Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:54

15:40 Бишкектеги кичиунааларда жолкире көтөрүлгөн жок


Бишкек шаардык транспорт департаментинин маалыматы боюнча жолкире өзгөртүлгөн жок, шаардык кеңеш буга байланыштуу маселени 10-апрелде карамакчы. Ошондой эле аталган департамент жолкире кымбаттаганын айтып, ашык акча талап кылган айдоочулар тууралуу кабарлап коюуну жүргүнчүлөрдөн өтүнөт. Маалыматта айтылгандай кечээ айрым багыттагы кичиавтобустардын айдоочулары 1-апрелден тарта жолкире 10 сомго чыкты, деп жүргүнчүлөрдөн ашык акча талап кылышканы тууралуу даттануулар болгон.
Бишкектеги кичиунаалардагы, 40 тан ашуун жүргүнчү ташуучу автобустардагы жол акысы 5 сом, ал эми троллейбустарда 3 сом, деп кабарлайт Бишкек шаардык транспорт департаменти.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG