Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Киото протоколунун мөөнөтү аяктап баратат, жаңы келишим жок


31- мартта Бангокто аба ырайынын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүгө арналган эларалык жыйын ачылды. Улуттар Уюмунун демилгеси менен өтүп жаткан жыйындын максаты - Киото протоколун алмаштырчу жаңы келишимди иштеп чыгуу. Табиятка өнөр жай ишканалары бөлгөн газдар келтирген зыянды азайтууга багытталган Киото протоколунун мөөнөтү 2009- жылы аяктайт.

Тайланддын байтакты Бангоктогу жыйынга дүйнөнүн 190го жакын өлкөсүнөн миңдей делегат катышууда. Алар 4-апрелге чейин созулчу жыйында климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүнүн программасын иштеп чыгуунун жол-жобосун макулдашуусу шарт. Бул иш эки жылда бүткөрүлүп, 2009- жылы кабыл алыныш керек.

Өнөр жай ишканалары бөлгөн зыяндуу газдарды азайтуу боюнча 1995-97-жылдардакы сүйлөшүүлөрдүн негизинде иштелип чыккан Киото протоколу өнөр жайы өнүккөн 37 мамлекетти камтыган. БУУ азыр иштелип чыкчу келишимдин мүмкүн болушунча көбүрөөк өлкөлөрдүн камтыш керек дейт. Киото келишими ага кошулган мамлекеттерди 2012- жылга өндүрүштүк газдарды бөлүүнү 1990- жылдын деңгээлинен беш процент ылдый түшүрүүгө милдеттендирген.

Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү боюнча өкмөттөр аралык комиссиясы өткөн аптада билдиргенге караганда, адамзат мунай газды жагууну кыскартышы шарт. Аба ырайы жылый берсе, кургакчылык, ысык күчөп, деңиз сууларынын деңгээли жогорулап, эл жашаган жана эгин айдалчу жерлер суу астында калат. Күндүн ысыганынан улам Түштүк уюл менен Гринландияда муз тоолордун ылдам ээрий баштаганын БУУнун өкмөттөр аралык атайын комиссиясынын төрагасы Райендра Пачаури 26- мартта Брюсселде ырасмий түрдө маалымдап, эларалык коомчулукту шашылыш чара көрүүгө чакырды:

-Батыш Антарктикадагы жана Гренландиядагы килейген муз катмараларынын айрымдары тез ээрип жатканын ырастаган көптөгөн далилдер бар. Биздин комитеттин көп жактуу иликтөөсүндө климаттын токтобой ылдам өзгөрүүсү килейген муз катмарларын майдалап, натыйжада деңиз деңгээли бир нече метрге көтөрүлөрү ачык айтылган.

БУУнун билдиришинче, өндүрүштүк зыяндуу газдарды бөлүү 2015- жылы туу чокусуна жетип, андан соң өндүрүштүк газдардын таасиринен улам аба ырайы 2 градустан көпкө ысыбашы үчүн кескин азайтылыш керек.

Мөөнөтү бүтүп бараткан Киото келишимин АКШдан башка өнүккөн өлкөлөрдүн баары ратификациялаган. АКШ келишимге Кытай жана Индия сыяктуу өнөр жайы ылдам өнүгүп бараткан өлкөлөр кошулбады деп, ага кирбей койгон.

БУУ жаңы келишимди 2009-жылдын аягына же Киото протоколунун мөөнөтү бүткөнгө чейин өнөр жайы өнүккөн сегиз өлкөнүн парламенти бекитүүгө үлгүрбөй калат деп кооптонот. Себеби, эки жыл ичинде зыяндуу газдарды бөлүүнүн жол жобосу, бай жана жарды өлкөлөрдүн өндүрүштүк газдарды бөлүү боюнча үлүшү такталыш керек.

XS
SM
MD
LG