Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

АБИЙИРГЕ ЧАКЫРЫК


Оппозицияда жүргөн бир катар көрүнүктүү саясатчылар “Ар намыс” партиясынын жаштар канаты сунуштаган абийир декларациясына кол коюшту. Бул документ бүгүн президент менен премьер-министрге да жөнөтүлдү. Андан соң калган бардык саясатчылар, бийлик адамдары декларацияны колдоруна алышмакчы. Айрым саясатчылар абийир декларациясы сыяктуу жараяндар өлкөдө көп болуп жатканын, ага кол коюудан майнап чыкпасын айтышса, башкалары мунун жакшы идея экендигине кошулушат.

“Ар намыс” партиясынын жаштар канатынын демилгеси, ар кыл бийлик бутактарынын баштарында турган жетекчилерге жана бийликке келүүнү каалаган саясатчыларга, “Элдин эсебинен эмес, эл менен бирге байлыкка жетүү!” деген ураандын алдында абийир декларациясына кол коюну сунуштайт. Кол тийбестиктен баш тартуу, туугандыгы бар адамдарды же пара бергендерди кызматка дайындабоо деген сыяктуу милдеттенмелерди камтыган бул декларацияга учурда Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Анвар Артыков сыяктуу саясатчылар кол коюшту. Эми ал бардык чиновниктерге, саясатчыларга жиберилмекчи. “Ар намыс” партиясынын жаштар канатынын жетекчиси Азамат Жаңыбаев бул тууралуу мындай дейт:

- 2005-жылы бизде бийлик алмашты. Бирок тилекке каршы коррупциялык система калып калбадыбы. Эч өзгөрүүлөр жок. Эми ушул кайрылуубуз, декларациябыз бийликке келе тургандарды, бийликте отургандарды системаны өзгөртүүгө, жоопкерчиликке чакырат деп ойлойбуз.

Айрым саясатчылардын айтымында, мурдагы жана азыркы саясатчыларды абийирге чакырып, абийир декларациясы сыяктуу жараяндарды баштоонун пайдасы жок. Анткени алардын бардыгы элдин эсебинен байыганга, өз кызыкчылыктары үчүн бири-бирин сатып кеткенге маш болуп калышкан. “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиевдин пикири буга үндөш. “Ал тургай бизде чыныгы оппозиция жок. Оболу оппозициянын өздөрүнүн абийири жогору болсо”,- дейт ал:

- Мурдагы жана азыркы жетекчилерди абийирге чакырып, уяткаруунун эч кандай таасири жок. Булар үчүн абийир, ыйман дегендин кереги жок, буларга бийлик болсо болду, ошонун күчү менен байыса болду. Менин оюмча Кыргызстанда чыныгы оппозиция жок. Оппозициябыз дегендердин көбү бийликке сатылып кетип атышат. Ошол эле Кулов, Атамбаев, Эшимкановдор... Ошондуктан эң биринчи оппозициянын лидерлеринин өздөрүнүн абийири таза болсо жакшы болот эле.

Акыйкатчы Турсунбек Акундун пикиринде, абийирге гана байланышып, саясатчыларды таза иштөөгө үндөгөн документ болсо мунун зыяны жок:

- Текебаев, Алиевдер кол коюшкан экен. Мен документ менен таанышып чыгайын, эгер менин көңүлүмө төп келсе, абийирге байланыштуу болсо эмне үчүн колдоого болбосун. Нормалдуу эле идея. Чынында мен ушундайларды колдойм.

XS
SM
MD
LG