Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:27

7:58 “Чегара кызматы жөнүндө” мыйзам долбооруна кол коюлду


Президент 2-апрелде “Чегара кызматы жөнүндө” мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу мыйзамына кол койду. Ага ылайык чегара кызматына терроризмдин алдын алуу, аныктоо, чара көрүү жана каршы күрөшүү чегара кызматынын милдети экендиги боюнча толуктоолор киргизилди. Чегара кызматы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациялар менен бирдикте иш алып барууда, оперативдик–кызматтык ишмердүүлүгүндө чегара кызмат органдары жергиликтүү бийлик органдарынан жана башкармалыктарынан күнкорсуз экени каралды.
Ошондой эле чегара кызматынын аскер кызматкерлерин социалдык жактан коргоо боюнча тиешелүү толуктоолор да мыйзамга киргизилди. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG