Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:21

Орусия менен Кытай үстөмдүк кылган Шанхай Кызматташттык уюмуна Иран толук кандуу мүчө болуп кирүү нийетин жарыялады. Бирок көп эксперттер буга Москва менен Бейжиндин макул болоорунан күмөн санашууда.

Ушул аптада Ирандын Тышкы иштер министри Манучехр Моттаки Тажикстанда болду. Дүйшөмбү калаасында ал Тегерандын Шанхай Кызматташттык уюмуна кирүү нийетине тажик президенти Эмомали Рахмон колдоо көрсөтөм" деп убада кылганын билдирди:

– Исламдык Иран жумурияты ШКУда байкоочу макамына ээ, жана биз жакында толук мүчөлүккө арыз бердик.

Уюмда Ирандан тышкары, Ооганстан, Индия, Монголия жана Пакистан байкоочу макамына эгедер. ШКУ 1996-жылы Шанхай Бешилтиги деген аталышта түзүлүп, ага Орусия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирген. Аталышын 2001де Шанхай Кызматташттык уюму деп өзгөрткөн.

Владимир Сажин Москвадагы Чыгыш таануу институтунун эксперти. Ал Азаттыкка "Иран ШКУга кошулса, бул өлкөнүн саясий жана экономикалык өсүшүнө чоң огожо болмок" экенин билдирди. Өзүнүн ядролук программасына байланыштуу, Иран Батыш менен чатак мамиледе экени маалым. Адистин айтымында, ШКУга толук мүчө болуп кирсе, Иран Орусия менен Кытай сыяктуу дөөлөттүү, расмий жана мыйзамдуу шерик күтмөк. ШКУ мүчөлүгүнөн кайсы бир деңгээлде анын АКШдан коргонуу даремети да күч алмак.

- Экинчиден Иран ШКУнун канаты астында жана уюмдун толук кандуу мүчөсү катары, АКШ менен Израилдин куралдуу кол салуусунан кепилдикке ээ болгусу келет.

Шанхай Кызматташттык уюму Батыштын таасирин чектөө далалатында түзүлгөнү чын, бирок көпчүлүк байкоочулар Орусия менен Кытай Ирандын айынан уюмду Вашингтон жана Брюсселге ачык каршы коюну каалабайт.

Ансыз деле 2005-жылы Астана самитинде уюм Кошмо Штаттарын Кыргызстандагы жана башка борбор азиялык жумурияттардагы аскерлерин чыгарып кетүүнүн мөөнөтүн тактоону талап кылган. Мындан көп өтпөй, өзбек өкмөтү Каршы-Канабад аскер базасынан америкалык аскерлерди чыгарып салган.

Турай Атабаки Голландиядагы Лайден университетинин Борбор Азия тарыхы боюнча профессору:

– ШКУдагы көзүрлөр болгон Орусия менен Кытай анын Батышка, анын ичинде Америкага тикелей кастарын тиккен уюм болушуна жол бербөөгө аракеттенет.

Орусиялык аналитик Владимир Сажин да ушул эле пикирде. Анын оюу боюнча Тажикстанда Моттакинин Тегерандын ШКУга кошулушу тууралуу айткандары Ирандын ишке ашышы күмөндүү кыялы гана.

"Тегеран Орусия же Кытай менен кеңешип, анан ушул билдирүүнү жасады деп ойлобойм, анткени Москва менен Бейжин буга макул боло койбойт, - дейт серепчи.

Сажиндин ишениминде, эгер Иран ШКУга мүчө болуп кирсе, ал Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешиндеги батыштык туруктуу мүчөлөр менен ачык конфронтация жаратууга аракеттениши мүмкүн экендигин Москва менен Бейжин жакшы түшүнөт.

Учурда Шанхай кызматташттык уюмунда жаңы мүчө кабыл алууга мораторий бар. Буга чейин уюмга 2001де бир гана Өзбекстан жаңы мүчө болуп кирген.

Мындан тышкары, эгер Иран ШКУга кирсе, анда Кытайдын колдоосуна ээ болгон Пакистан да кабыл алууну сурамакчы. Бирок Пакистанды аны менен мамилеси начар коңшусу Индиясыз кабыл алуу ШКУ үчүн жаңы баш ооруга айланат. ШКУ буга чейин Индиянын мүчө болушуна кызыгуу билдирген, бирок Нью-Дели бул жаатта расмий билдирүү жасай элек.

Жаңыл Жусубжан, Прага
XS
SM
MD
LG