Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:14

17:00 Кумтөрдөн түшкөн каражаттар кайда кетип атат?


ЖК депутаты Роза Отунбаева Кумтөр алтын кенинен түшкөн каражаттардын сарпталышы боюнча маалымдама сурап, өкмөткө кайрылды. Өкмөт башчы Игорь Чудиновго, каржы министри Тажикан Калимбетовага жана курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттиктин жетекчиси Арстанбек Давлеткелдиевге багытталган Кайрылуу катта жазылгандай кыргыз өкмөтү 2004-жылы Кыргызстандын Кумтөр долбоорундагы 17% акциясын 86 млн долларга саткан. Мына ушул каражаттардын, жаратылышты коргоо үчүн жыл сайын бөлүнүүгө тийиш болгон 310 миң доллардын максаттуу пайдаланылышы, жакырчылыкты кыскартуу фондусунун 2005-2006-2007-жылдардагы иши тууралуу расмий түрдө маалымат берүүсүн өтүнгөн. Бул тууралуу депутаттын жардамчысы Жыргалбек Турдукожоев “Азаттыкка” кабарлады. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG