Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:03

Бүгүн Бухаресте саммити башталып жаткан НАТО уюмуна тигил же бул өлкөнүн кошулуусунда коопсуздук маселеси ар убак негизги жүйөө болгон эле. Бул эски совет аймагынын НАТОго кирүүгө талаптанып жаткан Украина жана Грузия сындуу мамлекеттери үчүн да туура келет. Бирок аталган өлкөлөрдүн саясий реформачылары үчүн НАТОнун демократиялык институттарды, жарандык коомду куруудагы ролу да коопсуздукка теңдеш мааниге ээ болуп тургандай.

НАТОнун румын башкааласы Бухаресте бүгүн ачылып жаткан саммитинде Грузия менен Украина уюмга кошулуу жолундагы маанилүү баскыч - Мүчөлүк аракет планына (МАП) кирүүгө үмүт кылууда. Уюмдун кеңейүүсүнүн 1999-жылдан кийинки жакынкы тарыхы көргөзгөндөй, Мүчөлүк аракет планын алган өлкөлөр акыр аягында НАТОго кошулган. Бирок Грузия менен Украина үчүн бул жараян балким бир нече жылга созулуп кетиши да мүмкүн.

Айрым саясий талдоочулардын пикиринде, кайра жаралып жаткан коңшусу Орусиядан корккондук эски совет аймагынын аталган эки өлкөсүнүн НАТОго кошулууга умтулуусунун негизги жүйөөсү экенине карабай, буга түрткү берген башка факторлор да жок эмес. НАТОнун жактоочулары коопсуздук менен тынчтыкты камсыз кылуудан тышкары транс-Атлантикалык альянс демократиялык баалуулуктар менен эрежелерге ашыкпаган өлкөлөр үчүн муну жайылтуунун эң жакшы мүмкүнчүлүгү экенин айтышат. АКШнын Мамлекеттик катчысын Европа жана Евразия иштери боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучу Курт Волкер мындай дейт:

-Биз муну адам өнүгүүсүнүн чегинен карайбыз. Демократияны, базар экономикасын, мыйзам үстөмдүгүн, адам укуктарын, коопсуздукту бекемдөө, эл аралык институттарга, глобалдык экономикага интеграциялануу үчүн биз эмне кыла алабыз? Ошондой эле транс-улуттук маселелердеги кызматташтык өтө маанилүү жана өтө татаал.

Демократиялык башкаруу ар убак альянстын мүчөлүгү үчүн негизги талаптардын бири катары каралып келген. Грузия менен Украинанын бул жаатта телегейи тегиз деп айтуу азырынча эртелик кылат.

Биринде 2003-жылкы Роза ыңкылабы, экинчисинде 2004-жылкы Саргылт ыңкылап алардын демократиялык реформалар жолундагы жүрүшүн алдыга жылдырды. Бирок эки өлкө али да мамлекеттик институттардын чабалдыгынан, жеке башкаруудан, демократиялык эрежелердин жетилбегендигинен жабыр тартууда.

Грузиялык айрым аналитиктердин көз карашында, НАТОнун мүчөлүгүнө өтүү өлкө бийликтери Орусиядан келген коркунучту демократиялык рформаларды артка буруу үчүн пайдалана албай калышын шарттайт. "Грузия НАТО үчүн" деген бейөкмөт уюмдун лидери Шалва Пичхадзенин айтымында, Грузиянын НАТОго мүчөлүккө өтүшү менен оппозицияны былтыр ноябрдагыдай кылып жазалоодо бийликтин төмөндөгүдөй актануулары суу кечпей калат:

-Грузия НАТОго канчалык көбүрөөк жакындаса, ал айныксыз түрдө демократиялык өлкөгө айланат. Анткени бүгүн башкаруучу элита, башкаруучу партия сырттан келген коркунучтан көп учурда чайкоочулук жасап, биз күчтүү мамлекетке, күчтүү мамлекеттик институттарга муктажбыз, демократия болсо күтүп тура алат деп айтууда. Эгер биз НАТОнун мүчөсү болуп калсак же бир кадам алдыга жылып, Мүчөлүк аракет планын толук баштасак, менимче, мындай чайкоочулук барган сайын негизсиз боло берет.

Аналитиктер ошондой эле Грузия бийликти чыныгы демократиялык жол менен өткөрүү тажрыйбасын али баштан кечире электигин айтышат. Өлкөнүн постсоветтик биринчи президент Звиад Гамсахурдиа бийликтен 1992-жылы мамлекеттик төңкөрүштүн аркасында айрылып, ордун мурдагы советтик лидер Эдурад Шеверднадзе баскан. Ал өз кезегинде бийликке азыркы президент Михаил Саакашвилинин алып келген Роза ыңкылабынын натыйжасында отставкага кетти. Саакашвили болсо былтыр ноябрда оппозициянын демонстрациясы күч менен кууп таратылгандан кийин жарыяланган чукул шайлоонун натыйжасында дагы бир мөөнөткө быйыл январда кайра шайланып алды. "Грузия НАТО үчүн" бейөкмөт уюмунун лидери Шалва Пичхадзе альянска мүчөлүккө өтүү мындай практиканы токтотот деген ишенимде.

Ал эми Украинада Грузиядан айрымаланып, бийликти демократиялык жол менен өткөрүүнүн тажрыйбасы бар. Бирок демократиялык институттар алсыз, саясий бийлик жеке адамга байланган. Президент Виктор Ющенко жана башка батышчыл саясатчылар бийликте тургандан бери өлкөдө баш-аламандык менен хаостун көрүнүштөрү утур –утур орун алып келди. Киевдик саясий талдоочу Александр Сушконун көз карашында, НАТО жана Еврошаркет өңдүү тышкы факторлор Украинаны саясий институттар менен мамлекеттик бюрократиясын реформалоого түрткүлөө үчүн чоң мааниге ээ.

Аткаруу тартиби кыйла начар Украина сындуу өлкө үчүн эл аралык чен - өлчөмү бар план менен милдеттемелерди алуу маанилүү. Ал кошумча стимул берип, мамлекеттик аппаратты ошол милдеттемелерди аткарууга мобилизациялайт. Албетте, эгер идеялдуу мамлекеттик аппарат болгондо, бизде буга муктаждык азаят.

Аналитиктердин айтымында НАТОнун мүчөлүгүнө өтүү менен менен кошо келген стабилдүүлүк экономика үчүн да жагымдуу шарт түзүп, артынын чет элдик инвестицияны ээрчитет. Маселен НАТОнун быйылкы саммитин тосуп жаткан Румынияда 2004-жылы, ал НАТОго кошулгандан бери чет элдик инвестиция арбыган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG