Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Жогорку Кеңештин комитети кечээ 1916-жылдагы Үркүндү эскерүүнү сунуштаган токтом долбоорун жактырды. “Азаттык” үналгысынын суроолоруна бул долбоордун демилгечиси, Жогорку Кеңештин депутаты Бейшенбек Абдразаков жооп берди.

-Айрым байкоочулар билдиргендей, өлкө экономикалык оор кризисте турган учурда Үркүн маселесин көтөрүп чыгуунун канчалык зарылчылыгы бар эле?

-Биринчиден, бул жерде өлкөнүн экономикасы менен Үркүндүн эч кандай байланышы жок. Экинчиден, ал жерде өкмөттөн акча каражат сарпталбайт. Анткени августтун биринчи жумалыгында куран окутуп, Кыргызстан боюнча эскерүү күнү болот.

Анан эстелик салганда өкмөттөн бир тыйын алган эмеспиз. Бишкектин тегерегиндеги үй куруучулар өзүбүздүн ынтымагыбыз бар, бир сомдон чогултуп, 300 миң киши ошол эстеликти тургузганбыз. Өкмөттүн дагы эле болсо акчасы жок болсо, жанагы ыражабыз менен улантып акырындан сала бермекчибиз. Астыда 95, 100 жылдыгы болот. Ошого чейин акырындан сала беребиз деп ойлойм.

- Боом капчыгайынын кире беришиндеги Үркүн эстелиги карапайым элдин акчасына курулду деп айтып кеттиңиз. Эми ошонун жанында тарыхый-маданий комплекс курууга каражат бюджеттен каралыш керекпи, же бул дагы коомдук башталышта гана ишке ашырууга болобу?

-Мамлекетке байланыштуу болот, эгерде мамлекет туура таап ошого акча бөлсө, мамлекет тарабынан салынса чоңураак, жакшыраак салынат деп ойлойм. Бирок мамлекет буга чейин деле берген эмес, мындан кийин деле бербейт болуш керек деп ойлойм.

-Негизи канча каражат талап кылынат?

-Азыркы күнү мунун проектин чие элекпиз. Бул жерге чоң акча керек. Проектти чийип, эсептеп бүткөндөн кийин гана айта алабыз.

-Үркүн маселеси кыргыз-орус мамилесине терс таасирин тийгизет деп буга чейин айтылып келген. Сиздин оюңуз боюнча чындыгында эле ушундай кооптонууга негиз барбы?

-Биздин максат тарыхта алар, же булар күнөөлүү деп саясий баа берүү эмес. Бул жерде жалпы кыргыз эли августтун биринчи жумалыгында эскерип, ошолорго багыштап куран окутуп коюу эле. Андан башка максат тилек жок. Эми тарыхта мындай маселелер көп да, Белгия менен Германияда, Германия менен орустардын деле согушта өлгөндөргө чогуу эле барып эскерип атат. Мен ойлойм бул жерде эч байланышы жок болуш керек.

-Жогоруда айтылып кеткендей, бул маселе кечээ Жогорку Кеңештин комитетинде каралган экен. Депутаттардын арасында Үркүндү эскерүүгө каршы чыккандар болдубу?

-Кечээ мыйзамдуулук боюнча комитетте 12 киши баары эле бир добуштан колдоду. Эч кимиси каршы болгон жок. Анткени буга чейин үч жолу каралган. Биз өзүбүзчө караганбыз, кийин мен академия наукка кат жиберип, ал жактан доктор наук, кандидаттар келишкен, алар менен сүйлөшкөнбүз, ошондон улам эч ким каршы болбойт деп ойлойм.

-Эми токтом долбоору жалпы парламенттин угуусуна качан коюлушу күтүлүүдө?

-Апрель айынын күн тартибине кирген, апрель айында Кудай буюрса өткөрөбүз.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG