Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

Б.ЖАНУЗАКОВ: БАКИЕВДИН УШАКТАЛЫШЫНА АДМИНИСТРАЦИЯ КҮНӨӨЛҮҮ


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Президент Курманбек Бакиев Германиядан келип, анын саламаттыгынын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/217C01E7-ED82-4B2F-95A1-42AF107991E9.asp айланасындагы уу-дуу кептерге чекит коюлду. Бирок бул айың-кептерди ким чыгаргандыгы боюнча ар кандай пикирлер айтылууда. Мына ушул маселенин тегерегинде “Азаттык” үналгысына коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, “Кут” партиясынын лидери Болот Жанузаков маек куруп берди.

-Болот мырза, президент Курманбек Бакиев анын саламаттыгынын айланасындагы айың-кептердин чыгышына оппозиция же Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин совет доорунан калган “ушак таратуу бөлүмүнүн” кызматкерлеринин тиешеси бар болушу мүмкүн деген жоромолун орусиялык “Время новостей” гезитине берген маегинде айтып кеткен экен. Мунун канчалык чындыгы бар деп ойлойсуз?

-Мунун төгүн-чынын бир далилдүү нерсе болсо, ошондо гана айтууга болот. Улуттук коопсуздук кызматы бул мамлекеттин эң чоң институту. Ошон үчүн ага сөз тийгизгенге негиз жок, бул туура эмес деп ойлойм.

-Чынында эле мурунку КГБда “ушак таратуучу бөлүм” бар беле?

-Ал учурда деген жок болчу жана андай кызмат менен КГБ эч качан иштечү эмес. Себеби КГБ өлкөбүздөгү мамлекеттүүлүктүн коопсуздугун сактоочу эң ири кызматтардын бири болуп эсептелет.

-Анда азыркы учурда деле ошо Коопсуздук кызматында мындай бөлүм жок турбайбы?

-Бүгүнкү күнү кандай экенин билбейм, бирок мурда андай болчу эмес жана болууга дагы негиз жок деп эсептейм. Себеби коопсуздук кызматындагы бүгүнкү иштеп жаткан жигиттерибиз негизинен элибиздин, мамлекетибиздин коопсуздугу үчүн жанын дагы, күчүн дагы, акылын дагы сарптаган, жумшаган жигиттер деп эсептейм.

-Мурдагы КГБда иштеген бирин-экин адамдын кээ бири кызматтан алынды, кээ бири оппозицияга кетти. Балким мына ушундай айып ошолордун дарегине айтылып жаткандыр?

-Мунун дагы эч бир негизи жок деп эсептейм. Ал эми бирөөнү күнөөлөөнүн алдында ага бир негиздүү, жөндүү маселе таап туруп айтса болмок. Менин оюмча, бул мындай ушак сөздөрдүн тарап кетишине эң биринчиден бийликтин өзү күнөөлүү деп эсептейм. Президент адам катары ооруп калат, даарыланып дагы келиши керек, эс алышы дагы керек.

-Башкача айтканда муну ошол администрация өзү оппозицияны жаманатты кылуу максатында, же президентти “пиар” кылабыз деп чыгарган жокпу?

-Аны дагы колумда далил жок болгондон кийин ушундай деп бүтүм чыгарсам мен сасык саясатчынын кейпин кийип калам. Антип айта албайм. Бирок ошол бийликтин өзү күнөөлүү экени, администрация күнөөлүү экенин ушундай ушак-айыңдын чыгып кетишине түздөн-түз тиешеси бар деп эсептейм. Себеби президенттин эс алууга кеткенин же болбосо даарыланып жатканын ачык-айкын элге билдириш керек. Президент - өлкөнүн башчысы. Анан бир күнү эле өлкө башчысы дайыны жок кетип калса, эл эмне деп ойлойт? Бүт дүйнө коомчулугу деле ойлоп калгандыр, бул Кыргызстандын президенти эс алып жатабы, ооруп жатабы, таптакыр эле дайыны жок деп. Элибиздин бүдөмүк бойдон калганы бул өтө өкүнүчтүү нерсе.

-Айрым байкоочулар мына ушул президенттин айланасындагы ушак-кептер маалыматтын жашыруун жана жок болгонунан келип чыкты деп айтып жатышпайбы. Негизи, байкоочулар бул жерде администрацияны, же басма сөз кызматын күнөөлөө туура эмес, мунун артында президент өзү турат деп айтып жатышат. Сиз бул пикирге кошула аласызбы?

-Дегеле сөздүн негиздүү болгону жакшы деп эсептеймин. Ошон үчүн бирөөнү күнөөлөштөн мурда ошого менин колумда далилим, же болбосо өзүмдүн көргөн-билген нерсем болуш керек. Ошон үчүн бирөөнү күнөөлүү деп айтышка мен эч батына албайм. Ал эми ушундай ушак-айыңдын чыгып кетишине ошолордун кылган ишинин начардыгынын негизи бар деп эсептейм.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG