Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:37

10:55 Вице-спикер К.Исабеков Кумтөр кенине байланыштуу маселе боюнча дагы сотко кайрылды


Кубанычбек Исабековдун журналисттерге айткан сөзү боюнча бул жолу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан Кумтөр алтын кенинин айланасындагы жерлер мыйзамсыз изилдөөгө берилгенине байланыштуу маселе козголуп атат. “Жаңы кендер тууралуу мыйзам боюнча бул жерлерге кайра баштан тендер өткөрүлүүсү тийиш болсо да, бул агенттиктин жетекчиси Владимир Зубков ага карабай уруксат берип койгон”, - дейт Кубанычбек Исабеков. Минералдык ресурстар жана геология агенттиги уруксат Башкы келишимдин негизинде берилгенин айтып келгени белгилүү. Буга карата пикирин билдирген вице-спикер аталган келишим парламенттин ратификациясынан өтпөгөндүгүн, бул болсо келишимдин күчсүздүгүн көрсөтүп турат, деп эсептейт. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG