Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:47

11:55 Президент К.Бакиев Ысыккөл облусунун губернатору Кыдыкбек Исаевди кабыл алды


Мамлекет башчы облустагы социалдык–экономикалык абал, жазгы талаа иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат алды. Губернатордун берген маалыматы боюнча бүгүнкү күндө колдогу айыл чарба тракторлорунун 88,9%, соко, үрөн сепкичтердин 90% жазгы талаа жумуштарына даяр. Ысыккөл районунда буга чейин 160 гектар жерге айдоо иштери жүргүзүлдү.

Кыдыкбек Исаев ошондой эле 500 тонна үрөн жетпей жатканын айтып, бирок бул проблема 10 млн сом бөлүп берген микрокредиттик агенттик аркылуу чечилээрин айтты. Андан тышкары, ушул жуманын акырына чейин мамлекеттик матрезерв аркылуу 1600 тонна солярка жеткирилет. Ошондой эле 62 миң кайрак жерди өздөштүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп, жаңы технология боюнча тамчылатып сугаруу системасынын жардамы менен бул жерлерди суу менен камсыздоо маселесин чечүү пландаштырылууда, дейт губернатор. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG