Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:58

17:55 Жалалабат шаар бийлигине жаңы аким тааныштырылды


Бүгүн Жалалабат шаарынын башчысы Дүйшөналы Мамасалиев кызматынан өз ыктыяры менен бошоду. Анын ордуна Тилек Акамбаев келип, шаар мэринин милдетин аткаруучу катары ишке киришти. Ал буга дейре Бишкектеги 1-май райондук бийлигин башкарып келген. Жалалабат шаар бийлигинин кызматкерлери менен аны президенттик администрациянын өкүлү Байыш Жуманазаров тааныштырды. Мындай маалымат мэрдин биринчи орунбасары Турдуназир Бекбоевден алынды. Журналисттер менен түшкө чейин жолугушкан Мамасалиев мэр болуп эки жыл иштеген маалындагы аткарган ишин айтып берген. Митингдерди шаардан 4-5 чакырым алыс жерде өткөрүүнү мыйзамдаштырган шаар кеңеш сессиясынын токтомун колдоорун, талашка түшкөн облустагы балдардын билим берүү борборунун тагдыры туура чечилгендигин билдирген. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG