Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:37

“ТУУГАНДУУ БИЙДЕ ЫЙМАН ЖОКПУ?”


Дүйнө элдеринин тарыхында мамлекетти башкаруу атадан балага мураска өтүп келген мисалдар жок эмес. Бул көрүнүш айрым өлкөлөрдө бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Тарыхта акылдуу падышалар үмүт арткан баласын келечекте мамлекетти татыктуу башкарсын деп оор сыноолордон өткөрүп, акылмандарга берип тарбиялаткан. Бийлик акылсыз уулдун колуна тийип өлкөнү бүлүндүрүп, ал тургай жок кылган учурлар да жүздөп саналат.

“Агым” гезити (http://presskg.com) кыргыз тарыхында эл башкарган И. Раззаков менен А. Масалиевдин уул-кыздарынын ичинен тайраңдап көөп жашагандары болбогонун, балээнин баары эгемендикке ээ болгондон кийин башталып, Акаев баш болгон президенттер билмексенге салып эл-журттан уялбай калышканын, чоңдор балдарын абройлуу деген окуу жайларда окутуу, анан мамлекеттик кызматка орноштуруу, кызынын бактысын ачуу үчүн күйөө балдарын бутуна тургузуу, агасы менен инисин колдоо, туугандарын, жакындарын чогултуп бизнес кылууну көнүмүш салтка айландырганын белгилеп, бир кезде үч бир тууган Керимкуловдар бийик кызматтарда иштесе, азыр эки бир тууган Коңгантиевдер, бир тууган Сабировдар, Абдимомуновдор, Жээнбековдор, Салымбековдор, Суталиновдор ж.б. деп... ушул өңдүү атка минерлер менен депутаттардын, алардын тууган-туушкандары менен байлардын аты-жөнүн, баласы, кызы, өзү кайда иштээрин мисалдап, эгер ушул аттары аталгандар карапайым адамдар болгондо ушундай кызматтарда олтурат беле, кайран жашоонун азабынан алардын бала-чакалары акча табуу азабын тартып Орусиянын ызгаардуу суугунда жүрбөс беле деп баяндады.

Гезит мындан тышкары “Бомбейкат” рубрикасы аркылуу Акөргөлүк Караш Насердин ЖК депутаты Бакыт Бешимовго кайрылган катын басты. Катта пансионаттар казактарга 49 жылга арендага кете турган болсо аны экинчи кайрып ала албастыгыбызды, эми казактардын артынан өзбектер, анан тажиктер “доочу” болуп келерин, Каркыра жайлоосун, ГЭСтер менен суулардын колдон тайыганы калган тагдыры жөнүндө кейиш менен кеп кылган.

“Де-факто” гезити (http://defacto.kg) “Редактордун колонкасы” аттуу рубрика менен “Жаныш Бакиевдин уулу бир жарым миллион сом сурап атат” деген макаласында гезитке байланышкан кезектеги сот жүрүшү тууралуу сөз кылды. Анда судья Давлетбаева: “Эки тарап элдешүүгө оюңар барбы?” деп сураса, Жаныш Бакиев жөнөткөн эки адвокат “жок” деп кесе жооп беришти.

Ж. Бакиевдин 1-курста окуган студент уулу Асылбек Салиев атасынын агасы болгон президент К. Бакиевдин аброюна ушул сот аркылуу көлөкө түшүрүп албас бекен? А биз болсо карапайым үйбүлөнүн чырактай баласын сүзүп өлтүргөндөр эмне үчүн 8 ай бою тергелбейт деп жазганбыз, бирок Бакиевдин баласы сүздү деп жазган эмеспиз. Карапайым адамдын кайгы-муңу үчүн соттошкондон коркпойбуз деп жазды.

Ушул эле санда: “Бакиевдин Германиядан кайтып келиши өз жан-жөкөрлөрү үчүн күтүүсүз болду”, “Бакиев Германияга барып бөйрөгү каякта экенин билип келди” деген макалалар, “Президент барымтада калыптыр” деген интервью бар.

“Аалам” гезити (http://presskg.com) АКШдан, атап айтканда Демократиялык институттун президенти, кадимки Мадлен Олбрайт айымдан Америкада өтө турган демократиялык партиялардын съездине Ө. Текебаев, А. Атамбаев, Ф. Кулов, А. Мадумаров, М. Садыркулов, Б. Бешимов, Р. Отунбаева өңдүү саясатчыларга чакырык кат келгенин, парламентте чуулгандуу Каркыра, энергетика, көлдөгү пансионат маселеси көтөрүлөрү менен радикалдуу кадамдарга барбаган күчтөр да жарылып, оппозицияга кошулганы калганын, соңку кездери Акүйдөгү ыйкы-тыйкылар аз келгенсип, эми оппозиция жээгинде да тымызын тиреш башталганын маалымдап, Бишкек анализ борборунун деректири Сапар Орозбаковдун “Азык-түлүк коопсуздугуна сарасеп” аттуу макаласын улантып жарыялады. Автор анда 90-жылы ар бир кыргызстандык жаран жылына 51 килограмм эт жесе, азыр жылына 17 килограмм гана эт жеп калды, 90-жылы 264 килограмм сүт ичкен жаран бүгүн жылына 88 килограмм гана сүт ичип калды, ошентип элдин керектөөсү бир дагы азык-түлүк продуктусу боюнча физиологиялык нормага жетпейт. Бул дагы эчтеке эмес, эт менен сүттү керектөө так ушул азык-түлүктөрдү түздөн түз өндүргөн айыл-кыштак жеринде төмөн. Мисалы шаарда бир адам жылына 20 кил эт жесе, айылда жылына 14 кил гана эт жейт. Себеп бирөө эле - кимдин акчасы көп болсо ал жакшы тамактанат, кимде акча жок болсо ал ачка калат. Тилекке каршы акыркы жылдары бир адам канча тамак-аш керектээрин Улуттук статистика комитети жарыялабай калган. Демек тамак-ашка керектөөнүн кескин азайып кетиши жакырчылыктын улам күчөй беришинин белгиси деп баяндады экономист. Гезит мындан тышкары ушу кезде кайсыл жээкти карабагын саясатчылардын табити бузулганын, президент кичине сыркоолой түшсө Акүйчүл саясатчылар тышкы күчтөрдөн колдоо издеп жибергенин, А.Атамбаев Германияга барып Бакиевге жолугуп келсе эми 10-апрелге чейин өкмөт башчысы И.Чудиновду көчүккө тебет экен деген ушак-айың тараганын, деги биз качан ушундай ушактардын чаңынан өйдө көтөрүлө турган деңгээлге жете алар экенбиз деген суроону койду.

“Белый пароход” гезити Кыргызстандын президенти К.Бакиевдин орусиялык “Время новостейдин” баяндамачысы Александр Дубнов менен аңгеме-дүкөнүн толук жарыялады. Интервьюнун аягында кабарчы Казакстанга берилгени жаткан пансионаттардын тагдырын сурап кайрылганына Бакиев: “Парламенттин ушул маселеге тиешелүү комитети кандай чечим кабыл алганын мага айтышты. Бул 4 пансионат совет мезгилинде Казакстандын каражатына курулган. Бүгүн биз аларды казактарга 49 жылга арендага берип жатабыз. Казак тарап аларды төрт жылдыздуу деңгээлге көтөрүү менен жыл бою иштей турган пансионатка айлантабыз, ал жерде иштегендердин 80 пайызы кыргызстандыктар, биринчи иретте көлдүктөр болот деп милдеттенме алышууда. Айткылачы, мындан кимге зыян болот?” деп айтты. Демек сиздердин гезиттер жазып аткандай Мекенди сатуу тууралуу оюңуз жок турбайбы дегенине президент: ”Эч качан. Алардын баары жөөлүгөн сөз” деп жооп берди.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG