Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

КАЗАКСТАНДЫК АЙТУГАН АБЫХАНОВ ГУАНТАНАМО ЖӨНҮНДӨ


Кубанын Гуантанамо аралындагы америкалык түрмөнү жабуу жөнүндөгү чакырыктар АКШнын өзүнөн азыр да айтылууда. Бул тууралуу жакында эле бийликтеги Республикалык партиянын президенттикке талапкери Жон МакКейн жана өлкөнүн мурдагы Мамлекеттик катчыларынын бешөөсү билдиришти. Алар Гуантанамо Кошмо Штаттардын эл аралык беделине шек келтирип жатат деп эсептешет. Андан буга чейин бошонуп чыккандар арасында Казакстандын жарандары да болгон. Алардын бири менен жакында биздин үналгынын кабарчылары маектеше алды.

Азыр жашы отуз бирге келген Айтуган Абыханов - Алматы облусунун тургуну. 2002-жылы АКШнын Ооганстандагы аскерий операциялары учурунда террорчу, "ал-Каида" менен Талибандын согушкери деп шектелген чет элдик алты жүз адамдын арасында кармалып кеткен. Гуантанамодогу түрмөдө жалпысынан беш жыл бир айлык өмүрүн өткөрүп, акыры күнөөсүз деп табылган соң калган үч мекендеши менен бирге 2006-жылдын декабрында кайтып келе алды. Буга өз кезегинде Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин жана башка кызматтарынын АКШ менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү да өбөлгө болгон эле.

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун казак редакциясынын кабарчылары уюштурган интервьюнун жүрүшүндө көрүнгөндөй, узактан бери унчукпай келген Айтуган Абыханов көп маселелердин чоо-жайын ачыктоону каалабайт. Мындан улам ал чындап эле коркуп калган же тийиштүү кызматтардан эч нерсе айтпоо жөнүндө нускоо алгандай деген ой кетет.

Эки жыл мурда казак басма сөзүндө Гуантанамого түшкөн казактандыктар Ооганстанда согуштук аракеттерге катышкан эмес, бирок Талибандын чарбалык иштерине тартылгандыгы тууралуу жазылган эле. Анткен менен Айтуган Абыханов "Азаттык" казак редакциясындагы маегинде ырастагандай, ал Ооганстанга диний билимдин арты менен гана барып калган:

-Диний билим алайын деп, ыймандуулукту беттеп, Куранды үйрөнөйүн, намазды толугураак билейин деп Алматыдан оболу Пакистанга чыктык, андан ары жолоочулап Ооганстанга бардык, андан кийин Гуантамого кеттик. Гуантанамого өз эрким эмес, америкалыктардын кысымы астында бардым. Бизге курал-жарагы, тигинси, мунусу болгон деп жалаа жабышты. Мен өз башыма жооп берейин, мени зордоп кармаган учурда курал-жарак болгон эмес.

Ал эми Гуатанамодо зордук-зомбулукка кабылган-кабылбагандыгы жөнүндөгү суроого Айтуган Абыханов кыйыр гана жооп берип, бирок ал жердеги шарт-жагдай ден-соолугуңду бар же жок кыларын белгиледи:

-Баланча-түкүнчө кылды деп айтканды өзүм чынында каалабай турам. Анткени болот. Адам укугу болгону менен ал түрмө, өзүнчө мыйзамы, эрежеси бар. Ашыкча эч нерсе айтпайсыз, аракет кылбайсыз. Ал жерге кирсеңиз же ооруу болуп, же чыңдалып чыгасыз. Менимче узундугу үч , туурасы эки метр келген темир тордун ичинде узакка отуруу мүмкүн эмес. Өзүңүз элестетип көрсөңүз, болгону эки саат эшикке чыгасыз, калган 22 саатыңыз темир тордун ичинде.

Казакстандык мурдагы гуантанамочунун ырастоосунда, бул өзгөчө маккамдагы түрмөдөгүлөрдүн көбү динге берилген такыба мусулмандар:

-Баары намаз окуйт, азан чакырат, орозо кармайт. Колунан келгенче, кудурети жеткиче исламдын, мусулманчылыктын жол-жоболорун аткарышат.

Башында Гуантанамодогу түрмөгө Казакстандын төрт атуулу түшкөн. "Азаттык" радиосунун маектеши болгон Айтуган Абыхановдун айтымында, алардын үчөө: казак улутундагы эки, өзбек улутундагы бир жаран чогуу 2006-жылдын декабрында бошонгону менен уйгур улутундагы бир казакстандык Гуантанамодо калган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG