Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26

Муса Мураталиев, Москва 1-апрелден тарта Орусияда аскерге чыкыруу кампаниясы башталды. Ушул жаздан тарта өлкөдө уландарды аскерге алуу бир жылга чегерилгени дайын болууда. Ошону менен катар мыйзам арибине ылайык аскер кызматынан бошотууга укуктуулар саны кескин кыскартылганы да айкын болууда. Орусиялык куралдуу күчтөр катарына быйылкы жылы уландарды чакыруу 15-апрелге дейре созулмакчы. Бардыгы 133 миңден ашуун улан аскерге алынмакчы.

Орусияда буга дейре аскерден калуунун мыйзам укук берген 25 шылтоосу болгон экен. Быйыл Генштаб менен Коргоо министрлиги аскерге арбын улан керек болгонго байланыштуу анын тогузун жоюп салган. Ошол себептен быйыл аскерге чакырылган уландар жубайы кош бойлуу болсо да, же 3 жашка чейинки баласы болсо да, же элет жерде доктур болуп, мугалим болуп ишетесе да, майып туулган балалуу болсо да же өкмөттүн карамагындагы ишканаларда иштеп атса да аскерге алынып калды.

Курагы боюнча ала келгенде 18ден 27 жашка чейинки жаштар чакырылууда. Аскерге баш аягы 133 200 улан алынууга тийиш. Бул былтыркы жылга салыштырганда миң уланга артык экен.

Генерал Василий Смирнов айтканга караганда, башка цивилизацияга жеткен мамлекеттер катарында Орусиянын куралдуу күчтөрү – офицерлердин арбын болуусу менен айырмаланат.

«Орусияда аскерде жүргөндөр жалпы эсебин ала келгенде офицерлер эсеби катардагы аскерден 40 пайызга арбын. Башка мамлекеттерде бул көрсөткүч такыр башка. Маселен, Кошмо Штаттар, Британия, Франция жана башка өнүккөн өлкөлөр аскерлеринде офицерлер саны катардагы аскер эсебине салыштырганда 16 пайызга жетет», - деп жазат «Независимая газета».

Орусиялык аскер энелери комитетинин төрайымы Мельникова айтканга караганда, кийинки учурда уландарды босогосунан милиция күтүп туруп кармап кетип, аскерге алуу адаты пайда болгон. Андай жоруктун бири, бул күндөрү, Санкт-Петербургда болгон. №53 мектептин 11-классында окуп аткан Александр Тимофеевди Фрунзе райондук аскерий комитетинин өкүлү милиция менен бирдикте мектептин босогосунан кармап кетишкен. Уландын атасы жок, бир нече жаш ини-карындашы бар экенине карабай аскерге алышкан. Уландын энесинин сотко кайрылуусу да суу кечпей кала берген.

Орусиялык аскер энелери комитетинин төрайымы Валентина Мельникова айтканга караганда аскерден калуу үчүн азыр пара берүү майыптар үчүн да таркап кеткен:

-Ак билет үчүн аскерге чакырылган улан акы төлөйт. Кай бири эки миң, кай бири беш миң доллар. А чындыгында билет үчүн ал эч кандай акы төлөбөгө тийиш болчу.

Азыркы тушта орусиялык армиянын жаңылануусу али эрте экенин башка анализчилер каңкуулашат. Аскерге алынгандар азыр дегинкиси жумушчу дыйкан тукумдары экенин көзкарндысыз талдоочу Виктор Боронец айтат. Анын айтканына караганда кийинки учурда Генштаб талабы менен аскер кызматын өтөгөндөрдү эпке көнбөсөңөр Чеченстанга жиберебиз деп коркутуу жолу менен келишимге кол койдуруп аскер катарында алып калуу адаты пайда болгон.

Андан сырткары аскерий турмушта алдуулары алсыздарын уруп-сабоо мурдагы бойдон экенин "Атуул жана армия" коомунун жетекчиси Сергей Кривенко айтат:

-Биз билген дедовщина мурдагы эле боюнча. Аскерде кызмат өтөөнүн мөөнөтүнүн кыскарышы - укук бузуу жагдайдагы абалды өзгөртүп ийбейт.
XS
SM
MD
LG