Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

КАДАМЖАЙДА БОМБА ТАБЫЛДЫ


Кадамжай районунунун дыйканчылык конушунда согуш жылдарынан бери жарылбай жаткан авиа бомба табылды.

Бул тууралуу Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу органдары боюнча бөлүм башчысы Таштемир Эшалиев 31-мартта «Азаттыкка» маалым кылды. Кадамжай районуна караштуу Миңчынар айылынан алыс эмес дыйканчылык талаасында болжол менен 60-жылдарга тиешелүү делген, жарылуучу авиациялык бомбаны «Айдаркен» чегара отрядынын аскерлери аныктаган.

Учурда Оштон келген саперлердун жардамы менен бомба табылган 7 километр чарчы аянт кошо текшерүүгө алынууда. Аталган аймакта 2007-жылы да жарылбай калган үч тарыхый авиа бомба табылган. Алардын экөөсүн карапайым тургундар таап алып, турмуш тиричилигине колдонуп жаткан жеринен кайтарып алышкан. Бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, өткөн кылымдын 45-60-жылдары азыркы Кадамжай районунун Актурпак, Халмион айыл өкмөттөрүнүн жана Өзбекстандын Риштан районунун аймагында советтик аскерлердин машыгуу полигондору жайгашкан экен. (SA)

XS
SM
MD
LG