Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:55

Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Ысыккөл жээгиндеги пансионаттарды ижарага берүү, казак-кыргыз --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/4C436CA8-C3AA-4C9D-BE2E-B2B237907953.asp чек арасы жана Кумтөр маселелери тууралуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Арслан Малиев жооп берди.

-Арслан мырза, көл жээгиндеги пансионаттарды Казакстанга 49 жылга берүү керектигин президент Бакиев өкмөттүн кечээги отурумунда айтып чыкты. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

-Эгерде биз өзүбүздүн элибизди, экономикабызды ойлосок - бул туура жол. Себеби бул пансионаттарды казактар болобу, башкасы болобу, кимиси иштетсе, ошол жердеги тургундар жумуш орду менен камсыз болот. Ошол жерде жашаган элдер сүт, майы, алма-өрүктөрүн сата алат. Негизи бул туура эле. Эң негизги маселе - туристтер келиши керек. Мисалы, азыр пансионаттар көп. Бирок былтыркы жыл көрсөттү, туристтер келбесе бир топтору бош калат экен.

-Ошентсе дагы пансионаттардын, жерлердин ижарага берилиши эл арасында бир топ нааразычылыкты жаратпайбы?

-Бул эми менчикке берилген жок, ижарага берилип жатпайбы. Ижара деген убактылуу нерсе да.

-Өткөндө парламент отурумунда депутат Аскар Салымбеков көлдүн жээгинде казак ишкерлери ээлик кылган 30дан ашуун пансионат бар деп айтты. Чынында эле казак жарандары көл жээгиндеги пансионаттарга ээлик кылып жатабы?

-Мунун бир жолдору бар. Мисалы, мыйзам боюнча биз жерди чет өлкөлүк жарандарга сата албайбыз. Бирок ошону менен бирге эгерде фирмалар келип, алар сатып алса, анда уруксат бар деген сөз да. Казактын фирмалары сатып алууга мүмкүнчүлүк бар. Аны сатып алгандан кийин жанагындай эле маселе - алар бизге эң негизгиси туристтерди камсыз кылыш керек. Туристтер көбүрөөк келиши керек. Себеби эгерде туристтер келбесе, көлдүн деле кажети жок болуп калат да. Өзүбүз эле колдонуп, өзүбүз эле билип калабыз. Экономикага жана элге салым болбой калат.

-Кыргыз-казак чек арасында талаштуу деп саналган Каркыра жайлоосундагы 610 гектар жер казак тарапка берилип, алардан 1200 гектар кыргыз тарапка берилет деген канчалык чын? Анткени айрым байкоочулар айтып жатышпайбы, казактарга биздин жакшы жерибиздин өтүп кетүү коркунучу бар деп. Бул кооптонуу канчалык жүйөөлүү деп ойлойсуз?

-Ал жерди мен өзүм барып көрүп келгем. Ал келишимге кирип калган. Ал туура эмес, аны кайрадан четке кагыш керек. Биз депутат болгондо четке какканбыз, кабыл алган эмеспиз. Себеби ал берилет деген жөн сөз, а мындай иш жүзүндө эч нерсе жок, ал жөн гана соороткон сөз.

-Эми ушул Кумтөр маселесине кыскача токтоло кетсеңиз. Кумтөр маселеси боюнча өкмөттүн 2003-жылдагы токтомун жокко чыгаруу боюнча төрага орун басары Кубанычбек Исабековдун демилгесине көз карашыңыз кандай?

-Бул демилгени жасабай эле, эгерде чындыгында эле патриот болуп, элге пайда болсун десе, ал жагын депутаттар ойлосо, анда бизде Жогорку Кеңеште биринчи окууда алынган мыйзам бар. Мен ошол мыйзамдын автору болуп жазгам да. Ал жерде бардыгы жазылган. Бүгүнкү иш-аракеттер шоу болуп жатат, себеби эгерде Кыргызстандан канадалыктар кетсин десе, ал жерде деле ошол маанидеги жазуулар бар. Эгерде мурдагы бийликтер туура эмес жол менен коррупцияга кирип кеткен деген маселе бар болсо, ал жерде деле бар. Эгерде салык төлөбөдү, аны кайтарыш керек десе, ошол мыйзамда бардыгы бар. Ал мыйзам биринчи окуудан өткөн. Себеби бул мыйзам болуп калган. Бирок аны официалдаштыруу жолу эле калды. Экинчи окуудан өткөрүп, президент кол коюш керек.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG