Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

БАКИЕВДИН ММКны ТЕСКЕ САЛУУ ЧАКЫРЫГЫ ТЫНЧСЫЗДАНДЫРАТ


“Ата Мекен” партиясынын жаштар канаты Кыргызстандагы массалык маалымдоо каражаттарынын тизгинин тартуу күчөтүлүшү мүмкүн деген кооптонуусун жар салган билдирүү таратты. Билдирүүдө президент Курманбек Бакиевдин Германияда дарыланып келгенден кийин өткөргөн өкмөт кеңешмесинде маалымат каражаттарында ар кандай маанидеги маалыматтардын жайылышына кабатырланып, өкмөт менен тартип коргоо органдарын мемиребей иштөөсүн талап кылышы эркин маалымат каражаттарын кысмакка алууга --> http://azattyk.kg/rubrics/free_speech/ky/2008/03/0D2FD691-43DF-4C47-8E52-FCD947774D06.asp жол берет деген кооптонуу айтылат.

Президент Курманбек Бакиев аталган өкмөт кеңешмесинде азыркы бийлик жүргүзүп жаткан саясаттын элге түшүнүктүү тилде жеткирилбей, маалымат каражаттарында ушак-айың деңгээлиндеги кептер менен бийликти сынга алган пикирлердин көбөйүшүнө президент менен өкмөттүн басма сөз кызматтарынын ыкшоолугу жана өкмөт мүчөлөрүнүн бардык маселеге токпейил карагандыгы негиз берди деп, аларды маалымат каражаттары менен тыгыз иштешүүсүн:

- Силер маалымат каражаттары менен иштөөнү качан баштайсыңар? Болгон ишти болгондой кылып качан чагылдырасыңар? Ачыктыктын, тактыктын жоктугу так ушундай божомолдорду жаратып жатпайбы! ,- деп талап кылып, өзүнөн интервью алган орусиялык “Время новостей” гезитинин кабарчысы Аркадий Дубновдун айтканын мисалга тарта:

-Кыргызстанда эч кимге көз карандысыз адам Аркадий Дубновдун айтканын уктуңарбы? Ал бизде кээ бир адамдар эркиндик дегенди жеке өзүм билемдик катары сезип, кимди, кандай кааласа каралай берет экен жана ага эч ким жооп бербейт экен деп айтты. Муну башкы прокурор баштаган тартип коргоо органдары байкабай, бизде басма сөз эркин деп мемиреп жүрүшөт. Кечирип койгула, айткан сөздөрү үчүн жооп бериши керек да! Эгер туура сын айтса, андан жыйынтык чыгаргыла. Эгер баштан аяк каралап жатса силердин унчукпай отурганыңар эмнени билдирет?,- деп, тартип коргоо органдарын сергек болууга чакырган.

“Ата Мекен” партиясынын билдирүү тараткан жаштар канатынын лидери Жоомарт Сапарбаевдин баамында, президенттин мындай сөзүн тартип коргоо органдары түздөн-түз көрсөтмө катары кабыл алып, эркин басма сөздү кысмакка алышы ажеп эмес:

-Президент деген өлкө башчысы болгондон кийин анын оозунан чыккан сөздөрдүн баары расмий түрдө каржыланат. Ким билет, мүмкүн министрликте иштеген адамдар президенттин сөзүн буйрук катары кабыл алат. Президенттин ошондой сөзү кысымды ого бетер көбөйтүп жибериши мүмкүн. Ошондуктан президенттин сөзүнө дароо маани бербесек бир-эки жылдан кийин бизде эркин ММК деген түшүнүк жок калат.

Кыргызстандагы өкмөтчүл басма сөздүн бири - “Кыргыз туусу” гезитинин башкы редактору Жедигер Саалаев болсо “Ата мекенчилердин” кооптонуусуна жөн жерден айтылган пикир катары макул эмес:

- Бул жерде айтылган сөздөрдү бурмалап түшүнүүнүн зарылдыгы жок. Президент ар кандай ушак-айыңдарды таратууга жол бербей, ишти болгонун болгондой жеткирүүдө басма сөз кызматы чабалдык кылып жатат деп гана айтты да. Башка бир маалымат каражаттарын түздөн-түз тизгиндөө тууралуу сөз да болгон жок.

Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын ишин дайыма байкоо салып турган “Журналист” коомдук бирикмесининин жетекчиси Марат Токоев болсо оппозициячыл партиянын тынчсыздануусуна негиз бар деген ойдо:

-Президент бул сөзүн айтпаганда эле акыркы иш-чаралардын бардыгы акырын-акырын ошол багытта бараткан болчу. Сот иштерин иликтеп келсек, алардын көбүнчөсү оппозициялык маанайдагы гезиттерге багытталган. Азыр бийликти сындай алган бир дагы телекомпания жок калды. Акыркы аралча катары Жалалабаттагы “Сентябрь” телекомпаниясы эсептелчү. Жакында анын антеннасы турган жерди да тартып алышып, эфирге чыга албай калды. Курманбек Салиевич чектөөлөр керек дегендей сөз айтты, бул сөзсүз түрдө кооптондурат.

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев мындай кооптонууга негиз жок деп, президенттин талабынын мазмунун төмөнкүчө чечмеледи:

-Мындай тынчсызданууга эч кандай негиз жок. Президент массалык маалымат каражаттарынын иши жөнүндө айткан кезде ушак-айыңдар жана экстремисттик идеяларды же эл аралык терроризмдин кээ бир чакырыктарын колдоо ММКда тымызын түрдө бар экендиги тууралуу айтты. Албетте президент аны ачык айта алган жок, а биз айтып коюшубуз керек. Президент мына ушундай учурларда ММКлар жана башка мамлекеттик органдар мыйзамды сактоосун талап кылды. Анткени бул мыйзамдын талабы. Ал эми сөз эркиндиги бар экендигин ММКлардын өзүнөн карап көрсөк болот. Кандай гана маалыматтар, кандай гана сындар жок. Ошондуктан, куугунтук болуп жатат деген ойлорго эч кандай негиз жок. Тескерисинче, Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы эң жогорку деңгээлде деп ишенимдүү айта алабыз.
XS
SM
MD
LG