Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Т.МАЙМАШЕВДИН “ТАБЫШМАКТУУ ТАГДЫРЛАР” ТАСМАСЫНЫН БЕТАЧАРЫ


“Манас”кинотеатрында бүгүнтөн тартып 20-апрелге чейин кинорежиссер Темирлан Маймашевдин “Табышмактуу тагдырлар” көркөм тасмасы жүрөт. Аталган тасманын максаты – карапайым элдин социалдык абалын алып чыгуу болгон.

Кинорежиссер Темирлан Маймашевдин “Табышмактуу тагдырлар” тасмасы мурда тартууга алынып, көрүүчүлөргө сунушталган “Күзгү жалбырак”, “Туңгуюк” фильмдеринин уландысы. Негизинен аталган тасмаларда Алтынай аттуу кыздын оор тагдыры аркылуу Кыргызстандагы көпчүлүк элдин жакыр турмушу, коомдогу жеп-ичерлик, жаш муундун психологиясы өңдүү проблемалар козголгон. “Күзгү жалбырак” менен “Туңгуюкту” көргөн студент кыз Акмарал уландысын күтүп келгенин айтат:

-Мен мурда Алтынайдын аянычтуу тагдырын сүрөткө алган “Күзгү жалбырак” жана “Туңгуюк” тасмаларын көргөн элем. Аягында Алтынайдын тагдыры кандай болор экен деп, бул жаңы тасманын тартылышын күтүп жүрдүм эле.

Тасма Бишкекте, Ысыката жана Аларча эс алуу жайларында тартылды. Тасманын сценарийин жазган Темирлан Маймашев турмушта көрүп-билип жүргөн адамдардын тагдырын чагылдырганын айтат:

-Окуя турмуштан, мен өзүм көрүп-билип эле жүргөн адамдардын тагдырынан алынды. Эми азыр бай-кедей болуп бөлүнүп калбадыбы коомубуз. Экинчиден, биз ошол бардар адамдардын көңүлүн тасма аркылуу жакыр адамдардын жашоосуна бургубуз келди.

Тасмада бир канча адамдардын тагдырлары тартылып, адамдардагы караниеттик, экижүздүүлүк өңдүү сапаттарга удаалаш адамдагы боорукерлик, кайрымдуулук, чынчылдык сезимдери көтөрүлгөн. Тасманын директору жана демөөрчүсү Рахат Шамшиева тасманын тарбиялык жагына токтолду:

-Албетте тасманын жаштарга тарбиялык мааниси чоң. Бул жерде мектеп окуучулары да катышат. Бүгүнкү күндө көп эле болуп жатпайбы... Окуучулар мугалимдерге билдирбей, өз алдыларынча тоого эс алганы кетип калышат. Ал жактан айрымдары ичип алып, аягында жөн жерден Алтынайдын баласы Муратка таш тийип, ооруканага түшөт.

Жаш актер Адилет Кыдыралиев ролун ойногон Мурат же Мукай тасмадагы окуянын өнүгүшүндө акыры баш каарман Алтынайдын уулу болуп чыгат. Адилет Кыдыралиев Бишкектеги Суворов атындагы аскер окуу жайын бүтүргөн. Ал тасмага тартылуу оңой эмес экенин айтат:

-Бир топ эле кыйынчылыктар болду. Мага албетте башкы режиссердун, тасманын директорунун жардамы чоң болду. Кесибим – аскер адамы. Бирок тасмага тартылгандан кийин чыгармачылыкка да кызыгуум артып калды.

Темирлан Маймашевдин “Табышмактуу тагдырлар” кинотасмасы Бишкекте “Манас”кинотеатрында 20-апрелге чейин жүрүп, андан кийин республиканын аймактарына да чыкмакчы.
XS
SM
MD
LG