Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:27

7:15 Президент Курманбек Бакиев 12-апрелде өтүүчү Элдик курултайга чакырылды


Бул тууралуу “Акыйкат үчүн” коомдук кыймылынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аталган кыймыл бүгүн президентке ачык кат жолдойт. Анда Баш мыйзамдын 23-беренесине ылайык Элдик курултайды өткөрүү, сөз эркиндигин, атуулдардын өз ой-пикирин эркин билдирүү шарттарын жергиликтүү бийлик жана тартип коргоо органдары тарабынан одоно бузгандыгы жазылган. Ошондой эле “президенттен Конституциянын кепили катары Элдик курултайды өткөрүүгө бийликтин тоскоолдук кылбай имарат менен камсыз кылуусуна көз кырын салуу өтүнүчү да камтылды”, - дейт Жекшенкулов.

-Курманбек Бакиев өзү оппозицияда жүргөндө имарттарды жаап, жыйын өткөрүүгө бийлик тоскоолдук кылганын белгилеп, анан толкунданып айтпады беле, “мындай болбош керек. Бийлик эркин жыйын өткөрүүгө уруксат бериши керек. Бул мыйзам ченемдүү. Альтернативдүү жыйын болсо муну угуш керек”, - деп айтпады беле. Биз ошол айткандарын эсине салалык деп атабыз, - деди Жекшенкулов. (AJ)

XS
SM
MD
LG