Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

ЗИМБАБВЕДЕ ШАЙЛООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖАРЫЯЛАНА ЭЛЕК


Зимбабведе шайлоодон үч күндөн кийин да жаңы мамлекет башчысынын ысмы аталбай жатат. Парламенттик шайлоодо президент Роберт Мугабенин Зану-ПФ партиясы оппозициядагы Демократиялык өзгөрү кыймылынан анча-мынча алдыда экендиги жарыяланды. Бирок президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча эч кандай маалымат бериле элек. Ушуга байланыштуу оппозиция өлкөнү дээрлик 30 жылдан бери башкарып келаткан 80ден ашкан Роберт Мугабе бийлигин сактап калуунун айласын кылып атат деп шектенүүдө. Зимбабве шайлоодон кийинки тополоңдо миңден ашык кишинин өмүрү кыйылган Кениянын жолоюна түшүп жаткан жокпу?

Зимбабве кыйраган өлкө деп саналат. Бир кезде түштүк Африкадагы өсүп-өнгөн бул мамлекетте бүгүн инфляция 100 миң пайыздан ашкан, азык-түлүк тартыш. Экономикалык кыйроо үчүн жоопкерчилик албетте өлкөнү көз карандысыздыктан кийинки 28 жыл бою башкарып келаткан президент Роберт Мугабенин мойнунда.

Бирок 84 жашка чыкса да, эгемендүүлүк үчүн күрөштүн ардагери бийлигин тапшырууга шашылган жок. Өткөн апта соңундагы шайлоодо ал кайра талапкер болуп катышты, бирок анын жеңгенин же жеңилгени белгисиз, себеби өкмөт шайлоо жыйынтыгын алигиче жарыялай элек.

Оппозициядагы Демократиялык өзгөрүш кыймылынын баш катчысы Тендай Бити кечээ бийликти сот системасы аркылуу ыкка келтирүүнүн мөөнөтү өтүп кеткендигин белгилеп, "оппозиция эми Зимбабвенин элине жана демократиялык дүйнөгө ишеним артат" деди:

-Биз бул ишти сотко бербейбиз. Бизге Зимбабвенин эли сот болсун, Африкадагы бир туугандарыбыз жана эл аралык коомчулуктагы жоро-жолдошторубуз сот болсун.

Муну менен оппозиция лидери Мугабенин бийлигине кийлигишүүгө чакырып жатабы, айтыш кыйын.

Бирок өкмөттүн экономикалык саясатындагы өксүктөрдөн улам ансыз да каржылган калктын жакырчылыктын сазына баткан катмарларында нааразылык өсүп баратканында шек жок. Андай жерлерде тартип коргоочулардын саны көбөйтүлдү. Өкмөт расмий жыйынтык жарыялана электе оппозиция "биз жеңдик" деп чыкса, бул мамлекеттик төңкөрүш деп саналаарын эскертти.

Бирок Демократиялык өзгөрүш кыймылы унчукпай калган жок. Алар өз санагына таянып, "кыймылдын жетекчиси Морган Тысавангирай Мугабеден дээрлик эки эсе көп добуш алды" деп ырастады.

Оппозицияны колдогон добуштардын бир бөлүгүн бийлик партиясынан чыгып алган Симба Макони алганы менен, көз карандысыз ЗЕСН байкоо тобу Тысавангирай президенттик шайлоодо баарынан көп добуш алаарын болжолдогон.

Кошмо Штаттары жана Зимбабвенин мурдагы колонизатору Британия сыяктуу өлкөлөр Зимбабведе шайлоо акыйкаттыгын камсыз кылууга чакырууда. АКШнын Мамдепартаментинин маалымат катчысы Том Кейси дүйшөмбүдө Вашингтон Хараре өкмөтүнүн иш-аракетине нааразы экендигин мындайча билдирди:

-Биз шайлоого чейин бүлетендердин ашыкча басылышы, почта аркылуу келүүчү бүлетендердин көп болуп жатышы сыяктуу Зимбабве өкмөтүнүн шайлоого чейинки аракеттерине тынчсызданып жатабыз.

Коңшулаш Кенияда мындан бир нече ай мурда шайлоо жыйынтыгынан улам тополоң чыгып, кан төгүлгөн эле. Зимбабведе да ушул окуя кайталанышы мүмкүнбү? Азырынча Зимбабвенин эли экономикалык каатчылыкка чыдамкайлык менен туруштук берип келди. Шайлоого да тартиптүү катышты.

Бирок Мугабе жеңүүчү деп жарыяланса, буга эл ишенеби же алдамчылык деп кабыл алабы - кеп ушунда. Кандай болгон күндө да алдыдагы бир нече апта демократия эми тамыр жайып келаткан өлкө үчүн сынак мезгил болуп кала тургандай.

Сүрөт xinhuanet.com интернет баракчасынан алынды.

XS
SM
MD
LG