Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

АП-ИТ-АЛ- ИЗМ + БҮТКҮЛ КЫРГЫЗСТАНДЫ ТЕЗЕКТЕШТИРҮҮБҮ?


“Де-факто” жаңы санындагы адвокат Автандил Сакыбаевдин президент Бакиевге жзган ачык каты “Тезек бериңизчи, коңшу аке!” деп аталат. Кат мындай башталат: Курманбек Салиевич, сиз узакка созулган, ырасса эс алуудан келип өкмөт мүчөлөрү менен өткөргөн жыйында, кризистен чыгуунун жолун айтмак турсун ого бетер элдин үрөйүн учурдуңуз го. 21-кылымда жашап атып, кык-тезек камдагыла, кышында тезек жагабыз дегениңизди кандай түшүнсө болот? Кымбатчылыктан кыйналып, ачкачылыктан кабыргасы кайышып, бүтүндөй коом депрессияда турган чакта ушул сөзүңүз ого бетер элди төбөгө бир салгандай болду. Тезек жаккыла дейсиз. Эми коңшу мамлекеттерге тезек сурап кайрылыңыз, Кыргызстан жалдырап сурай элек ушул эле тезек калды эле. Айтыңызчы, Курманбек Салиевич, Кыргызстанды эле эмес мурунку союзга кирген мамлекеттерди көмүр менен камсыз кыла ала турган Кара-Кече кени бүгүн кандай абалда? Эларалык көз карандысыз финансисттердин катышуусу менен бир ирет аудит өткөрүп койбойсузбу? Алардын айткан-дегендеринин жыйынтыгы менен таанышып алып, ошондон кийин кайран кыргыз эли тезектин камын көрөлү, деп кайрылды.

Ушул эле гезит “Алтынды аткезчилик жол менен чыгарып кетүү. Жогорку Кеңештин 12-сессиясында окулбай калган маалыматтар, же легендарлуу алтын комиссиясы: Акаев, Бирштейн жана “Сиабеко” сырлары” деген аталыштагы жалаң документтер аркылуу тастыкталган макаланы, андагы 1 миллион 195 доллардын кантип жоголгону менен окурмандарды орус тилинде тааныштырат. Ошондой эле экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун интервьюсу, экс-губернатор Накен Касиев менен ЖК депутаты Мурат Жураевдин алым сабагы, “Эркин-Европа-Азаттык” үналгысынын Кыргыз кызматынын деректири, тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегиндин гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекова менен аңгеме-дүкөнү жарык көрдү. Сөз эркиндиги туурасында сөзүндө профессор Тынчтыкбек Чоротегин мырза, ыңкылаптан бери Кыргызстандагы кырдаал алда канча дурус жагына адым жасаганын белгилеп, бирок жөжөнү санай турган күз али алдыда. “Алиби”, “Де-факто” гезиттерине байланыштуу сот жараяндары, Жалалабаттагы “Сентябрь” эркин сыналгысынын ишмердүүлүгүнө карата тоскоолдуктар жергиликтүү укук коргоочуларды тынчсыздандырып жатат. Эгерде президенттин жакындары өлкөдөгү эркин басма сөзгө карата ыңкылапка чейинки сот аркылуу гезитти банкрот кылдырган ыкманы кайра жандандырууда демилгечи болбой, өздөрүнө карата айтылып келаткан сынга айкөл мамиле жасаса, анда алар президентти да, жаңы Конституцияны да, элдин эркин маалымат каражаттарын чыңдоого карата талабын да урматтаганын көрсөтөр эле деп айтты.

“Жаңырык апта” гезити аркылуу “Ар Намыс” партиясынын түштүк аймагы боюнча координатору Бөдөш Мамырова да тезек темасына арнаган макаласында, президенттин эс алуудан кийинки өкмөт жыйынынан сүйлөгөн сөзүнөн ар бир Кыргызстандык жыйынтык чыгарып, эмитен эле отун, көң, тезек даярдап албаса абал кыйын болчудай. Анткени “ишенген кожоң сууга акса, алды-алдыңдан тал карма” дегендей, элди мындан ары багып кетүүгө өкмөттүн чама-чаркы жетпестиги белгилүү болуп калды. Эми тезек сатмай дефицитке айланбаса болду десе экономика илимдеринин доктору А.Сарыбаев “Кыргыз улутунун 80 пайызы жакыр” деп эсептейт. “Эмне үчүн мындай болууда? “ деп суроо коюп, кайра ага өзү жооп берген экономист мырза, азыр жумушу, үй-жайы жок, кыйналып жакыр жашагандардын, коңшу мамлекеттерге тентип кетип жаткандардын 80 пайызын кыргыз эли түзөт. Кыргызстанда жашаган башка улуттун минтип бүтүндөй кыйналып, тентип кеткендери жокко эсе. Муну экономикалык проблема катары санап жүргөндөр жаңылышат, бул деген өтө чоң саясый-социалдык маселе. Кыргыздарды ушул акыбалга алып келлген мамлекет жетекчилеринин саясатын мамлекеттик саясат эмес эле геноцит саясаты деп атоого толук негиз бар. Тилекке каршы бизде ошондой саясатты жасагандардын эң башкы демилгечиси катары айтылчу президенттер, эл башчылары Конституцияда “түшүнүп-түшүнбөй, билип-билбей кылган кылмыштары үчүн жооп бербейт” деп жазылып калган. Ал мыйзамды азыркы оппозиционер, атактуу Ө.Текебаев баш болуп жазып, кол коюп, колдоп коюшкан. Мына ошол “билип-билбей” кылган саясат өлкөнү ушул жагдайга кептеп, мамлекеттин өзөгүн түзгөн кыргыз элинин тентип кетишине, кор болуп күн көрүшүнө, илим-билим жагынан дегредацияга учурашына, бирөөлөрдүн колун карап жалтактап жанбагуусуна алып келди деп айтты. Гезит ошондой эле президент Бакиев “пансионаттар Казакстанга 49 жылга арендага берилет” деп айтканына карыш макала басып, көлдүктөр “Акыл ордо” аттуу коомдук кеңеш түзүп, анда 4 пансионат менен Каркыраны казактарга бербейбиз деген чечим кабыл алышканын, бийлик ошентип бүгүн өзүнө элди каршы койгонун, кими жеңилип, кими жеңээри жакын арада айгине болорун маалымдады.

Ушул эле темага орус тилдүү “Общественный рейтинг” гезити да кайрылып, “Ак жол” партиясынын парламенттеги фракциясы Ысык-Көлдөгү 4пансионатты Казакстанга арендага берүү демилгесин колдоп чыкканын кабарлады. Өз сөзүндө вице-спикер К. Исабеков да казактар менен мамилени бузбоо зарылдыгын, анткени ушу тапта коңшу өлкөдө 150 миңге жакын кыргыз иштеп жүргөнүн, казактар менен мамилени бузуп алсак биздин жарандарга куугунтук башталарын, ошон үчүн пансионаттарды убактылуу пайдаланууга берип, бирок келишимди бекем түзүү зарылдыгын белгилегенин коментарийлеп басты.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG