Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:45

ЖАЛАЛАБАТ ПРОФСОЮЗДАРЫНДА КОШ БИЙЛИК ПАЙДА БОЛДУБУ?


Кесиптик кошуундардын тармактык комитеттери облпрофсоюз Кеңешинин төрагасы Уламсабыр Акматовго ишеним көрсөтпөй, пленумунда башка төраганы шайлап алышты. Алар аны эс алуу жайларына болгон жолдомолорду бөлүштүрүү жана профсоюздардын мүлкүн мыйзамсыз иштеткендиги, өзүм билемдиги, профсоюз мыйзамына ылайык иш кылбаганы үчүн сынга алышты. Жаңы уюушлган профсоюздардын обулустук-аймактык кеңешинин төрагасы болуп калган Уламсабыр Акматов эски коллегаларын реформага каршы чыккандыгы, элден алыс болгондугу үчүн айыптап, жолдомолор кыргыз өкмөтү менен профсоюздар федерациясынын токтомуна ылайык туура бөлүштүрүлгөндүгүн билдирди. Ошентип, облуста эки баштуу профсоюз өкүм сүрүүдө.

Кесиптик кошуундардын башчыларынын айтымында, Уламсабыр Акматов профсоюздардын облкеңеши, пленумдун мүчөлөрү менен кеңешпей, облустук-аймактык кеңешти жашыруун уюштуруп алган. Ал конференцияга делегаттар шайланган эмес. Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин облкомитетинин төрагасы Эрик Исмаевдин белгилешинче профсоюзда реформа жүргүзүү үчүн анын Уставы менен мыйзамына өзгөртүүлөрдү кийирүү керек болчу. Облпленумдун мүчөлөрү Акматовдун өзүм билемдиги үчүн ага ишеним көрсөтүшкөн жок:

- Профсоюзга карама-каршы структура түзүп атат. Ал структура биздин законбузда, же Уставдарда жок. Эч ким менен кеңешпей түзүп атат. Буга чейин кылган иштерин ачыкка чыгарып, профсоюздун активи бул мыйзамды бузгандык болот деп эсептеп, Акматовго ишеним көрсөтпөй, кызматынан бошотту.

Профсоюз жаатындагы реформаны мажбурлоо жолу менен жүргүзүү мүмкүн эмес. Каржылык жагынан чабал, өз алдынча иш жүргүзүүгө жарамсыз окшош уюмдар өздөрү эле биригүүдө. Кесиптик кошуундардын ардагерлер кеңешинин төрагасы Тешебай Борбукеев эл ичиндеги “обком профсоюздар эл үчүн кам көрбөй, өздөрүнө жакшы шарттарды түзүп алган” деген ойлорго кошулган жок. Анын айтымында, бир нече ай иш ордунда болбосо да, Акматовдун айлыгы толук төлөнүп турган:

- Финансы жок, кээ бир обкомдор жемек түгүл, өзүнүн айлыгын ала албай жүрүшөт. Булар жыргап атат дегенге мен кошула албайм, азыр профсоюздар абдан эле кыйналып турушат. Ошол себептен биригүү процесси жүрүп атат.

Илим-билим берүү кызматкерлеринин облкомитетинин башчысы Кубаныч Мурзакматов экс-төраганын облкеңешке караштуу автоунааларды мыйзамсыз иштеткенине каршы чыкты. Анын белгилешинче пленум-жыйындар өз убагында өткөрүлбөй, 20 300 мүчөсү бар уюмга былтыр 120 жолдомонун ордуна 25 путевка берилген:

- Эки жылдан бери Уламсабыр Акматов бир дагы президиум, бир дагы пленум өткөргөн жок. 2007-жылы 277 путевка келсе, ошону өз менчигиндей кылып каалаган адамдарына таркаткан, болушунча сатыптыр. “Нива” автомашинасын минип жүрөт, ушул убакытка чейин облпрофкомдун балансына коюп, ошого каттаптыр. 3129 деген “Волга” машина болгон, ошону ушул убака чейин бир жерде бекитип жатат. Биз сурасак бир жерде турат деп көрсөткөн да жок. Ал машине кайда экени да белгисиз.

Облкеңеш төрагасы менен обком профсоюздардын ортосундагы карама-каршылык реформа жүргүзүүнү толук түшүнбөгөндүктөн келип чыккан. Мурдагы төраганын орунбасары Латипжан Ахмадалиев:

- Тармактык облком профсоюздар төрагалардын койгон дооматы чындыкка ээ. Алынган путевкалар миң кишиге 4,3 даана путевка туура келет.

Кыргыз өкмөтү менен профсоюздар федерациясынын кошмо токтомунда жолдомолор обкомпрофсоюздар аркылуу бөлүнүшү каралбаган. Облустук-аймактык профсоюздар кеңешине төрага болуп калган Уламсабыр Акматов тармактык кошуундар элден алыс болуп, талапка жооп бербей калгандыгын билдирди. Ал эски кесиптештеринин айыптоолорун мындайча четке какты:

- Элге жакын болуп, элдин көйгөйлүү маселелерин жеринде чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп атат. Башка министрликтерде реформа болуп атат, себеби бардыгы элге жакын ийкемдүү структураны издеп атышат. А эмне үчүн профсоюздар бизде ушундай структура түзүп атса, борбордук, республикалык комиттетин төрагалары, обкомдор буга каршы чыгып атат? Алар элге жакын болбой, элдин талабын түшүнбөй калган.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG