Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:32

Ушул аптада Бухарестте өтө турган НАТОнун саммитинде биримдиктин жетекчилери Ооганстандагы кырдаал боюнча маанилүү чечим кабыл алат деп күтүлүүдө. НАТО өкүлдөрү да, ооган өкмөтү да өлкөдө коопсуздукту камсыз кылууну Ооганстандын улуттук армиясына жана тартип коргоочуларына өткөрүп берүү керек деп эсептешет. Бирок бул милдетти аркалай турган даярдыкка келтирүү үчүн бул күчтөр менен дагы бир нече жыл иштеп, көп каражат жумшоо керектиги да айгине болууда.

Ооганстан НАТОнун мойнундагы оор жүк бойдон кала берүүдө. Былтыр мында 2001-жылы талибдер кулатылгандан кийинки эң бир оор салгылаштарда 200дөн ашык эл аралык тынчтык аскери набыт болду.

Ооганстандын тынчыбаган түштүк аймактарындагы козголоңчуларга каршы күрөштүн башкы милдетин өзүнө алган НАТО мүчөлөрүнүн чыдамы да түгөнүп бүттү. Канадада, Голландияда жана Румынияда аскерлерди Ооганстандан алып кетүүгө кысым күч алып жатат. Кошмо Штаттары менен Британия башка шериктерин Хелманд жана Кандагар дубандарындагы согушка жардамдашууга чакырууда, бирок бул чакырыкты азырынча эч ким кабыл ала элек. Германия менен Италия салыштырмалуу тынччылык өкүм сүргөн түндүк жана батыш аймактарда аскерлерин кармап турушат. НАТОнун өкүлдөрү бул кырдаал жакын арада өзгөрөөрү күмөн экендигин моюнга алышууда.

Франциянын президенти Никола Саркози өткөн аптада АКШ көзөмөлдөгөн чыгыш Ооганстанга кошумча 1100 аскер жиберүүгө сөз берди. Бирок мындан салгылаштардын басымдуу бөлүгү орун алып жаткан түштүктөгү кырдаал өзгөрөөрү күмөн. Кошмо Штаттары Хелманд менен Кандагарга дагы 3200 аскер жөнөтүүдө.

Куралдын күчү менен кырдаал оңолбой тургандыгына көзү жеткен НАТО башка уюмдарга жардам сурап кайрылып жатат. Биримдиктин жетекчилери Бириккен Улуттардын, Европа биримдигинин, Дүйнөлүк банк жана башка уюмдардын мартабалуу өкүлдөрүн 3-апрелде самиттин мезгилинде ооган президенти Хамид Карзай менен жолугушууда чакырды.

Брюсселде 27-мартта сүйлөгөн сөзүндө НАТОнун маалымат катчысы Жеймс Аппат-хурай мындай жолугушуунун өзү Ооганстан көпчүлүктүн көңүлүндө экендигинин айкын далили катары мүнөздөдү:

- Бул жыйын Ооганстанга карата ар тараптуу мамилеинин айгинеси. Бул аскердик гана эмес, кайра куруу жана өнүгүү да маселеси.

2-4-апрель күндөрү Бухарестте НАТО жетекчилери Ооганстан боюнча стратегиялык "ар тараптуу" эки документти жактырат деп күтүлүүдө. Бири ачык жарыяланып, анда НАТО Ооганстанда бейкуттукту калыбына келтирүү убадасынан тайбагандыгы бышыкталмакчы. Экинчиси жашыруун документ болот жана анда НАТО Ооганстанда канчага калаарынын мөөнөтү такталмакчы.

НАТО өкүлдөрү бул жаатта бир пикир жок экендигин билдиришүүдө. Кошмо Штаттары менен саналуу өлкөлөр НАТОнун Ооганстанда аз эле дегенде бир муун алмашканча калыш керек деп эсептешет, бирок башка шериктер беш жылдан ашыкка көңүлсүбөйт.

Батыш аскерлеринин жеңилин жерден ала турган күч деп ооган армиясы саналат. Коопсуздукту камсыздоо милдетин армияга өткөрүп берүүнү ооган өкмөтү да колдоодо. Бирок май айына чейин саны 70 миңге жетип, толугу менен куралданып, машыгуудан өтүп бүтөт деп күтүлгөн ооган армиясы бардык жоопкерчиликти өзүнө алганга чейин дагы көп жылдар керек.

- Ооганстандын коргонуу министри Абдул Рахим Вардактын айтымында, улуттук армиянын санын күчөтүү зарыл, бирок армияга биринчи кезекте согуштук жана унаа учактары жана оор куралдар жетишпейт. Бириккен Араб эмираттары жана Чех жумурияты өлкөгө советтик доордон калган учактарды берүүгө макул болушкан, ал эми НАТО Италиядан С-27 үлгүсүндөгү жүк ташуучу учакты сатып алганы жатат.

Ооганстандын улуттук армиясын машыктыруу үчүн жооп берген америкалык генерал-майор Роберт Коундун 26-мартта билдиришинче, ооган армиясы 2013-жылга карата гана толук даярдыкка келмекчи.

Коун ошондой эле келерки жылдын март айына чейин ооган армиясынын катары 80 миңге жетээрин, бирок кырдаалды толук көзөмөлдөп туруу үчүн, азыр өлкөдө турган 47 миң эл аралык тынчтык күчтөрү менен 16 миң америкалык аскерлер да жетишсиздик кылаарын белгиледи.

Коунга ылайык, өлкө полиция күчтөрүн бекемдөөгө да муктаж. Бирок Ооганстандын улуттук полициясы өнүгүүсүндө ооган армиясынан да бир нече жыл артта турат. Буга коррупция жана полиция кызматкерлеринин сабатсыздыгы кошумча болуп жатат. Мисалы 17 миң тартип коргоочудан жакында 8 миңи тестирлөөдөн өтпөй калып, иштен кетирилди. Жер-жерлерде Кошмо Штаттары машыктыруу ишин колго алган, бирок бул иш Ооганстандын 364 дубанынын жетөөндө гана өтүп жатат. Коундун сөзү боюнча, учурда өлкөдө 1300, негизинен америкалык машыктыруучу бар, дагы 800ү жетишпейт, алардын коопсуздугун камсыздоого азыркыга кошумча 1 жарым миң аскер зарыл болмокчу.

Бир топ мезгилден бери артка тартылып келген Европа Биримдигинин 190 кишиден турган тартип коргоочуларды даярдоо миссиясы жакын арада ишке киришүүдө. Бирок европалык кызматкерлер Кабулда жана дубан борборлорунда жогорку деңгээлдеги көзөмөл иши менен чектелмекчи.

Азырынча, НАТОнун аскер башчылары козголоңчулар коркунучу айрымдар айтканчалык эмес деп ырасташууда.

НАТОнун Европадагы башкы кол башчысы генерал Бантц Граддок жакында Азаттыкка былтыркы эсеп боюнча, коопсуздук көйгөйлөрүнүн 70 пайызы өлкөнүн 10 пайызына гана мүнөздүү экенин, ал аймактарда калктын 6 гана пайызы жашаарын билдирди.

Ошол эле мезгилде сөз болуп аткан коогалуу Хелманд жана Кандагар дубандары Ооганстанды чырмооктой чырмап алган апийим өндүрүшүнүн да чордону болуп саналат. Эки дубан тең Пакистан менен чектеш жайгашкан, бирок чек арада ар ким каалагандай аркы-терки жүрөт. Жергиликтүү пуштун уруулары чек араны тааныбай тургандыгын НАТОнун өкүлдөрү да моюнга алышат.

Жаңыл Жусубжан, Прага
XS
SM
MD
LG