Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

10:00 Токон Мамытов: кыргыз-казак чегарасын делимитациялоодо биз мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыгын карадык


Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Токон Мамытов “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирген. Анын айтуусунда Каркыра өрөөнүндөгү 620 гектар жер менен Сынташ айыл өкмөтүнө жакын жайгашкан 1200 гектар жерди алмаштыруу боюнча кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиясы ишинде мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыгын карады. Коопсуздук кеңеш катчысынын айтуусунда Казакстандан берилүүчү жер суулуу, эгин айдоого жана мал багууга жарактуу жер.
Каркыра өрөөнүндөгү 620 гектар жерге байланыштуу 2003-жылдагы кыргыз-казак келишимин мурдагы Жогорку Кеңеш мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирет, деп ратификациялоодон баш тарткан. Жергиликтүү тургундар бул аймакта мал багууга ыңгайлуу, жаратылыш кендерине бай жер деп белгилешет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG