Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:08

Кошмо штаттардан тутанып, таасири азыр дүйнөнүн башка аймактарында да сезиле баштаган глобалдык каржылык кризистин эң түпкү жүйөөсү эмнеге байланыштуу? Анын мындан аркы кесепеттери кандай болушу мүмкүн жана алынуучу сабактары кайсылар? "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы Жереми Бранстен ушул жана башка суроолорго жооп алуу үчүн Британияда чыгуучу "Financial Times" басылмасынын экономика боюнча улук баяндамачысы Мартин Волфко ( Martin Wolf) кайрылган.

-Кошмо Штаттардагы азыркы финансылык кризис Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң оор кризис катары бааланып, глобалдык эркин базар капитализми жөнүндөгү кыялдардын кыйрашы тууралуу айтылган учурлар да болду. Биз капитализмдин англо-саксон моделиндеги кризисти көрүп жатабызбы?

-Ооба, менимче, иш жүзүндө биз муну өтө маанилүү чөйрөлөрдөн көрүүдөбүз. Бирок менимче бүткүл дүйнөнүн улам либералдуу экономиканы көздөй жылуусу толугу менен эле ката болгон эмес. Кошмо Штаттар кандайдыр бир деңгээлде мунун модели эле. Ал моделди көздөй баары абдан ийкем, абдан динамикалуу жана кыйла эле жөнгө салынбаган финансылык система менен жыла берди. Ошондо, менимче, бул жүрүш токтоп калды.

-Анда эмне үчүн дүйнөдөгү көпчүлүк АКШнын моделин туурады?


-Бул модел абдан ишенимдүү болгонун жүйөөсү Кошмо Штаттар дүйнөнүн эң бай өлкөсү эле экендигине эмес. Акыр аягында капиталисттик экономиканын өзөгү болгон АКШнын каржылык системасынын өнүгүүсү ийкемдүүлүк менен ишенимдин туюндусун бергенинде эле. Биз муну дүйнөнүн башка жеринен көргөн эмеспиз.

Бул системанын үстөмдүк кылган артыкчылыгы каржылык системанын кредит берүүнү даярдоо, карыз алуучулар үчүн капиталды камдоо, ал капиталды баалуу кагазга айлантып, үчүнчү тараптарга, аны узак убакытка кармагандарга: инвестициялык, пенсиялык фонддорго, камсыздандыруу компанияларына, ушул сындуу институттарга сатуу менен өзү алектенгенинде болчу.

Аталган модел азыр бузулууда жана улам бирин камтыган жолой менен бузулуп жатат. Себеби ал модел таянган рыноктордун көбү алты-жети айдан бери кыймылдабай турат. Алар жөн гана жоголоп кетти. Адамдар бул чөйрөлөрдө иш жүргүзө албай калды.

-Эми бул кризистин дүйнөгө тийүүчү кесепеттерине келсек. Европадагы жана дүйнөнүн башка аймактарындагы банкттарга анын капшабы канчалык катуу тиет. Биздин радионун берүүлөр тараган аймакта көп банкттар Батыш банктары тарабынан сатылып алынган. Алар да жабыр тартышы мүмкүнбү?

-Менимче өзгөчө өнүккөн дүйнөдөн накталай капиталдын агымына көз каранды өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн реалдуу коркунуч бар. Бул өлкөлөр ири өлчөмдөгү капиталдын келип туруусуна экономикасынын туруктуулугу үчүн көз каранды. Алардын күндөлүк банк эсептериндеги тартыштыгы чет элдик тикелей инвестициянын ордуна карызга алынган каражаттын эсебинен жабылат.

Албетте, белгилеп коюшубуз керек, эгер Кошмо Штаттарда олуттуу төмөндөө орун алса, Европанын экономикасына, Азиянын экономикасына таасири тиейт. Ошондой эле дүйнөлүк соодага таянган ачык жана чакан өлкөлөрдү да кыйгабай койбойт. Мунун түздөн –түз таасири экспортко, туризмге жана ушул сындуу нерселерге суроо –талаптын деңгээли аркылуу болот.

-Мунай, газ экспорттогон Орусия, Азербайжан, Түркмөнстан, Казакстан же дан өндүргөн Украина сыяктуу өлкөлөр үчүн баалардын асмандашы абдан пайдалуубу, же биз жакында дагы бир "көбүктүн" жарылуусун көрөбүзбү?

-Бул абдан, абдан чоң суроо. Мен бул жерде, өзгөчө соңку айларда эл керектөөчү товарлардын кымбаттоосунда көбүктүн элементтери болушу толук мүмкүн деген көз караштарды карап көрдүм. Бирок мунун бир бөлүгү, албетте, доллардын нарксызданышынын гана көрүнүшү. Мисалы, евро менен алганда доллардагыдай болгон жок. Бул - валютанын гана таасири. Ошондой эле баанын өсүшүндө бир жагынан Кытай сындуу кубаты артып келе жаткан өлкөлөрдөн суроо- талаптын күчөшүнүн да таасири бар.

Узак мөөнөттөн алганда камсыздоо, балким көбөйүп, суроо-талап орундалып, баалар түшөт. Мен буга таң калбайм. Бирок бул ортодон узак мөөнөткө чейинки аралыкта. Көбүк факторунун чектелүү экендигинин себеби, менимче, эгер мунун баары чайкоочулук гана болсо биз баалар тең салмактуулуктан жогору болмоктугун, бул товарлардын корунун көбөйүшүн күтпөкпүз. Демек, мындан улам мен бул көбүк эмес жана товарлардын баасы салыштырмалуу жогорку, бери дегенде 1990-жылдардагы деңгээлден жогору бойдон каларына жетиштүү негиздер бар деп божомолдой алам. Бирок бул алар сөзсүз соңку убактардагы деңгээлинде кармалат дегенди туюндурбайт.

-Биз бул кризистен чыккандан кийин глобалдык масштабда финансылык жөнгө салуунун жаңы дооруна киребиз деп ойлойсузбу?

-Менимче мунун баарынан кийин биз башка дүйнөдө жашоого камынабыз. Мен мурдараак айткандай бул канчалык олуттуу болорун биз билбейбиз. Мүмкүнчүлүктөр болсо кеңири. Финасылык чөйрөгө байланыштуу эки өзгөчө нерсе бар. Эң башкысы өтө оор сабак алынып жатканы айныксыз. Финасылык сектор абдан кыйын учурдан өтүүдө жана бул келечекте узак убакытка уланат деген шегим бар. Ага катар ал жүрүм – турумун өзгөртөт. Эгер финасылык сектордун жоготуулары чоң болсо, аны куткаруу көп иштерди талап кылса мен муну туура деп эсептейм. Биз муну алдыдагы бир нече айда көрөбүз.

Бирок кээ бир адистер жоготуулар али көп болот деп ойлошууда. Анда мен каржылык жөнгө салуулар түрдө багытта чыгат деп күтөм. Ушундан улам жакындагы макаламда азыр бурулуш учур экенин жаздым. Буга чейин алдыга жылуунун эң туура ыкмасы - финасылык рынокторду мамлекеттик көзөмөлдөөнү алып салууну барган сайын кеңейтүү деген түшүнүк болсо ал бул кризистен кийин, эң бери дегенде кийинки муун үчүн жарабай калды. Биз катаал жөнгө салууга келебиз. 1930-жылдардан, Улуу депрессиядан кийинкидей катаал эмес болсо да , бирок кысым болот. Себеби баш аламандык баарын абдан коркутту.

-Маегиңизге ырахмат.

Айткандай эле ушул апта башында АКШ өкмөтү финансы базарын көзөмөлдөө боюнча 1930- жылдардагы Улуу депрессия мезгилинен бери болуп көрбөгөндөй ири реформанын планын сунуш кылды. Финансы министри Генри Полсондун 31-марттагы жарыясына караганда, өлкөнүн финансы базарынын туруктуулугун бекемдөө үчүн биринчи кезекте АКШнын Борбордук банкынын ыйгарым укуктары дагы кеңейтилет. Ошондой эле ипотека жана кредит базарындагы көзөмөл да күчөтүлөт.

Сүрөт cer.org.uk интернет баракчасынан алынды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG