Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:51

Ушул тапта жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жаткан учур. Бүгүнкү күнгө чейин жаздык дан эгиндеринин 45% себилди. Кыргыз өкмөтү жазгы айдоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктүн жетишинче колдоо көрсөтүп жаткандыгын билдирүүдө. Ал эми дыйкандар болсо убада кылынган үрөн, күйүүчү май жана минералдык жер семирткичтер өтө аз өлчөмдө берилип жаткандыгына нааразы.

Өткөн жылкы буудай таңсыктыгынан кийин кыргыз өкмөтү дан эгиндерин айдап-себүүгө өзгөчө көңүл бурууга киришкен. Мамлекет башчы Курманбек Бакиев да күздүк, жаздык айдоого негизги көңүлдү бурууну тиешелүү жетекчилерге тапшырып, жазгы талаа иштерин жүргүзүүдө дыйкандарга колдоо көрсөтүү үчүн “Айыл банктан” 100 миллион сом насыя бөлүүнү милдеттендирген. Мындан тышкары дан эгиндеринин үрөнүн сатып алуу үчүн 20 миллион сом, минералдык жер семирткичтер үчүн 30 миллион сом, айыл чарба техникаларын сатып алууга 200 миллион сом бөлүнгөн.

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министринин орун басары Ахмаджан Махамаджановдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражатка үрөн, күйүүчү май жана минералдык жер семирткичтер сатылып алынып жатат:

-Бүгүнкү күнгө 940 тонна үрөн мамлекеттик өнүктүрүү фонду менен келишим түзүлүп камсыздалды. Мындан тышкары 10 миң куб күйүүчү майды сатуу боюнча тендер өткөрүлүп, 20 сом 50 тыйындан жер-жерлерге жеткирилип берилип жатат. Бирок бул жагдайда иш аксаңкы жүрүп жатат, 31-мартка чейин болгону 11,5% гана күйүүчү май алынды.

Бирок биздин жер-жерлердеги угармандардан алынган маалымат боюнча азырынча дыйкандар өкмөттүн колдоосун жакшылап сезише элек. Дан эгиндери эң көп айдоо максат кылынып жаткан Ысыккөл облусунда аба-ырайына жараша жазгы талаа иштери акырындык менен башталып жатат.

Эгин айдоого азыртан кам көрүп жаткан Ысыккөлдүк дыйкандар күйүүчү май менен сапаттуу үрөн жетишсиз болуп жаткандыгын белгилешет. Облуска өкмөттөн бөлүнгөн 220 тонна үрөндүн 60 тоннасы гана апкелинген. Мындан тышкары убада кылынган 1600 тонна күйүүчү май да кечигип аткандыгын айтышат дыйкандар.

Аба ырайынын катаалдыгына байланыштуу Нарын облусунда да дан эгиндери кечирээк айдалат. Бирок Нарында да буудайдын сапаттуу үрөнү жоктугу, күйүүчү майдын кымбаттыгы фермерлердин кабыргасын кайыштырууда. Нарын районундагы Ортонура айлынын тургуну Советбек Байчериков мүшөктөп үрөн чогултуп жатканын кабарчыбызга айтып берген:

-Акыбал оор эле, былтыр кургакчылык болуп түшүм жакшы болбой калган. Үрөн менен май маселе болуп атат. Акимдер келгенде жардам сурасак, жок деп алакан жайышат. Мамлекеттик резервде да жок дешет. Жалдырап турабыз анан. Колдо бар тыйынга бир-эки мүшөктөп, ар кайсы сорттогу үрөн кылып чогултуп атам. Эми кандай түшүм болот, аны жыл көрсөтөт да.

Күйүүчү май маселеси Таласта да курч. Дыйкандар өкмөт убада кылган 20 сом 50 тыйындык күйүүчү майды күтүп отурушат. Карабуура районунун тургуну, дыйкан Анарбай Корчубеков өкмөттүн убадасы быйыл дагы сөз жүзүндө калып кетпесе экен деп тынчсызданат:

-Эл менен эч кимдин иши жок. Салык, суу акысын, жер акысын төлөө учуру келгенде эле чуркап келишет “келе, акча” деп. Баягүнү губернатор келип айтып кеткен “жолдо келатыры, 5-апрелге чейин келет. 20 сом 50 тыйындан беребиз” деп. Көрөбүз, күтүп атабыз ошону.

Ал эми түштүк облустарында дээрлик жаздык эгиндер айдалып бүтүп калды. Азыр дыйкандар пахта, тамеки жана башка жашылчаларды себүүгө кам уруп жатышкан учур. Түштүктүк дыйкандардын да кендирин кескен маселе: ошол эле күйүүчү май, минералдык жер семирткичтер жана айыл чарба шаймандары. Азыр бир айылдагы бирин-экин тракторго күнү түшүп, ага кезекке турган дыйкандар убакыттан уттуруп жибербөөнү ойлошот. Анткени жаздын бир күнү бир кышты багат.

Өкмөт акыркы эки жыл ичинде 200дөн ашуун тракторду Кытайдан жана Белорусиядан апкелип, дыйкандарга кредиттик союздар аркылуу тараткан. Бирок жазгы талаа иштери кычаган мезгилде ал да жетишсиздик кылууда. Өткөн жумада каржы министри Тажикан Калимбетова жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн быйыл мамлекеттик бюджеттен эң көп каражат бөлүнгөнүн билдирген. 2,6 млрд сомдун канчалык деңгээлде максаттуу сарпталганы күзгө жуук билинет. “Жөжөнү күздө сана” дечү беле...?
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG