Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

КООМДУК ПАРЛАМЕНТ К.БАКИЕВГЕ КАЙРЫЛУУ ЖОЛДОДУ (текст)


Коомдук парламент 1-апрелде президент К.Бакиевге кайрылуу жолдоду. Анда 12-апрелде болушу күтүлүп жаткан элдик курултайга бийликтин айрым органдары тоскоолдук кылып жатканы айтылган. Төмөндө кайрылуунун тексти өзгөртүүсүз берилди.

Кыргыз Республикасынын Президенти К. Бакиевге
ачык кат

Урматтуу Курманбек Салиевич!


"Акыйкат үчүн“ коомдук кыймылынын жана Коомдук парламенттин атынан Сизге өлкөбүздүн Конституциясында каралган өз милдеттериңизди аткарууга киришкениңизге байланыштуу салам жолдойбуз.

Сизге ачык кат менен кайрылуубузга төмөнкүдөй кырдаал себеп болду.

Сизге белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 8, 14, 21, 23, 25, 29-статьяларына жана "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү“ мыйзамга ылайык бир катар саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын жана көзкарандысыз коомдук ишмерлердин демилгеси менен ушул жылдын январь-февраль айларында "Акыйкат үчүн“ коомдук кыймылы жана Коомдук парламент түзүлгөн эле. Бул коомдук уюмдар Сиз эмгек эс алуусуна кете электен мурда эле, Конституциянын 23-статьясын жетекчиликке алуу менен, 29-мартта Элдик Курултай өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алган.

Конституциянын жогоруда аталган нормасына карама-каршы келүү менен айрым борбордук башкаруу жана бийлик органдары (Юстиция министрлиги, республиканын Башкы прокуратурасы), ошондой эле мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары бир жарым айдан бери "Акыйкат үчүн“ коомдук кыймылынын жана Коомдук парламенттин иш-аракеттерин жокко чыгаруу боюнча планченемдүү иш жүргүзүүдө, ал эми биздин расмий кайрылууларыбызга жана каттарыбызга карабастан, жергиликтүү бийлик жана өзалдынча башкаруу органдары жыйындарга жана Курултай өткөрүүгө жай бөлүп бербестен, ар кандай тоскоолдуктарды жасап жатышат.

Атап айтканда, мындай фактылар жана окуялар Нарын, Талас, Жалалабат, Ош жана Чүй областтарында жана борбор шаарыбыз Бишкекте болгон. Мына ушуларга байланыштуу жана Сиздин отпускада чет өлкөдө жүргөнүңүздү, Сиздин денсоолугуңуз тууралуу анык, так маалымат өз убагында болбогондуктан ар кандай ушак-айың сөздөр айтылып жаткандыгын эске алуу менен Сиз жок учурда кырдаалды курчутпайлы деп биз Республикалык Курултайды 12 апрелге которгон элек.

Урматтуу Президент!

Чындыгында эле Сиздин кол алдыңызда иштегендер жана чиновниктер унутчаакпы? Жакында эле, А. Акаевдин тушунда, Сиз өз пикирлештериңиз жана партиялаштарыңыз менен ушу сыяктуу эле окуяны баштан өткөрбөдүңөр беле: "Партиянын бардык мүчөлөрү, партиянын жетекчилери эң оор кыйынчылыктарга туш болду. Анын ичинде мен өзүм да Ысыккөлгө барганда андайды баштан өткөргөм. Биз жолугушууну сыртта өткөрүүгө мажбур болгонбуз... Ушундай тынчтык мезгилинде, XXI кылымда мурдагы бийликтегидей ушунчалык кысымга алуу, басмырлоо болгону таңгалыштуу“.

Бул Сиз Президент болуп шайлангандан кийин Кыргызстан Элдик кыймылынын V Курултайында айткан сөздөрүңүз.

Тилекке каршы, Сиздин бийлигиңиздин тушунда да биз ушундай эле кысымга туш болуп олтурабыз.

Ошону менен бирге, Сиз Президент болгондон кийин айтылган башка да сөздөрүңүз бар: "Мен бийликтин аткаруу бутагынын, парламенттин, президенттин ишине баа берген кандай гана болбосун оппозиция же кандай гана болбосун орган мыйзамдуу жана алар менен конструктивдүү иштешиш керек деп эсептейм. Башкача айтканда, эгерде кимдир-бирөө мамлекет башчысынын же өкмөттүн же башка бир органдын иш-аракеттерине өз көзкарашы менен башкача баа берсе бул анын кысымга алынышы керек дегендикке жатпайт. Бул нормалдуу процесс жана, дагы бир жолу кайталап коёюн, алар менен конструктивдүү иштешиш керек, мен ошондой иштешейин деп жатам“.

Биз, "Акыйкат үчүн“ коомдук кыймылынын жана Коомдук парламенттин мүчөлөрү да ушундай позицияда турабыз. Ошондуктан Курултайды – тынчтык жолу жана мыйзам ченемдүүлүк менен өткөрөлү деп турабыз. Курултайдын темасы: “Кыргызстандын тарыхый тажрыйбасы, бүгүнкү абалы жана келечеги”

Урматтуу Президент!

Конституциянын кепили катары Сизден жергиликтүү жана борбордук бийлик органдары тарабынан көрсөтүлүп жаткан тоскоолдуктарды жана кысымдарды токтотуп, 12-апрелде Курултай өткөрүүгө көмөк көрсөтүүңүздү өтүнөбүз. Сиз, жана Өкмөттүн мүчөлөрү, башка жергеликтүү жана борбордук бийлик органдарынын да мүчөлөрү Курултайдын ишине катышсаңыздар жакшы болот эле. Биз өзүңүздүн жакында баштан өткөргөндөрүңүздү жана Президент катары айткандарыңызды унута элексиз деген үмүттөбүз.

XS
SM
MD
LG