Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:33

ОҢ ЖАККА БАРСАҢ ДА, СОЛ ЖАККА БАРСАҢ ДА ӨЛӨСҮҢ...


Баткенде жарылуучу ок дарылар катылган кооптуу делген беш аймак бар. Алардын баардыгы кошуна Өзбекстан менен болгон чегара тилкелеринде орун алган. 31-марттагы табылган авиа бомба дагы ошол кооптуу делген аймактардын бири Кадамжай районунун Миңчынар айылында. Мындай миналуу жана бомбалуу талаалардын айынан Баткен эли жоготууларга дуушар болуп келет.

Канышай апа Баткен районуна караштуу Чоңгара айылында жашайт. Анын уулу Улукбек минага жарылганда, ал тынч уйкуда болгон. Эртеси күнү сөөгүн алып келгенде гана уулунан ажыраганын түшүнгөн. Улукбек Төлөбаев айылдаштарына мина талаалары тууралуу маалымат берип жүрүп өзү мина курмандыгына айланды:

- Бул жака барбагыла, мина бар деп балдарды өткөрбөйм дечү. Анан өзү эмне болуп ал жака барганын билбейм. Биздин айылда көп адамдар кырсыкка учураптыр, - дейт 2003-жылы кыргыз-өзбек чегарасындагы минага жарылып каза тапкан Улукбек Төлөбаевдин энеси Канышай Төлөбаева.

Баткен облусунда Чоңгара айылынан башка дагы төрт кооптуу делген жарылуучу ок дары көмүлгөн аймактар бар. Алардын бардыгы Өзбекстан менен чегаралаш тилкелерде.

Баткен районундагы Таян, Кыштут жана Чоңгара айылдарына жакын жердеги мина талаалары 1999-жылкы Баткен окуясынан кийин жанкесептерден сактануу максатында Өзбекстан тарап койгон. Аталган аймакта өткөн жылда эле ондогон мал жандыктар жарылып, бир адам бутунан жаракат алган. Ал эми Кадамжай районуна караштуу Масалиев айыл өкмөтүндөгү Кенсай конушу 1975-89-жылдары Ооганстан согушу мезгилинде интернационалист аскерлердин машыгуучу жайы болуп, ушул күнгө дейре жарылбай калган авиациялык бомбалар табылууда. Кайгылуу кесепети - 2005-жылы эки өспүрүм балдардын жарылуусу.

Акыркылардан болуп үстүбүздөгү жылдын 31-мартындагы Миңчынар айылынан алыс эмес талаадан табылган фугастык-авиациялык бомбасы. Ушундай ок даары, аталган конуштан өткөн жылы эле үч даана табылган. Алардын экөө жергиликтүү эл турмуш тирчилигине колдонуп отурган жеринен аскерлер кайтарып алып, зыянсыздандырган. Мындай табылгалар дале болушу ыктымал дейт өз сөзүндө Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана кооргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев:

- Көп жылдан бери жатып калган, чириген, атылбай калган бомба экен. Азыр изилдөө иштери жүрүп атат. Табылгалардын көпчүлүгү 1965-66-жылдарга тиешелүү. Себеби ошол мезгилде Риштан районундагы Жайылмада учактар учуп келип, ошол жерге машыгууларды өткөрүп, ташталган бомбаларды биздин ата-бабаларыбыз билет. 72-74-жылдардан кийин суу чыгып өздөштүрүлүп кеткенден кийин ошол жердеги темир-тезектер, бомбалар азыр чыгып атат. Эл керектеп, металлоломго тапшырып аткан бомбаларын таап, былтыр биз май айында ошол бомбаларды жардырганбыз.

Жарылуучу ок дарылар коопсуздугун алдын алуу жаатында иштеген уюмдар да жок эмес. Алардын бирөө - Баткендеги “Кызыл жарым ай” коому жергиликтүү жашоочулар, алардын арасынан мектеп окуучулар үчүн маалымат таркатуу иш чараларын жүргүзүп келет:

- Бомбага байланыштуу биз курчак театрларды уюштурганбыз. Негизинен волонтерлор чоң роль ойногон, өздөрү кандай учурда жарылат, ошол учурда эмне кылыш керек деп, ошого байланыштуу текст жазып, өзүбүз ойноп чыгарганбыз. Биз төрт айыл менен иштегенбиз, “Минадан сак бол” деген щиттерди койгонбуз, ал жерде жаш бала минадан жарылып бутунан ажыраган сүрөттөр бар, - дейт Баткендеги “Кызыл жарым ай” коомунун кызматкери Азиза Пазылова.

Деген менен бүгүнкү күнгө чейин бул жерде мина, а тигил жерде бомба жатат деп эч ким кепил бере албайт.

XS
SM
MD
LG