Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:15

САЛАМАТ АЛАМАНОВ: ЧЕГАРА ЭЧ УБАКТА БИР ТАРАП КААЛАГАНДАЙ ЧЕЧИЛБЕЙТ


Кыргызстандын Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен чегараларын тактоодогу оош-кыйыштар тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн регионалдык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов “Азаттыкка” берген интервьюсунда айтып берди.

- Биз бүгүн сиз менен Кыргызстандын чегара саясатындагы бүгүнкү жагдай тууралуу сүйлөшсөкпү деп турабыз. Башкы адистердин бири катары сиз бүгүн биздин угармандарга, окурмандарга эмне айта аласыз?

- Чегара маселеси боюнча коомчулукта кеңири талкуу 2001-жылдан башталган. Кыргызстан өзү болсо чегара сызыгын тактоого эгемендүүлүк алгандан кийин эле баягы Кытай менен чегара маселесин чечүүдөн баштаган. Кытай менен чегараны тактагандан кийин мурдагы Советтер Союзунун учурунда административдик чегаранын калыптанышында эч кандай проблема болбогон коңшу республикабыз Казакстан экен.

- Бирок азыр бул маселе көтөрүлүп атпайбы. Кыргыз-казак чегарасы боюнча азыр мына бир топ сөздөр болуп атат. Келишим ратификациялана элек болуп турат. Казакстан келишимди ратификациялаган да?

- Ооба. Эми Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы чегараны тактап, келишим түзүү 2001-жылы бүткөн болчу. Ошол эле жылы декабрь айында эки мамлекеттин президенттери жанагы келишимге кол коюшкан. 30-жылкы документтерде өзү 1241 чакырым чегара барактын эки бетине толгон сөздөр менен гана жазылып калыптыр. 1961-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен Кыргыз ССРинин чегарасы жөнүндө ушундай документ түзүлгөн экен. Ал ошол коңшу республикалар менен болгон чегараны бир топ тактап, деталдаштырып түзүлгөн документ экен. Биз ошол 30-жылкы документ менен иштей баштаганда айрым жерлердеги чегаранын сүрөттөлүшү так болбой калгандыгына байланыштуу 1961-жылкы Указыбызды кошуна мамлекеттин делегациясына көргөзүп, алар ошону жардамчы материал катары пайдаланууга макул болушкан. Мына ошол эки документтин негизинде чегараны түзгөн элек. Ошол жерлерди алмаштыруунун негизинде чегара бөлүшүү болгон да. Мына ушундай түзүлгөн чегара келишимин казак парламенти 2003-жылы ратификациялаган. Ошол эле жылы биз дагы парламентке бергенде саясий жагдайларды пайдалануу үчүн ошол кездеги парламенттин айрым депутаттары ушул маселенин тегерегинде чуу көтөрүп, бүгүнкү күнгө чейин комитеттердин деңгээлинде улам бири-бирине сүрө салып эле өтпөй келатат.

Мен ачык эле айтып коеюн, принципиалдуу келишпестик эки делегациянын ортосунда болгон жок. Ошол чегаранын тегерегиндеги чарбалык өздөштүрүү жана чарбалык пайдалануу маселесин эки элдин ыңгайына жараша чечүү боюнча анча-мынча гана өзгөрүүлөр болгон. Мисалы үчүн азыр абдан көп айтылып жаткан Каркыра жайлоосунун маселеси . Бул байыртадан эки эл чогуу байырлап, жайлап жүргөн жайлоо болгон. 1930-жылкы токтомдо өзгөчө белгиленген Каркыра, Суусамыр, Челек, Көкойрок жайлоолору эки республиканын чогуу пайдаланчу жайлоосу болуп эсептелсин делген. Анан кийин административдик чегаралар түзүлгөндө да ошол жердеги чегара сызыктары пайда боло баштаган. Бүгүнкү күнү ар кайсы документтердин негизинде: жанагы 1930-жылкы токтомдун, 1961-жылкы указдын, 1968-жылкы эки республиканын Жогорку Советтеринин президиумдарынын секретарларынын чогуу кол койгон документтеринин негизинде түзүлгөн генералдык штабдын картасында, анан кийинки, эгемендиктен кийин түзүлгөн чегара сызыгы - жалпысынан төрт чегара сызыгы болуп атат ошол жерде. Эми алар негизинен көп жерлерде бири-бирин кайталайт.




Бирок жанагы чарбалык ыңгайлуулукка аракет кылып түзүлгөн чегара дагы бар болду. Мисалы, жанагы көпчүлүк айтып аткан 630 гектар жер Казакстанга өтүп кетти дешет, бирок ошол эле кезде анын ордуна 1150 гектар алганыбыз жөнүндө эч ким айтпай атат. Келишимге оппонент болгондор ошону дайыма көз жаздымда калтырат. Ошол 1150 гектар жер деген биздин Санташ айылына жакын жаткан жайлоо, чөп чабык жер. Ал жерге илгертен биздин Кыргызстандын малчылары ошол жерди байырлап, пайдаланып келген экен. Эми ошол жерди мыйзамдаштырып бизге өткөрүп алыш үчүн ошол жерди биз сурап, жанагы жерге алмашканбыз.



- Сиз оппоненттер деп атпайсызбы, ошол оппоненттер кандай аргументтерди келтирип атышат? Алардын жүйөөсүн иликтеп көрдүңүздөрбү?

- Оппоненттер 630 гектар жерди берип койдуңар деп атышат. Анын ордуна жанагы баланча жерди алыптырсыңар деген сөз болбой атат. А кээ бирлери алган жериңер аска таш, муз экен дешет. Ал адамдар ошону менен ал жерлерди көрбөгөндүгүн далилдеп атат. Иш жүзүндө ал жерлердин деңгээли бири-биринен айырмаланбайт.

- Ал эми Таластагы жерчи? Ал жердеги карьер өтө маанилүү деп атышпайбы. Ал боюнча эмне деп айта аласыз?

- Бул жерде деле жанагыдай саясий оюндун шоокуму сезилип турат. Сиз келатканда Кыргызстандын геологиялык картасын атайын ачып койгомун. Карасаңыз кошуу белгилер менен белгиленген жердин бардыгы гранит. Кыргызстандын аймагы башынан аягына чейин гранитке толтура. Тараздын үстүнөн берген 129 гектар гранит карьерди ошол Кыргызстандагы граниттин жалпы аймагына салыштырганда ийнени учунан да кичине бөлүгү деп койсо болот. Бул жерде бирөөлөрдүн эле даяр карьерди алып иштете калсак деген кызыгуусу болуп атат. Бул өзү саясий жагынан да, экономикалык жагынан да туура эмес. Биз анын ордуна Манас районунда 84 гектар айдоо жерди, анын ичинде 12 гектар жайыт жерди алганбыз. Ошол биз алган жер 60 дыйкан чарбага бөлүнүп берилген экен. Алар өндүргөн продукциясын Тараз шаарына соодалап, ошонун эсебинен жан багып атыптыр.

- Жакында парламентте каралат деп атасыз. Кокустан кыргыз тарап ратификациялабай койсо эки өлкө ортосунда кандай маселе көтөрүлүшү мүмкүн?

- Муну бекитип беришсе биздин мамлекетке да, элге да жакшы болмок. Кандай жагдай болорун болжош кыйын. Дүйнөлүк практикадан улам гана чегара маселесинде дүйнө мамлекеттери өтө сабырдуу келишет. Кошуналар деле ошентет деп ойлойм. Биздеги кырдаал мамлекеттин саясаты эмес, кандайдыр бир топтун кызыкчылыгы экендигин түшүнөт деп ойлойм.

- Келишимге кол коюлса кыргыз-казак чегарасы боюнча маселе соңуна чыгат экен да?

- Ратификациядан өтсө эки өлкөнүн чегарасы мамлекеттик чегара деген статусту алат. Азыр бизде мамлекеттик эмес, жөн чегара да жок деп эсептесек да болот. Эл аралык нормаларга ылайык бекитилген чегара жок, ошондуктан, формалдуу да, юридикалык да чегара жок деп эсептесе болот.

- Азыр эми кыргыз-өзбек чегарасы кантип атат? Өңчөй талаштуу аймактар калгандыгы айтылып келатат. Жылыш барбы?

- Сүйлөшүүлөр өз нугунда жүрүп жатат. Чындыгында сүйлөшүлүп жаткан чегаранын бөлүктөрү документтердин айырмачылыктардын негизинде алга жылбай жатат. Эки тарап мурдагыдай эле өзүнүн туура деп эсептеген документтерин чыгарып, ошонун негизинде чегараны жүргүзөлү деп сүйлөшүп атабыз.

Бирок бүгүнкү күндө эки жак тең даяр эмес экендигин көргөзүп атат. Биз тарап деле алардын көргөзүп аткан документтерин, ойлорун, пикирлерин кабыл ала албай ататбыз. Биздин айткан пикирлерибизди, позициябызды, көрсөткөн документтерибизди алар колдой албай атышат.

- Эми ошо ишти илгерилетиш үчүн кандай чаралар көрүлүш керек? Кандай аракеттер болот эми мындан ары?

- Дүйнөлүк практикада чегара сүйлөшүүлөрдү мезгилдик алкакка салып айтууга болбойт. Эми региондо кырдаалдын өзгөрүшүнө жараша саясий жактан бөлөк көз караш пайда болушу мүмкүн. Экономикалык жактан башкача көз караш пайда болушу мүмкүн. Ошондо айрым позициялар жакындашып кетиши мүмкүн. Биз азыр тек гана укуктук документтердин негизинде иштеп атабыз. Саясий жана экономикалык факторлорду эске алгандан алыспыз. Юридикалык документтердин мүмкүнчүлүгүн пайдаланып бүтө элекпиз. Ошондой болсо да былтыр (2007-жылы) 4 километр 410 метр чегараны үч бөлүк жерден макулдашууга жетишип, жакында болгон жолугушууда аны делегациянын деңгээлинде бекиттик. Бул да жылыш деп эсептелет?

- Эми ошо чече турган аймактар канча болуп турат азыр?

- Документтери дал келбей, бири-бирине каршы иштеп аткан жерлердин саны 50 менен 60тын ортосунда болуп атат.

- Жергиликтүү адистер айтып жүрүшөт:Кыргызстандын Тажикстан менен чегара маселеси азыр Өзбекстандан да опурталдуу деп. Таяна турган башкы документ дарексиз деп жүрүшөт. Азыр эми тажик-кыргыз чегарасын тактоо ушу тапта кайсы деңгээлде турат?

- 20-жылдан тартып эле үч республика ортосундагы чегара маселеси такталбай келген. Ошондуктан, бул бүгүнкү күндүн көйгөйү эмес. Ушу республикалардын канча мезгил чогуу жашаган учурунда да ушул маселе келе берген. Биз азыр ошонун уланды процессин жүргүзүп келатабыз.

- Саламат мырза, өзүңүз билесиз да, азыр Баткен, Жалалабад, Ош аймактары менен чектешкен жерлердин бардыгында кылдат карачу маселелерге маани берилбей жатат деп атышат. Тыштан каптап келип үй салып, жайгашып жаткан айылдар бар дейт. Ушул маселелерди жөнгө салуу үчүн убактылуу чараларды көрүүгө болобу? Кандай аракеттер бар?

- Азыр эки ортодо мамлекеттик чегара болбогону менен, Союз тарардын алдында калыптанып калган фактылык түрдөгү чегара сызыгы бар. Аны ар бир айыл өкмөтү, ошол жерде жашаган ар бир адам деле билет. Ошол чегараны сактоо шарт. Биз чегара боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканда да ошондой макулдашканбыз. Мамлекеттик чегаранын деңгээлине жеткиргенге чейин ошол чегара сакталып турушу керек, өзгөрүү болбошу керек деген макулдашуу болгон да.

Туура айтасыз, улам эле ошондой фактыларды айтып чыгып атышат баланча айылдан үй сатылыптыр жер сатылыптыр деген. Бул жерде ошол жергиликтүү элдин мамилеси керек. Эгерде ошол туулуп өскөн айылынын жерин сатып ийип баса берсе бул өзү абдан оор маселе. Бишкектен туруп муну чече албайсың, облус борборунан да бул чечилбейт. Аны ушу жергиликтүү жамааттар көзөмөлгө алышы керек. Ал жерде бийлик өкүлдөрү бар, милиция прокуратура, айыл өкмөттөрү бар. Жер боюнча адистер бар, алардын колунда карталар турат. Ошого таянып туруп, жанагындай иштерди болтурбаш керек. Биздин мыйзамдарда деле бөлөк өлкөнүн атуулуна өзгөчө уруксаты жок жерди, үйдү сатууга каршы.

- Негизи мыйзамдар жетиштүү дейсизби бул өңүттө?

- Мыйзамдар жетиштүү. Бул маселе көпчүлүк учурда элдин социалдык-экономикалык абалы менен байланыштырылат. Бул бир чети туура. Бирок, биздин азыркы чегара аймактарындагы айылдардын кайсынысын албаңыз көпчүлүк жерде жалпы жашоо деңгээли оор эле болуп атат. Баягыдай жерди иштетүүнү камсыз кылуучу мамлекеттик камкордук жок. Канчалык аракет кылынганы менен, ошонун жетишсиз болуп атканын көрүп атабыз да. Бирок, ошондо деле атуулдук милдет деген болот да. Мен таң калып дайыма эле айтам, эмне үчүндүр биздин эл иштетип, жашоо шартын түзө албай кыйналып качып аткан жерге бөлөк элдин ошондой эле адамы келип жыргап жашай берет.

- Балким бул мамлекеттик саясатка байланыштуу болуп атып жүрбөсүн?

- Эми мен андай терең анализге өткөн жокмун. Мен жүргүзүп аткан ишимдин деңгээлиндеги анализди жасап атам: эмне үчүн бул жерге тажик келип бак өстүрүп жашап атат, а биздики жашоого болбойт деп качып кетет? Эмне жер өзгөрүп кеттиби? Же биздин эл ушунчалык жалкообузбу билбейм.

- Чегара маселесин сиз 70 жылдан ашык мезгилден бери чечилбей келаткан маселенин уландысы деп атасыз. Эми канчага созулушу мүмкүн? Тездебеген күндө да Кыргызстандын кызыкчылыгына төп келгидей чечиш үчүн өкмөт тарабынан кандай аракеттер жетпей жатат?

- Бу чегара сүйлөшүүлөрү бардык процедураларды сактап өтүп атат. Кошумча бир нерселерди жасоого эч кандай негиз жок. Себеби чегара боюнча сүйлөшүүлөр дүйнө жүзүндө калыптанып калган эреже менен жүргүзүлөт. Анан чегара маселесин бат эле чечип коюш опурталдуу нерсе. Мөөнөт коюуга болбойт. Азыр тажрыйбабыздан көрүп атабыз – кандай чечилбесин сөзсүз эки тараптан тең нааразылык чыгат. Биз тараптын нааразы болгон саясатчыларын угуп атабыз. Казакстан тараптан да ошондой саясатчылар чыгып атат. Кыргыздарга жерибизди алдырып ийдик, бул эмне деген уятсыздык деп конкреттүү цифралар менен чыгып аткан саясатчылар бар аларда дагы. Чегара эч убакта бир тарап 100 пайыз каалагандай чечилбейт.

Психологиялык шарт ушундай: нааразы болгондордун үнү катуу чыгат дагы, ошол резонанска жетишет. Алгандар эч убакта биз алдык деп айтпайт.

- Анда маегиңиз үчүн сизге чоң рахмат, Саламат мырза.


Маектешкен Бурулкан Сарыгулова

XS
SM
MD
LG