Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:07

Премьер-министр Игорь Чудиновдун 4-январдагы көрсөтмөсүнүн негизинде кыштагы зилзаладан --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/01/2A99C3DB-F86D-49D7-A5AB-3B01F09CF367.asp катуу жабыркаган Ош шаарындагы Ленин көчөсүнүн 351-үйүндө жашаган 36 үй-бүлө окуу жайлардын жатаканаларына көчүрүлүп, аларга инвестор таап, ошол эле Ленин көчөсүндөгү эски жайына көп кабаттуу квартира куруп берүү жагы мэрге бекем милдеттендирилген. Учурда мамлекеттик комиссия аталган көп кабаттуу үй ремонтко гана муктаж деген тыянагын колго карматса, ЖОЖдор «көчүп кеткиле!» деп жабырлануучуларды түйшүккө салганы маалым болду.

Өзгөчө кырдаал министрлигинин маалыматы боюнча, адегенде Оштогу көп кабаттуу алты үй жер титирөөдөн улам талкаланып, жашоого таптакыр жараксыз деп табылган. Айрыкча Ленин көчөсүнүн 351-үйүндө жашаган 36 түтүн, тактап айтканда, 100 чакты киши олуттуу жапа чеккендиктен, премьер-министр Игорь Чудинов 4-январда Ошко жасаган сапарында жабырлануучуларды токтоосуз коопсуз жайларга көчүрүп, инвестор таап үй куруп берүү жагын мэр Жумадыл Исаковго элдин көзүнчө катуу табыштаган:

- Көрүп чыктым. Кудайга шүгүр, өлүм-житим жок. Албетте бул үйдө жашоого таптакыр мүмкүн эмес. Ошондуктан, азырынча жатаканаларга көчүрөбүз. Бирок чочулабагыла, 36 үйбүлөнүн ар бирине сертификат тапшырабыз. Инвестор таап, сөзсүз жаңы үйлөрдү куруп, сиздерди ошол сертификаттын негизинде толук шарты бар квартираларга киргизебиз, - деп убада кылган эле өкмөт башчы Игорь Чудинов 2008-жылдын 4-январында Оштогу жабырлануучулар менен жолукканда.

Учурда Ош мамлекеттик университетинин жатаканасында жашап жаткан жабырлануучу Гүлмира Жаркынбаева мамлекеттик комиссия Ленин көчөсүнүн 351-үйү капиталдык ремонтко гана муктаж деген тыянакка келгендигин, премьер-министр Чудинов, Жогорку Кеңеш төрагасы Мадумаров убадасына турбагандыгын, муну уккандан бери окуу жай жетекчилиги «көчкүлө!» деп жатышканын билдирди:

- Чудинов, Мадумаров келип үй салынат бул жерге деп кетишкен. Эми азыр ремонт болот деп чыгарып салыптыр. Аны качан кылат дагы белгисиз. Ушинтип жатаканаларда жашап жүрөбүз, бул жерден деле чыгарабыз деп атышат. Анда кайдай барабыз билбейбиз.

Ал эми аталган университеттин профилакториясында убактылуу жансактаган Сонунбү Козубаева да эски үйүнө кайтып барышкан күндө деле кичине жер силкинсе, кыйрап басып калат деген маанайда:

- Чудинов келип айтты эле инвестор болот, ошону менен жаңы үй салып беребиз деп. Эми капремонт деп атат, үстүнкү кабатта жашаганга болбойт, алдынан да жарака кеткен. Жер дагы силкингидей болсо, жөн эле басып калат.

Ош шаардык өзгөчө кырдаал башкармалыгынын жетекчиси Эркин Бейшеев 351-үйдө мындан ары жашоо чындап кооптуу экендигин жашырбайт. Бирок мамлекеттик комиссиянын чечимине баш ийбеске аргасы жоктугун белгилейт:

- Премьер-министр, Жогорку Кеңеш төрагасы келген убакта жашаганга болбойт деп айтышкан. Коопсуздук бар. Үйдү изилдөө институту тыянагын чыгарып беришкен, ал тыянак боюнча бул үйдү кайра куруш керек деген. Ошого байланыштуу бул үйгө кирбей калган.
XS
SM
MD
LG