Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:50

БОЗГУНДАГЫ УЮМ КАРАКАЛПАКСТАНДЫН ЭГЕМЕНДИГИ ҮЧҮН КҮРӨШӨӨРҮН ЖАРЫЯЛАДЫ


Каарманбек Кулуев, Бишкек Буга чейин кеңири маалым болбогон “Эркин Каракалпакстан” аттуу өзбекстандык саясий топ жакында интернет аркылуу билдирүү жасады. Бул бейрасмий партия өкүлдөрү Каракалпакстан аймагы расмий Ташкенден эгемендик алышы керек деп санашат. Өзбекстандын батышында жайгашкан бул автономиялуу аймак өлкөнүн дээрлик үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Өз кезегинде Санди Таймс (Sunday Times) гезити аталган аймакты “дүйнөдөгү эң начар акыбалга кириптер болгон жер” деп сүрөттөгөн. Каракалпакстан эли жакырчылык, жумушсуздук жана Арал деңизинин айланасындагы жаратылыштын экологиялык бузулуусу сыяктуу чоң көйгөйлөрдөн жапа чегип келет. Каракалпакстандык жикчилер бул көйгөйлөрдү чече албады деп расмий Ташкенди айыптоодо.

Бозгундагы бул саясий уюм өзүн “Эркин Каракалпакстан улуттук кайра жаралуу партиясы” деп атайт. Анын мүчөлөрү Өзбекстандын азыркы авторитардык бийлигин “каракалпактарды этнос катары тукум курут кылып жатат” деп күнөөлөшөт.

Интернет мейкиндигинде бул уюмдун колдоочуларын издеген жана өзүн Эрназар Коңуратов деп атаган киши 5-мартта партиянын атынан кайрылуу таратты. Анда Каракалпакстан кыргынга, башаламандыкка, жакырчылыкка жана табигый кырсыкка батып калганы айтылып, расмий Ташкенден көзкарандысыздык алуу тууралуу референдум өткөрүү маселеси козголгон. Коңуратовдун негизги чакырыгы – каракалпактар коркуп жүрө бербей, улуттук таламын талашуу үчүн биригиши керек.

Көпчүлүк каракалпак жаштары мындай чакырыкты колдоп чыгышы ажеп эмес дейт Каракалпакстандагы укук коргоочу Салижан Абдурахманов:

- 1980-жылдары төрөлгөн каракалпактар азыр отуздун айланасына келип калды. Алар чет өлкөгө байма-бай чыгып, мекениндеги кырдаал кандай экенин түшүнүп калышты. Мындан сырткары, Орусияда жана Казакстанда иштеп келген жаштар эгемендүүлүк идеясын колдошу мүмкүн. Анткени алар орустардын жана казактардын жашоо шарттары кандай өзгөрүп, экономикасы кандай өскөнүн көрүп келишти. Булардын ою боюнча, Каракалпакстандын артта калып калганына Ташкендеги бийлик күнөөлүү.

Арийне, эгемендик идеясын колдобогон каракалпактар да бар. Мисалы, Каракалпакстандын борбору Нөкис (Нукус) шаарынын чет жакасында жашаган Кубай Артыков аттуу дыйкандын оюн угалы:

- Өзүн Улуттук кайра жаралуу партиясы деп атаган уюм коомубуздун түпкүрүндө калган бей-бечералардан турат. Каракалпакстан Өзбекстандын курамында болгонунан эч кандай жапа чекпейт. Каракалпактар Өзбекстандын каалаган бурчунда ээн-эркин жүрө алышат. Менин оюмча, бул уюм бизди ич-ара бөлүп-жаруу үчүн негизделген.

Өзбекстандын ичинде жерине карап бөлүнүү мурдатан эле болуп келген. Каракалпактар жана казактар жыш байырлаган Каракалпакстандан сырткары, ферганалык, хорезмдик, сурхандарыялык же кашкадарьялык өзбектер да бири-бирин өгөйлөп келет. Совет бийлигине чейинки доордо эле бул аймактар бири-биринен өз алдынча болгон хандыктарга жиктелип келген.

Совет заманынын алгачкы баскычында Каракалпакстан Кыргызстан менен бирдей эле автономиялуу облус болгон. Ал эми Кыргызстан Орусия менен теңата жумурият катары таанылып, СССРдин курамына жогорку макам менен киргенде, каракалпактарга автономиялуу республика деген гана макам берилген.

Эгемендүүлүк толкуну бул аймакка, жалпы союздагыдай эле, 1980-жылдардын ортосунда келген. Ал кездеги жикчилердин башында экономист Марат Аралбаев турган, дейт Нөкистеги укук коргоочу Салижан Абдурахманов:

- Ал кездеги улуттук кыймыл Халк Мапи, же Элдик Кызыкчылык деп аталчу. Анын башында Марат Аралбаев турган. Бирок өлкөдө Арал деңизинин айланасындагы экологиялык көйгөй күчөп, көзкарандысыздык маселеси унутта калган.

Аралдын суусу сугат иштерине арбын колдонулуп, соңку 60 жыл ичинде эле деңиздин үчтөн эки бөлүгү жок болду. Аймактагы туздуулук беш эсе көбөйүп, өсүмдүктөр жана жан-жаныбарлардын дээрлик көпчүлүгү тукум курут болду. Мындан сырткары, совет мезгилинде биологиялык куралдарды текшерүү үчүн да дал ушул Арал деңизинин аймагы колдонулган. Деңиздин кургап калуусунан улам аймак калкында кургак учук сыяктуу оорулар күч алды.

Каракалпактардын эгемендүүлүгү Баш мыйзамга ылайык оңой эле чечилчү маселе. Бул үчүн каракалпактардын көпчүлүгү референдумда көз карандысыздыкты колдоп добуш бериши керек. Бирок референдумду өткөрүү жөнүндөгү мыйзамды Өзбекстан парламенти кабыл алыш керек. Ал эми Каримовдун көзөмөлү астындагы парламентте мындай мыйзамды колдоочу депутаттар жокко эсе.

Анын үстүнө, көз карандысыз Uznews интернет басылмасы 20-февралда жарыялаган маалыматка ылайык, Каракалпакстанда 2 триллион куб метрге жакын газ жана 2 миллион тоннага жакын мунай жана башка отун ресурстары бар. Андыктан, иш жүзүндө, Каракалпакстан расмий Ташкенден саясий эгемендүүлүккө жетише албайт, дейт Ташкендеги саясат таануучу Ташболот Жолдошов:

- Менин оюнча, жикчилер тобу абдан алсыз жана өз максатына жетүү жолун так билишпейт. Бирок өлкөдөгү туруктуулукту бузууга алардын чамасы жетет.

Соңку жылдарда эле 200 миңге чукул киши Каракалпакстандан көчүп кетти деген такталбаган маалыматтар бар. Алардын көпчүлүгү коңшу Казакстанда отурукташкан. Расмий Астана муну колдойт, анткени Казакстандын эбегейсиз чоң аймагында жашаган элдин саны аз. Теги казак болгон тургундарды бул аймактан тарыхый атажурту Казакстанга көчүрүп кетүү үчүн расмий Астана тарабынан атайын Оралман программасы кабыл алынган. Ал эми Каракалпакстанда жашагандардын оодук бөлүгү - азактар. Анын үстүнө каракалпактар да өзүн өзбектерге караганда казактарга жакыныраак эл деп эсептешет.

Учурда Өзбекстан Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө. Ал эми бул уюмга кирген Орусия, Кытай сыяктуу мамлекеттер ар кандай жикчилик кыймылга каршы бири-бирин колдоого даяр экендиги да маалым.

Сүрөт orexca.com интернет баракчасынан алынды.
XS
SM
MD
LG