Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:12

БУУнун адам укугу боюнча комиссариаты Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүнө баа берет. Бул тууралуу билдирген акыйкатчы Турсунбек Акундун “Азаттыкка” билдиргени боюнча БУУнун атайын миссиясы май айынын ортосунда келип, текшерүү жүргүзмөкчү. Бул иш-чара Кыргызстандын Акыйкатчы институту менен БУУнун ортосундагы кызматташуу максатында болууда.

Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн келе турган БУУнун миссиясына улуттук эксперт көмөктөшүүсү тийиш. Ал экспертти жергиликтүү укук коргоочулар, юристтер тандашат. Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтуусунда улуттук эксперт болуу үчүн адам укугун коргоо жагынан сабаттуу болуусу зарыл:

-Кыргызстанда адам укугун жакшы билген, мыйзамдарды жакшы билген, Жогорку Кеңештин нормаларын, Акыйкатчы институтунун ишин иликтей билген, орус жана кыргыз тилдерин жакшы билген адам болушу керек.

Акыйкатчы институтунун ишине баа берүүчү БУУнун миссиясына көмөктөшө турган адам укук коргоо жаатында гана сабаттуу болуусу жетишсиз кылат. Ал эксперттик иликтөөлөрдү жасоого мурунтан катышып жүргөн, бүтүмдөрдү чыгарууга жөндөмдүү болуу менен бирге беш жыл аралыгында Акыйкатчы институту тарабынан БУУна жөнөтүлгөн отчеттордун мазмуну менен тааныш болууга тийиш. Мындай пикирин билдирген “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын айтуусунда улуттук эксперт болуп дайындалган кишиге бардык укук коргоочулар көмөктөшүүгө тийиш:

-Негизинен баарыбыз эле көмөктөшүп, ар бир укук коргоочу адам укугунун өзү иштеген жаатындагы иликтөө, укуктук анализдерин берсе, анан дагы бир укуктук эксперт иштесе жакшы болот болчу.

Кыргызстандын Акыйкатчы институту дүйнөлүк адам укугун коргоо коомчулугунда белгисиз. Акыйкатчы Турсунбек Акундун сөзү боюнча май айында келе турган миссиянын сапары мындан ары БУУнун адам укугун коргоо боюнча комиссариаты менен Акыйкатчы институтунун тыгыз кызматташуу аракетинен улам болууда:

-Дүйнөлүк коомчулукка бүтүн белгилүү, бардык акыйкатчылар Ысыккөлгө келди, билет баары, деп мактанып жүрбөйбүзбү. Мына ушуга бир аргумент: биздин аброюбуз эл аралык коомчулукта жок экен, нөл десек болот. Эмне үчүн? БУУнун алдында адам укугу боюнча кеңеш бар, ал кеңештин алдында Акыйкатчы институттардын координациялык кеңеши бар. Ошол кеңеш дүйнө жүзүндөгү акыйкатчылардын деңгээлин аныктайт экен. Эл аралык талаптарга жооп берген, алдыңкы Акыйкатчы институттары ошо координациялык кеңешке мүчө болуп кирет. Учурда ал кеңештин курамына 53 өлкөнүн акыйкатчысы кириптир. Ал эми Борбор Азиянын омбудсмендери жакын да жологон эмес. Мына биздин аброюбуз.

Турсунбек Акун өзү башына келген Акыйкатчы институту буга чейин адам укугун коргоо жаатында алгылыктуу иш алып бара албагандыгын белгилеп, институтта реформа жүргүзүү зарылдыгын билдирип келет.

Маалым болгондой Акыйкатчы институтунун айрым облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кызматынан кете башташкан. Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева бир нече жылдан бери бул тармакта иштеп, адам укугун коргоо жаатын түшүнүп калган кадрларды кызматтан бошотпой, акыйкатчы тескерисинче алар менен иштешүүнү колго алса дурус болмок, деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:

-Жаманбы, жакшыбы мурдагы кадрлар жоктон бар кылып, Акыйкатчы институтун түптөдү. Ошондуктан, алар менен иштешип, Акыйкатчы институтунун нары карай улантып, жаңы деңгээлге көтөрүү керек. Мына ушул реформа болуп саналат. Жок, эгер алар мурдатан түптөгөн пайдалуу багыттарын жокко чыгарып салса, бул - реформага жатпайт, -дейт Токтайым Үмөталиева.

КР президентинин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын жоюлушу менен Кыргызстанда адам укугун коргоо жагдайы алсырап калды. Анын үстүнө Акыйкатчы институтунун өзүнүн укугу чектелүү, айрым мыйзамдар боюнча адам укугун коргоодо колу буту тушалып калган, деген пикирлер да бар. Мындай пикир ээлеринин айтуусунда Акыйкатчы институтун реформалоо кызматкерлерди кыскартып, кадрларды алмаштыруу жолу менен эмес, адам укугун жакшыртууга салым кошо алган турган реформа болууга тийиш.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG