Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

ГРЕКИЯ ОЛИМПИАДА ОТУН КЫТАЙГА САЛТАНАТТУУ ӨТКӨРҮП БЕРДИ


30-мартта Грекиянын ордо шаары Афинанын “Панатинаикос” (Panathenaikos) стадионунда Олимпиада отун гректерден кытайларга салтанаттуу өткөрүп берүү аземи болду. Олимпиада оту эми учак менен Бээжинге жеткирилет да, дүйшөмбүдө айтылуу Тянанмэн аянтында аны кабыл алуу жөрөлгөсү болот. Ал эми Тибеттин эгемендигин жактаган жана аймактагы адам укуктарынын бузулушун айыптаган күчтөр 1950-жылдан бери Тибетте өкүм жүргүзүп келген расмий Бээжинди кескин сындоосун улантып, эл аралык коомчулукту Бээжин Олимпиадасына бойкот жарыялоого чакырууда.

Ошентип жекшембиде 20 миңдей көрүүчү чогулган “Панатинаикос” (Panathenaikos) стадионунда Олимпиада отун гректерден кытайлыктарга тапшыруу аземи болду. Салтанатта Грекиянын Олимпиада Комитетинин президенти Минос Кириакоу өзүнүн ханзу кесиптеши Лү Шиге мындайча сөздөр менен кайрылды:

- Лү Ши мырза, 2008-жылкы Бээжин Олимпиадасынын Уюштуруу Комитетинин Президенти, мен Сизге Олимпиада отун тапшырып жатканым үчүн абдан толкунданып жана сыймыкка бөлөнүп турам. Ошондой эле Сизге 2008-жылкы Олимпия Оюндарын ийгиликтүү өткөрүп алыңыз деген каалоомду айта кетким келет.

Тибеттин көз каранды эместиги үчүн кыймылды жактоочулар “Панатинаикос” стадионундагы бул салтанатка бөгөт болбошу үчүн стадионго алынып келе жаткан оттун жолу мурдагы нугунан өзгөртүлдү. Грек полициясы коопсуздук чараларын күчөткөнү да маалымдалды.



24-мартта Грекиянын байыркы ыйык тоосу болгон Олимпте быйылкы жайкы Олимпиаданын оту салтанаттуу түрдө жандырылган. Бул салтанат маалында Тибеттин эгемендигин жактоочулар полициянын курчоосун убактылуу бузуп, Тибет байрагын бир аз убакытка желбиретип турууга да үлгүрүшкөн. Андан соң 24-29-март күндөрү Олимпиада оту айтылуу Марафон өрөөнү жана башка аймактар аркылуу өтүп, Грекиянын ордо шаарына жеткирилди.

Бул эстафета маалында ар кыл грек шаарларында жана дүйнөнүн башка жерлеринде расмий Бээжиндин тибеттиктердин соңку нааразылык чараларын айоосуз баскан саясатына каршы демонстрациялар жана пикеттер өткөрүлдү.

31-мартта Олимпиада оту Бээжиндеги Тянанмэн аянтында салтанаттуу кабыл алынган соң, беш континентте өз сапарын улантат. Олимпиада отун кабыл алчу шаарлардын бири – коңшу Казакстандын Алматы шаары экенин да эскерте кетели.

20 өлкөнү кыдырган соң, отту алып жүрүүчү спортсмендер шамды кайрадан Бээжинге жеткиришет да, 8-августта быйылкы Олимпиада оюндары салтанаттуу түрдө ачылат.

Ал эми Тибеттеги кырдаалга келсек, айрым маалыматтарга караганда, бул аймакта, ошондой эле коңшу Сычуан аймагында да, кырдаал дагы эле дүрбөлөңдүү бойдон кала берүүдө. Бозгундагы Тибет өкмөтүнүн маалымдашынча, Лхасанын Йо-кхаңг кечилканасынын жанында 29-мартта кечинде кагылышуу болду. Тибеттин ордо шаарынын айрым базарларында да ишембиде кагышылуу болду деген кабарды расмий Кытай бийлиги төгүнгө чыгарды. Ишембиде бир катар чет өлкөлүк дипломаттар, алардын ичинде америкалык өкүл, Тибеттин борбору Лхаса шаарына жасаган 2 күндүк сапарын тамамдашты.

Батыштын Кошмо Штаттар сыяктуу айрым өлкөлөрү расмий Бээжинди тибеттиктердин руханий жолбашчысы жана бозгундагы өкмөт башчы Далай Лама менен сүйлөшүү жүргүзүү аркылуу талаш-тартыш маселелерди тынч жол менен чечүүгө чакырууда.

Айрым укук коргоочулар эл аралык коомчулукту Бээжин Олимпиадасына бойкот жарыялоого чакырууда. «Азаттык үнү» гезитинин башкы редактору Улукбек Бабакулов укук коргоочулардын Пекин олимпиадасын өткөрбөө тууралуу пикирин колдоорун, өнүккөн мамлекеттин өкүлдөрү адам укугун бузуп жаткан Кытайдагы олимпиадага барбоосу керек деген оюн билдирди:

-Албетте, ал жерде адам укугу бузулуп жатат. Ошондуктан цивилизациялуу, өнүккөн мамлекеттер бул олимпиадага барбаш керек деп эспетейм.

30-мартта Дели шаарында бозгундагы тибеттиктер Олимпиаданын атаандаш отун жандырышты. Бул отту алар Бээжинден чыккан шам АКШнын Сан-Франциско шаарына жеткирилген чакка таяп, 9-апрелде бул шаарга алып келмекчи. Тибеттиктердин 10-мартта башталган соңку нааразылык чараларын Кытай бийлиги ырайымсыз басканы маалымдалууда. Бозгундагы Тибет өкмөтү аймактагы нааразылык чараларын басуу маалында бери дегенде 140 киши өлтүрүлгөнүн айтса, расмий Бээжин тополоң уюштургандар тарабынан 19 киши өлтүрүлдү деп, соңку кооптуу кырдаал үчүн жикчи тибеттиктерди айыптап келет.

Тынчтыкбек Чоротегин, Мээрим Султангазы
XS
SM
MD
LG