШ күчтөрү согуштук учак, тикучмалардан карапайым тургундар жашаган аймактарды бомбалоодо деп айыптады. Ал Ирактын премьер-министри Нури Ал-Маликини “ачууга алдырып, акылынан адашкан адам” деп сыпаттады. Мехди армиясынын өкүлү Ирак өкмөтүнүн куралды таштоо тууралуу буйругуна баш ийбейбиз, АКШ оккупациясын токтото турган өкмөт шайланмайынча, ок атууну токтотпойбуз деп белгиледи.

Ишембиде премьер-министр Ал-Малики өкмөттүк аскерлер Басрада коопсуздук калыбына келтирилмейинче, ал жерден чыгарылбайт деп жар салды.

- Биз буга чейин “Ал-Каида” тууралуу сөз кылып келдик. Тилекке каршы, биздин арабызда “Ал-Каидадан” жаман адамдар пайда болуптур. Ал-каидачылар күнөөсүз адамдарды өлтүрүп, имараттарды кыйратып талкалайт, булар да дал ошону жасап жатышат.

Ирактын премьери күнөөлөгөн Моктада Ас-Садрдын саясий блогу убагында Ал-Маликинин коалициялык өкмөтүн колдогон, бирок кийин “АКШнын желдеттерине айланды” деп өкмөткө каршы көтөрүлүш уюштурган. Ас-Садрдын Мехди армиясы 2007-жылдын август айында ок атууну токтотконун жарыялап, быйыл февраль айына чейин ал сөзүнө турганда Иракта кырдаал кадимкидей тынчый түшкөн эле.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG