Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:27

17:18 Ооган согуш ардагерлеринин облустук кеңеши Жалалабат шаарынан жер берүүнү суранды


Ооганчылардын областтык кеңешинин төрагасы Орозбек Шеркулов шаардагы Токтогул сейил багынан жер бөлүштүрүп берүүнү суранып, шаар мэриясына кайрылды. Облкеңеш атайын бөлүнө турган жерге коомчулуктун күчү менен ооган ардагерлерине музей ачууну көздөөдө. Анткени Ооганстанда кызмат өтөп жүргөндө курман болгон Советтер Союзунун Баатыры Юрий Исламовду кошуп эсептегенде облустун 29 тургуну ошол жакта. 18 киши чет элдик террорчулар басып киргенде Баткен алааматында окко учкан. Ооганстанда алган жарааттарынан жана ден-соолуктары начардыгынан көпчүлүк ардагерлер мекенине кайтып келгенде көз жумушкан. Музейге башка өлкөлөрдөгү согушка катышкан адамдар тууралуу да маалыматтар, экспонаттар коюлушу ыктымал. (YA)

XS
SM
MD
LG