Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

12:48 Азия Өнүктүрүү Банкы: Кыргыз экономикасы революциядан бери эми гана өнүгө баштады


Азия Өнүктүрүү банкы шаршембиде жылдык отчетун жарыялады. Анда айтылгандай, 2005-жылдын мартындагы ыңкылаптан бери алгачкы ирет 2007-жылы кыргыз экономикасында динамикалуу өсүш байкалган. Глобалдык экономикадагы чоң өзгөрүүлөр азырга чейин республиканын экономикасына анча чоң таасирин тийгизбей келгени менен, мунайга жана тамак-аш азыктарына баанын дагы өсүшү Кыргызстандын экономикасында кыйынчылыктарды жаратат, деп айтылат докладда. “Жоогазын ыңкылабынан” үч жылдан кийин деле өлкөдө саясий туруксуздук болуп кетиш мүмкүнчүлүгү жогору. Ошентсе да, азыркы өкмөттө “жасалма туруктуулук” бар. Анткени азыркы өкмөт парламентти толугу менен көзөмөлдөйт, ал эми калк митинг-демонстрациялардан тажап калган. Ошондуктан экспорттун төмөндүгү, сырттан келчү инвестициянын аздыгы, жумуш орундарынын жетишсиздиги өңдүү факторлордон калыптанчу жагымсыз жагдай анча оор сезилбеши мүмкүн, делет Азия өнүктүрүү банкынын 2007-жылга карата чыгарган отчетунда. Экономикалык өсүштү жогорулатыш үчүн Кыргызстанга адистерди даярдоо менен эле чектелбей, инвестициялык климатты жакшыртуу үстүндө ишти күчөтүү сунуш этилди. Бул үчүн мамлекет менчиктештирүү иштерин ачык жүргүзүп, эффективдүү коомдук жана административдик кызматтарды түзүшү, башкаруучулук менен экономикалык саясатын жүргүзүү ишинде ийгиликтерге жетиши зарылдыгы белгиленди. (TD)

XS
SM
MD
LG