Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

Учурда Кыргызстанда кургак учук менен 13 миң адам ырасмий каттоодо турат. Алардын 98 пайызы жакыр турган адамдар. Дегеле кургак учук Кыргызстанда бүгүнкү күндө 1996-жылга салыштырмалуу эки эсеге түшкөнү менен, республиканын калкынын 70 пайызы жакыр тургандыктан, белоктуу тамак-аштын жетишсиздигинен иммунитет төмөндөп, бул дарттын эпидемияга айлануу коркунучу чоң.

Кыргызстанда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана дагы башка донор уюмдардын көмөгү менен 1996-жылдан бери иштеп келаткан “МАНАС” программасынын үч бөлүгүнө тең кургак учук менен күрөшүү – эң башкы проблема катары кирген. Бул дарт менен күрөшүүнү улантуу үчүн дагы Немецтик банктан 11 млн евро жана Глобалдык Фонддон 12 млн евро бөлүнүп жатат. Азыр кургак учук менен ооруган бардык оорулуулар бекер дарыланышат. Бирок кургак учук социалдык дарт болгондуктан, айыккандардын ордун улам жаңылар толуктоодо, деди Бишкекте кургак учук менен күрөшүү боюнча өткөн жыйында саламаттык сактоо министри Марат Мамбетов:

-Кургак учук - өлкөнүн көйгөйү болуп жатат. Бул – социалдык оору. Кургак учук менен ооругандардын 70 пайызы – алкоголиктер, наркомандар, дагы башка натуура жашоо күткөндөр. Мындай адамдардын психологиясына таасир этүү, дарыланууга ынандыруу да оңой эмес. Мына ушундай адамдар башкаларга да жугузуп жатат.

Улуттук донор уюмдардан Кыргызстандын Улуттук Фтизиатрия борборунда бүгүнкү күндө кургак учукту дарылоочу эң кымбат баадагы 20 тонна салмагындагы дары-дармек бар. Бул 4 жылга жетерлик дары-дармектер.Түрмөдө да кургак учук менен ооругандардын саны эки эсеге түшкөнү менен, абактагылардын тамак-ашынын начардыгы иммунитетти түшүрүп, жаңыдан жугуу коркунучу чоң. Бишкектеги 27-колонияда 7 жылдан бери отурган Канат аттуу жигит – мында кургак учук менен ооругандардын абалы начар деген оюн айтты:

-Түрмөдө кургак учук менен ооругандар көп. Алардын абалы абдан начар. Өкмөт аларды материалдык зарыл каражаттар менен камсыздай албай жатпайбы.

Улуттук Фтизиатрия борборунун генералдык директору Автандил Алишеровдун айтымында – абактагыларды кургак учуктан дарылоо өз деңгээлинде жана дары-дармектер бекер:

-Кийинки үч жылда Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү кургак учук эки эсеге түштү. Эмненин эсебинен? 2004-жылдан тарта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана республиканын Саламаттык сактоо министрлиги түрмөлөрдөгү кургак учукка өзгөчө көңүл бура баштады. Бүйнөлүк Кызыл Чырым уюму Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү медициналык жайларды оңдоп-түзөп, дарыгерлерди окутуп жатат. Ал эми Немецтик Улуттук Банк 3 жылдан бери түрмөлөрдү дары-дармектер менен камсыздап келатат.

Кийинки учурда кургак учуктун канчалаган күчтүү дарылар таасир эте албаган түрү пайда болду. Кургак учуктун мындай түрүнүн коркунучтуулугу – Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чыгарган жыйынтыгында да белгиленди деди аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Өскөн Молдокулов:

-Бул отчетко ылайык кургак учукту контролдоодо – Кыргызстанда кургак учуктун дары таасир этпеген түрүнүн көп болуп жатышы коркунучтуу болуп отурат. Оорунун бул түрү – оңой менен дарыга баш ийбегендиги менен коркунучтуу. Андыктан Глобалдык Фонддор кыргыз өнөктөштөргө кургак учукту туура контролдоо, туура диагностикалоо жана туура дарылоо зарылдыктарын коюп жатышат.
XS
SM
MD
LG