Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:27

Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Учурда энергетикалык --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/03/F4F32801-CD04-4108-B56B-A51D7276B6AD.asp кризистен чыгуунун жолдору тууралуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна КМШ өлкөлөрүнө эмгек сиңирген энергетик Райымбек Мамыров жооп берди.

-Райымбек мырза, кечээ өкмөт башчы Игорь Чудинов электр кубаттуулугуна баалар 12 пайызга кымбаттайт деп билдирди. Бул албетте карапайым калкка кедергесин тийгизбей койбойт. Муну алдын алуу боюнча өкмөт эмне кылышы керек?

-Негизинен, жылуулук энергияга баанын көтөрүлүшү бул объективдүү деп эсептейм. Себеби муну эл аралык бааларга, же болбосо башкача жакта кымбаттап жатат деген менен байланыштыруунун кереги жок. Бул өзү Кыргызстандын энергетикасында иштеп жаткан тетиктердин, башка нерселердин бүгүнкү күндө 40 пайыздан 70 пайызга чейин эскиргенине байланыштуу жай мезгилинде эртерээк ремонт жасап алыш керек деген аракет менен 12 пайыз болуп жатат.

Экинчиден, 12 пайыз көп нерсе менен салыштырганда анчалык көп акча эмес. Ошон үчүн өкмөт биринчи кезекте жетишсиз үйбүлөлөрдү эсептеп, аларга бюджеттен алдын ала бериш керек деп ойлойм. Менин эсебим боюнча ошол 12 пайыздан арткан акча айына 15 сом болот окшойт.

-Башкача айтканда, дүйнөлүк баа дебестен тарифтерди кармап туруу аракети болушу керекпи?

-Эми биз ички шартыбыз жөнүндө айтышыбыз керек. Энергетика билесиңер 100 пайыз өзүбүздү камсыз кылат. Ошон үчүн ал дүйнөлүк баага байланыштуу эмес. Болгону “Бишкекжылуулук” борборундагы газ боюнча айтсак болот. Ал деген он эле пайызды түзөт. Биздин өзүбүздүн энергетикага керек ал акча. Бирок ошол эле убакытта энергетиктерге дагы талап коюлушу керек, ички резервдерди пайдаланып, ошончо жоготууларды азайтып, төлөмдөрдү чогултуп, ошолордун бардыгын чогуу иштетип туруп, анан кышка даярдык көрүш керек. Менимче, ушундай шартта эл деле туура түшүнөт го деп ойлойм.

-Өзүңүз деле көрүп жатсаңыз керек, учурда шаардын кээ бир районунда эртең менен болобу, кечинде болобу жарык өчүп калууда. Анан айрым учурларда лифттерде камалып калган учурлар болуп жаткан экен. Дегеле электр кубаттуулугун өчүрүү графиги, же мөөнөтү тиешелүү органдар тарабынан алдын ала айтылып турушу керепи?

-Ошол жерде кичине жетишсиздик болуп жатат. Негизинен биздин эл Токтогул ГЭСинде суунун аздыгына байланыштуу чара болгонун түшүнүп калды окшойт. Ошол убакытта деле гезит, радиону пайдаланып, ар бир район, чоң шаарлар, көчөлөр боюнча мурдарак мынчадан мынчага чейин жарык өчүрүлөт деп айтса, эл ошого даяр болот. Сууну камдап алганга дагы даяр болот.

Андан сырткары оорукана, ушуга окшогон жерлер бар, ошол жерлерде өздөрүнүн автономный иштеп чыга турган электр кубаттуулугун колдонушу керек. Себеби сиз айткандай окуялар болбошу керек. Эл мурдараак билиши керек, бул деген энергектиктердин жумушу. Бул жеринен ушундай кемчилик болуп жатса керек. Кечээ президент дагы өз сөзүндө айтпадыбы.

-Энергетика тармагын менчиктештирүү маселеси дагы кабыргасынан коюлуп жатат. Сиз муну колдойсузбу? Дегеле ошол менчиктештирүүнүн оң жана терс жагына токтоло кетсеңиз?

-Менчиктештирүү боюнча мен дайыма айтып келем, аны бөлүп караш керек. Мисалы, электр кубаттуулугун иштеп чыгарып жаткан, же болбосо аны алыска берип жаткан “Улуттук электр тармактар” ишканасы менен “Электрстанция” ишканасында менчиктештирүү жөнүндө сөз болбошу керек. Бул биздин стратегиялык тармагыбыз. Ошол эле убакытта энергияны бөлүштүрүп сатып жаткан компаниялар жөнүндө сөз болушу мүмкүн.

Өткөн чакырылыштагы Жогорку Кеңештин курамында мен дагы ошол жерде “Түндүкэлектро” акционердик коомунун менчиктештирүү жөнүндө мыйзамын колдоп бергем. Азыр ошону катар караш керек. Эгерде ошол Түндүкэлектрону менчиктештирип туруп, калган үчөөн мамлекеттин карамагында карап, кайсынысы жакшы иштеп кетерин салыштырып көрүш керек. Мүмкүн мамлекет оңдоп кетээр.

-Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG