Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

Афиша: жаңырган жуманын маданий иш-чаралары


1-апрелде сатирик, карикатурист Төлөгөн Карыкеев чыгармачыл кечесин өткөрөт. Анда Карыкеевдин “Ким байке” аттуу жыйнагынын бет ачаары өтөт.

-Ичинде юмор сатирасы бар, карикатура сүрөттөрү менен, көп жылдан бери жыйналып келе жаткан чыгармаларымдын алгачкысы,- деп билдирди автор.

Эртең Бишкекте “Тандем” тамаша тобунун концерти өтөт. Күлкү күнүнө арналган кечеде топтун куудулдары Назира Жетигенова менен Жакут Сыдыков сатираларын тартуулашат.

-“Тандем” тамаша тобунун бир жылдыгына арналган концертте күлкү күйөрмандарына ар кандай темадагы тамашалардан тартуулайбыз. Ал сатираларда мен көбүнчө эркектин ролун ойнойм. Алсак аскер кызматкеринин, жиндинин образын жаратам. Ойнолчу интермедиялар бири-бирине окшобогон тамашалар деп айтат элем,- деген оюн билдирди Назира Жетигенова.

Ушул эле программадагы концерти менен куудулдар келерки жумада түштүк жергесин кыдырышат.

4-апрелде улуттук опера жана балет театрынын солистеринин концерти өтөт. Анда эл артистери Керим Орозбаев, Эльвира Асанкулова жана башка опера ырчылары катышат. Кечеде кыргыздын улуу композиторлорунун чыгармаларынан тартып, дүйнөлүк классикалардан жаңырат деп кабарлады уюштуруучусу Эркин Касымов. Мындан сырткары улуттук опера балет театрында бул аптада Петр Чайковскийдин “Йоланта” операсы, Борис Астафевдин “Бахчисарай фонтаны” балети коюлат.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде европа сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү өтүүдө. Анда немец, француз, румын, орус жана башка элдердин кыл калем чеберлеринин “Мейкиндиктеги орундалбаган кыялдар” деген темада иштелген эмгектери коюлган.
Көргөзмөнүн бир катышуучусу, немец сүрөтчүсү Летиция Ноукай койгон иштери туурасында мындай деди.

-Менин эмгектерим көркөм өнөрдүн баардык жанрларын камтыйт. Атай кетсем инсталяция, видео, фотосүрөттөр. Бул иштердин көпчүлүгү Кыргызстанда жасалган. Көрүүчүлөр үчүн кызыктуу болот деп ойлойм.

Бул көргөзмө 5-апрелге чейин улантылат. Ал эми келерки жылы мындай көргөзмө Берлин шаарында өтүп, ага кыргыз сүрөтчүлөрү да катышат.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG