Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:47

2-АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргызстан советтик жазуучулар кошууну 1934-жылдын 2-апрелинде Басма үйүндө жыйын өткөрүштү. Кыргызстан өнөр жайынын флагманы аталган Карабалта кант заводунун курулушу 1935-жылдын бул күнү бүткөрүлгөн.

Калкты Социалдык жана эмгек менен камсыздоо боюнча Пишпек уезддик-шаардык бөлүмү 1919-жылдын 2-апрелинде жардык жарыялады. Жардыкта кимде-ким профессионалдык союздун мүчөлүгүнө катталбаса, ага тамак-аш карточкасы берилбей тургандыгы белгиленген. Кары жана жеткинчектер ачкадан жабыр тартпасы үчүн жашы 55тен ашкан жана 16 жашка чейинки адамдарга профсоюзга катталбаганга уруксат берилген.

Фрунзе шаарынын чок ортосунда орун алган Борбордук Аткаруу комитеттин имаратын ар кандай кокустуктан сактоо максатында, 1928-жылдын 2-апрелинде мамлекеттик камсыздоого алынган. Кыргызстандагы эң ири имарат эсептелген өкмөт үйүнө бюджеттен 530 рубль 88 копеек бөлүнгөн.


Кыргызстан советтик жазуучулар кошууну 1934-жылдын 2-апрелинде Басма үйүндө жыйын өткөрүштү. Жыйында адабият ийримдеринин жана комсомол активисттердин ишкердиги талкууланып, алардын саясий сабаттуулугу сыноого алынды. Жыйынга чакырылган жолдоштор саясий жана адабият тематикасы боюнча түзүлгөн 100 суроого жооп беришкен. Аталган суроонун токсонуна жооп бергендер баалуу сыйлыктар менен сыйланган.

Кыргызстан өнөр жайынын флагманы аталган Карабалта кант заводунун курулушу 1935-жылдын бу күнү бүткөрүлгөн. Завод курулушунда орун алган айрым өксүктөргө карабастан, өкмөттүк комиссия ишкананы ишке киргизген. Кыргыз Автономиялык Республикасынын биринчи катчысы Морис Белоцкий өнөр жай курулушун Кыргызстандагы лениндик-сталиндик саясаттын үзүрү катары баалаган.

Фрунзелик архитекторлор 1962-жылдын 2-апрелинде борбор шаарда курула турган микро райондордун орун алышына байланышкан жыйын өткөрүштү. Жыйынга Москва, Ленинград, Новосибирск, Ташкент жана Дүйшөмбү шаарларынан атактуу архитекторлор катышып, Кыргызстандын ордо калаасынын курулуш принциби, жасалгаланышы жөрөлгөсү жөнүндө пикирлерин билдиришти.

Архитекторлордун сунушуна ылайык борбор шаардын чыгыш тарабына 1000 гектарлык фабрика, завод, складдар үчүн «өнөр жай ишканалары орун алчу» жер камдашкан. Чыгыш промзонанын долбоорун даярдоо иши фрунзелик жана москвалык архитекторлорго жүктөлгөн.

Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетине караштуу партия тарыхынын Институту 1991-жылдын 2-апрелинде, Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетине караштуу коомдук-саясий изилдөө Институту болуп өзгөртүлдү.

Жардык күлкү күнүнө туш келбесин деп бир күн кеч жарыяланганына карабастан, аталышы өзгөртүлгөн институт бардык коммунисттик мекемелердей эле жарым жылга жетпей ишин токтотту.
XS
SM
MD
LG