Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:31

14:43 Жогорку Кеңештин комитети казактар алууга аракеттенген пансионаттар боюнча убактылуу комиссия түзүүнү сунуштады


Комиссия Ысыккөлдүн жээгиндеги төрт пансионатты Казакстанга өткөрүп берүү тууралуу келишимдин келип чыгышын иликтөөгө алыш керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер жана парламенттик кызматташуу комитетинин төрагасынын орун басары Кабай Карабеков бүгүн билдирди. Анын айтымында, мындай сунуш комитет тарабынан Жогорку Кеңешке жолдонду. Эми парламент ал боюнча өзүнүн чечимин кабыл алыш керек. Пансионаттарды Казакстанга өткөрүп берүү боюнча келишимге 2003-жылы мурунку президент Аскар Акаевдин Астанага сапары учурунда кол коюлган.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG