Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:58

АКШ президенти Жорж Буш Украинанын НАТОго кошулуу аракетине колдоосун кайталады


Киевте америкалык президент Украинанын жетекчилери менен кездешти. Андан ары Буш НАТОнун саммитине катышуу үчүн Бухарестке жол тартмакчы.
Жылдык жолугушууда Украина менен Грузияга Мүчөлүк аракет планы сунуш этилет деп күтүлүүдө. Документ блокко мүчө болуп кирүүгө жол ачат. Буш окуялардын мындай өнүгүшүнө каршы болгон Россия НАТОнун чечимине вето кое албайт деп кошумчалады.

Франциянын премьер-министри болсо анын өлкөсү Украина менен Грузиянын НАТОго киришин колдобойт деп билдирди. Франсуа Фийондун айтымында, бул Европадагы тең салмактуулукка огожо боло албайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG