Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:50

10:35 Коррупция менен күрөшүү боюнча жыйын болот


Коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттик “Транспаренси Интернэшнл Кыргызстан” уюму менен бирдикте май айында эки күндүк эл аралык жыйын өткөрүүгө камынууда. Бул жыйындын негизги максаты өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин азайтуу боюнча сунуштарды түзүү жана талкуулоо болмокчу. Ага Малайзия, Латвия, Литва, Казакстан жана Тажикстандан өкүлдөр чакырылган. Мындан тышкары жыйынга мамлекет башчы жана прмеьер-министрдин катышуусу күтүлүүдө, деп кабарлайт коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттиктин басма сөз кызматы.
Коррупциянын деңгээлин иликтеген Транспарэнси Интернэшнэл уюмунун эсебинде Кыргызстан 2006-жылы дүйнөдө 142-орунда турса, 2007-де 150-орунга түшкөн. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG